Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 7
Закон КР от 17 апреля 2018 года № 40 "О товарных складах и складских свидетельствах" · ст. 7Статус: действует

Статья 7. Права, обязанности и ответственность держателя двойного складского свидетельства

1.

Держатель двойного складского свидетельства вправе:

1) провести независимую оценку качества продукции в лаборатории, аккредитованной в порядке, установленном законодательством в сфере регулирования аккредитации лабораторий, в случае несогласия с результатами оценки качества продукции, проведенной товарным складом. В этом случае расходы, связанные с оценкой качества продукции, несет сам держатель двойного складского свидетельства;

2) проверять условия хранения продукции в рабочее время, указанное в регламенте товарного склада. При этом оплачивает товарному складу расходы, связанные с проверкой, если иное не предусмотрено договором складского хранения;

3) предоставить в залог продукцию в течение срока ее хранения на товарном складе путем передачи залогового свидетельства залогодержателю и совершения индоссамента в соответствии с требованиями настоящего Закона.

2.

Держатель двойного складского свидетельства (его отдельных частей - залогового свидетельства и складского свидетельства) при совершении индоссамента обязан письменно уведомить об этом товарный склад и уполномоченный государственный орган в сфере регулирования рынка ценных бумаг в течение пяти рабочих дней с момента совершения индоссамента.

3.

По истечении срока действия двойного складского свидетельства держатель обязан забрать продукцию либо заключить на новый срок договор складского хранения, если вид, сорт и качество продукции позволяют продление срока ее хранения.

4.

Держатель складского свидетельства, отделенного от залогового свидетельства, может передать право на заложенную продукцию путем индоссамента при условии погашения денежного обязательства перед держателем залогового свидетельства, но не имеет права требовать возврата продукции товарным складом до исполнения обеспеченного залоговым свидетельством обязательства.

Держатель складского свидетельства, отделенного от залогового свидетельства, вправе получить продукцию после передачи обеих частей двойного складского свидетельства товарному складу, а также в случае, предусмотренном гражданским законодательством Кыргызской Республики.

5.

Ответственность за любой возможный ущерб, связанный с отсутствием записи об индоссаменте в едином государственном реестре простых и двойных складских свидетельств, несет тот держатель двойного складского свидетельства (его отдельных частей - залогового и складского свидетельства), который осуществлял передачу прав, и запись о которой отсутствует.

6.

Все последующие держатели двойного складского свидетельства (его отдельных частей - залогового и складского свидетельства) могут ознакомиться с записью о передаточной надписи в едином государственном реестре простых и двойных складских свидетельств, а также в реестре складских свидетельств товарного склада.

Кыргызча
Кош кампа күбөлүгүн кармоочунун укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги 1. Кош кампа күбөлүгүн кармоочу төмөнкүлөргө укуктуу: 1) товардык кампа жүргүзгөн продукциянын сапатын баалоонун натыйжаларына макул болбогон учурда, лабораторияларды аккредитациялоону жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте аккредитацияланган лабораторияда продукциянын сапатын көз карандысыз баалоону жүргүзүүгө. Бул учурда продукциянын сапатын баалоого байланышкан чыгымдарды кош кампа күбөлүгүн кармоочу өзү тартат; 2) продукцияны сактоо шарттарын товардык кампанын регламентинде көрсөтүлгөн жумуш убагында текшерүүгө. Мында, эгерде кампага сактоо келишиминде башкасы каралбаса, текшерүүгө байланышкан чыгымдарды товардык кампага төлөп берет; 3) ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык күрөө кармоочуга күрөө күбөлүгүн өткөрүп берүү жана индоссаментти жасоо жолу менен продукцияны товардык кампага сактоо мөөнөтүнүн ичинде аны күрөөгө берүүгө. 2. Индоссамент жасоодо кош кампа күбөлүгүн кармоочу (анын айрым бөлүктөрүн - күрөө күбөлүгүн жана кампа күбөлүгүн) товардык кампага жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга индоссамент жасалган учурдан тартып беш жумушчу күндүн ичинде бул жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү. 3. Кош кампа күбөлүгүнүн колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин кармоочу продукциясын алып кетүүгө же болбосо, эгерде продукциянын түрү, сорту жана сапаты анын сактоо мөөнөтүн узартууга мүмкүндүк берсе, жаңы мөөнөткө кампага сактоо келишимин түзүүгө милдеттүү. 4. Күрөө күбөлүгүнөн бөлүнгөн кампа күбөлүгүн кармоочу күрөө күбөлүгүн кармоочунун алдындагы акчалай милдеттенмесин жойгон шартта, индоссамент жолу менен күрөөгө коюлган продукцияга карата укугун өткөрүп бере алат, бирок товардык кампадан күрөө күбөлүгү менен камсыздалган милдеттенме аткарылганга чейин продукцияны кайтарып берүүнү талап кылууга укугу жок. Күрөө күбөлүгүнөн бөлүнгөн кампа күбөлүгүн кармоочу кош кампа күбөлүгүнүн эки бөлүгүн тең товардык кампага өткөрүп бергенден кийин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган учурларда продукцияны алууга укуктуу. 5. Кош жана жөнөкөй кампа күбөлүктөрүнүн бирдиктүү мамлекеттик реестринде индоссамент жөнүндө жазуунун жоктугуна байланыштуу мүмкүн болуучу кандай гана болбосун жоготуулар үчүн жоопкерчиликти укуктарын өткөрүп берген жана түшпөй калган жазууну жүргүзгөн кош кампа күбөлүгүн (анын айрым бөлүктөрүн - күрөө жана кампа күбөлүктөрүн) кармоочу тартат. 6. Бардык кийинки кош кампа күбөлүгүн (анын айрым бөлүктөрүн - күрөө жана кампа күбөлүктөрүн) кармоочулар өткөрүп берүү жөнүндө жазуу менен жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүнүн бирдиктүү мамлекеттик реестринен, ошондой эле товардык кампанын кампа күбөлүктөрүнүн реестринен тааныша алышат.