Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 2
Закон КР от 17 апреля 2018 года № 40 "О товарных складах и складских свидетельствах" · ст. 2Статус: действует

Статья 2. Основные понятия, используемые в настоящем Законе

В настоящем Законе применяются следующие основные понятия и термины:

1) простое складское свидетельство - неэмиссионная ценная бумага в документарной или бездокументарной форме, являющаяся товарораспорядительным документом, выпускаемая (выдаваемая) товарным складом в подтверждение того, что продукция принята на хранение по договору складского хранения и будет выдана ее предъявителю. При бездокументарной форме выпуск (выдача) складского свидетельства осуществляется путем фиксации обязательных реквизитов, предусмотренных Гражданским кодексом Кыргызской Республики, с помощью программно-технических средств;

2) двойное складское свидетельство - неэмиссионная ордерная ценная бумага в документарной форме, являющаяся товарораспорядительным документом, выпускаемая (выдаваемая) товарным складом в подтверждение принятия продукции на хранение по договору складского хранения и состоящая из двух частей: складского свидетельства и залогового свидетельства (варранта). Обе части являются самостоятельными ценными бумагами;

3) складское свидетельство - ордерная ценная бумага, являющаяся частью двойного складского свидетельства, удостоверяющая право собственности на указанную в ней продукцию;

4) залоговое свидетельство ("варрант") - ордерная ценная бумага, являющаяся частью двойного складского свидетельства, которая удостоверяет, что его владелец имеет право требования исполнения обязательств, обеспеченных залогом;

5) держатель двойного складского свидетельства - собственник продукции, находящейся на хранении по договору складского хранения, владелец обеих частей двойного складского свидетельства;

6) держатель складского свидетельства - собственник продукции, находящейся на хранении по договору складского хранения, обремененной залогом;

7) держатель залогового свидетельства - лицо, являющееся залогодержателем продукции, права которого удостоверены залоговым свидетельством, отделенным от складского свидетельства;

8) товарный склад, выдающий (выпускающий) простое и двойное складские свидетельства - юридическое лицо, осуществляющее складское хранение продукции с выпуском (выдачей) простых и двойных складских свидетельств и предоставляющее связанные с хранением услуги на возмездной основе;

9) классификация товарных складов (А, B, С, D) - классификация, основанная на технических параметрах (полезная площадь, развитость инфраструктуры, включая инженерные коммуникации, тип напольного покрытия и другие параметры) товарных складов. Общие требования к каждому классу товарного склада устанавливаются Кабинетом Министров Кыргызской Республики;

10) уполномоченный орган - государственный орган, осуществляющий регистрацию товарных складов и ведение единого государственного реестра товарных складов;

11) реестр складских свидетельств - перечень сведений об операциях со складскими свидетельствами, включая выдачу, погашение, замену простых и двойных складских свидетельств, а также находящихся в залоге двойных складских свидетельств, который ведет товарный склад;

12) реестр продукции товарного склада - перечень сведений, отражающий учет принятой на хранение и выданной продукции, который ведет товарный склад;

13) единый государственный реестр товарных складов - совокупность сведений о зарегистрированных товарных складах в открытом доступе на веб-сайте уполномоченного органа, осуществляющего регистрацию товарных складов (далее - единый государственный реестр);

14) единый государственный реестр простых и двойных складских свидетельств - совокупность сведений о выпущенных (выданных) простых и двойных складских свидетельствах и их держателях, об операциях с ними, в том числе об операциях с отдельными частями двойного складского свидетельства, а также о наличии обременения, включая вид обременения, на обращение простых или двойных складских свидетельств или на осуществление прав по ним. Порядок ведения единого государственного реестра простых и двойных складских свидетельств устанавливается Кабинетом Министров Кыргызской Республики;

15) индоссамент - передаточная надпись, удостоверяющая переход прав по двойному складскому свидетельству или ее частям от индоссанта к индоссату;

16) индоссант - лицо, передающее свои права по двойному складскому свидетельству и его отдельным частям, о чем указывается в передаточной надписи в двойном складском свидетельстве или его отдельных частях;

17) индоссат - лицо, в пользу которого сделана передаточная надпись по двойному складскому свидетельству или его отдельным частям;

18) свидетельство о регистрации в едином государственном реестре товарных складов (далее - свидетельство) - официальный документ, подтверждающий регистрацию товарного склада в едином государственном реестре и соответствие товарного склада требованиям, утвержденным Кабинетом Министров Кыргызской Республики. Свидетельство о регистрации в едином государственном реестре выдается уполномоченным органом на платной основе. Размер платы устанавливается законодательством Кыргызской Республики.

(В редакции Закона КР от 9 марта 2023 года № 52)

Кыргызча
Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат: 1) жөнөкөй кампа күбөлүгү - товарды тескөөчү документ болуп саналган, продукцияны кампада сактоо келишими боюнча сактоого кабыл алынгандыгын жана ал көрсөткөн жакка бериле тургандыгын ырастоо үчүн товардык кампа чыгаруучу (берүүчү), документардык же документардык эмес формадагы эмиссиялык эмес баалуу кагаз. Документардык эмес формада кампа күбөлүгүн чыгаруу (берүү) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган милдеттүү реквизиттерди жазуу жолу менен, программалык-техникалык каражаттардын жардамы менен жүзөгө ашырылат; 2) кош кампа күбөлүгү - товарды тескөөчү документ болуп саналган, кампада сактоо келишими боюнча продукциянын сактоого кабыл алынгандыгына ырастоо үчүн товардык кампа чыгаруучу (берүүчү) жана төмөнкүдөй эки бөлүктөн: кампа күбөлүгүнөн жана күрөө күбөлүгүнөн (варранттан) турган документардык формадагы эмиссиялык эмес ордердик баалуу кагаз. Эки бөлүгү тең өз алдынча баалуу кагаздар болуп саналат; 3) кампа күбөлүгү - кош кампа күбөлүгүнүн бир бөлүгү болуп саналган, анда көрсөтүлгөн продукцияга менчик укугун тастыктоочу ордердик баалуу кагаз; 4) күрөө күбөлүгү ("варрант") - кош кампа күбөлүгүнүн бир бөлүгү болуп саналган, анын ээси күрөө менен камсыздалган милдеттенмелерди аткарууну талап кылууга укуктуу экенин тастыктаган ордердик баалуу кагаз; 5) кош кампа күбөлүгүн кармоочу - кампада сактоо келишими боюнча сактоодо турган продукциянын менчик ээси, кош кампа күбөлүгүнүн эки бөлүгүнүн ээси; 6) кампа күбөлүгүн кармоочу - кампада сактоо келишими боюнча сактоодо турган, күрөө жүгү бар продукциянын ээси; 7) күрөө күбөлүгүн кармоочу - продукцияны күрөөгө кармоочу болуп саналган укуктары кампа күбөлүгүнөн бөлүнгөн күрөө күбөлүгү менен тастыкталган жак; 8) жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн берүүчү (чыгаруучу) товардык кампа - жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү) менен продукцияны кампага сактоону жүзөгө ашыруучу жана сактоого байланышкан кызматтарды акы төлөтүүнүн негизинде көрсөтүүчү юридикалык жак; 9) товардык кампалардын классификациясы (А, В, С, D) - товардык кампалардын техникалык параметрлерине (пайдалуу аянты, инфратүзүмдүн өнүгүшү, анын ичинде инженердик коммуникациялары, полдун төшөлгөсүнүн тиби жана башка параметрлери) негизделген классификация. Товардык кампанын ар бир классына карата жалпы талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет; 10) ыйгарым укуктуу орган - товардык кампаларды каттоону жана товардык кампалардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган; 11) кампа күбөлүктөрүнүн реестри - кампа күбөлүктөрү менен болгон операциялар жөнүндө, анын ичинде жөнөкөй жана кош кампалардын күбөлүктөрүн берүү, жоюу, алмаштыруу, ошондой эле күрөөдө турган кош кампа күбөлүктөрү жөнүндө товардык кампа тарабынан жүргүзүлүүчү маалыматтардын тизмеги; 12) товардык кампанын продукциясынын реестри - сактоого кабыл алынган жана берилген продукциянын эсебин чагылдыруучу, товардык кампа тарабынан жүргүзүлүүчү маалыматтардын тизмеги; 13) товардык кампалардын бирдиктүү мамлекеттик реестри - товардык кампаларды каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдын веб-сайтында ачык жеткиликтүү болгон катталган товардык кампалар жөнүндө маалыматтардын жыйындысы (мындан ары - бирдиктүү мамлекеттик реестр); 14) жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүнүн бирдиктүү мамлекеттик реестри - чыгарылган (берилген) жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрү жана алардын кармоочулары жөнүндө, алар жагынан операциялар жөнүндө, анын ичинде кош кампа күбөлүгүнүн айрым бөлүктөрү жагынан операциялар жөнүндө, ошондой эле жөнөкөй же кош кампа күбөлүктөрүн жүгүртүүгө же алар боюнча укуктарды жүзөгө ашырууга карата милдеттин, милдеттин түрүнүн болуусу тууралуу маалыматтардын жыйындысы. Жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүнүн бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет; 15) индоссамент - кош кампа күбөлүгү же анын бөлүктөрү боюнча укуктардын индоссанттан индоссатка өткөндүгүн тастыктоочу өткөрүп берүү жазуусу; 16) индоссант - кош кампа күбөлүгү жана анын айрым бөлүктөрү боюнча өзүнүн укуктарын өткөрүп берген, бул тууралуу кош кампа күбөлүгүндөгү же анын айрым бөлүктөрүндөгү өткөрүп берүү жазуусунда көрсөтүлгөн жак; 17) индоссат - кош кампа күбөлүгү же анын айрым бөлүктөрү боюнча анын пайдасына өткөрүп берүү жазуусу жазылган жак; 18) товардык кампалардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо жөнүндө күбөлүк (мындан ары - күбөлүк) - товардык кампанын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталганын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген талаптарга товардык кампанын ылайыктуулугун ырастаган расмий документ. Бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо жөнүндө күбөлүк ыйгарым укуктуу орган тарабынан акы төлөтүүнүн негизинде берилет. Акынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет. (КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)