Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 8
Закон КР от 17 апреля 2018 года № 40 "О товарных складах и складских свидетельствах" · ст. 8Статус: действует

Статья 8. Права и обязанности держателя залогового свидетельства

1.

Держатель залогового свидетельства имеет право:

1) требовать от держателя складского свидетельства удовлетворения требования, обеспеченного залоговым свидетельством;

2) зарегистрировать право требования на заложенную продукцию на основании залогового свидетельства в порядке, предусмотренном законодательством о залоге;

3) передавать залоговое свидетельство со всеми относящимися к нему правами третьему лицу путем совершения индоссамента без дополнительного согласия держателя складского свидетельства, если иное не предусмотрено гражданским законодательством или договором;

4) осуществлять иные права, предусмотренные законодательством о залоге.

2.

В случае неисполнения или ненадлежащего исполнения обязательства, обеспеченного залоговым свидетельством, держатель залогового свидетельства вправе обратить взыскание на продукцию, указанную в залоговом свидетельстве, в соответствии с законодательством о залоге.

3.

При погашении долга в размере обязательства перед кредитором, обеспеченного залоговым свидетельством, держатель залогового свидетельства обязан совершить индоссамент на залоговом свидетельстве и возвратить его держателю складского свидетельства.

4.

При совершении индоссамента в случаях, предусмотренных пунктом 3 части 1 и частью 3 настоящей статьи, держатель залогового свидетельства обязан направить письменное уведомление товарному складу и в уполномоченный государственный орган в сфере регулирования рынка ценных бумаг в срок, предусмотренный статьей 13 настоящего Закона.

Кыргызча
Күрөө күбөлүгүн кармоочунун укуктары жана милдеттери 1. Күрөө күбөлүгүн кармоочу төмөнкүлөргө укуктуу: 1) кампа күбөлүгүн кармоочудан күрөө күбөлүгү менен камсыздалган талаптарды канааттандырууну талап кылууга; 2) күрөө жөнүндө мыйзамда каралган тартипте күрөө күбөлүгүнүн негизинде күрөөгө коюлган продукцияга болгон талап кылуу укугун каттоого; 3) эгерде жарандык мыйзамдарда же келишимде башкасы каралбаса, күрөө күбөлүгүн ага тиешелүү бардык укуктары менен кошо кампа күбөлүгүн кармоочунун кошумча макулдугусуз эле, индоссамент жасоо жолу менен үчүнчү жакка берүүгө; 4) күрөө жөнүндө мыйзамдарда каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга. 2. Күрөө күбөлүгү менен камсыздалган милдеттенме аткарылбаса же талаптагыдай аткарылбаса, күрөө күбөлүгүн кармоочу, күрөө жөнүндө мыйзамга ылайык күрөө күбөлүгүндө көрсөтүлгөн продукцияны өндүрүп алууга укуктуу. 3. Кредитор алдындагы күрөө күбөлүгү менен камсыздалган милдеттенменин өлчөмүндөгү карызды жоюуда, күрөө күбөлүгүн кармоочу күрөө күбөлүгүнө индоссамент жасоого жана аны кампа күбөлүгүн кармоочуга кайтарып берүүгө милдеттүү. 4. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда жана 3-бөлүгүндө каралган учурларда индоссамент жасаганда, күрөө күбөлүгүн кармоочу ушул Мыйзамдын 13-беренесинде каралган мөөнөттө товардык кампага жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө кабар жиберүүгө милдеттүү.