Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 15
Закон КР от 17 апреля 2018 года № 40 "О товарных складах и складских свидетельствах" · ст. 15Статус: действует

Статья 15. Выдача продукции держателю складского свидетельства

1.

Держатель простого или двойного складского свидетельства для востребования продукции обязан обратиться с письменным заявлением к товарному складу о выпуске продукции и прибыть сам или прислать уполномоченного представителя на товарный склад.

2.

Перед выдачей продукции в обмен на простое или двойное складское свидетельство товарный склад обязан проверить наличие права держателя складского свидетельства на владение этим свидетельством и права на получение продукции, после чего товарный склад погашает складское свидетельство, о чем уполномоченным лицом товарного склада делается соответствующая запись в реестре складских свидетельств.

3.

Товарный склад вправе письменно отказать держателю складского свидетельства в выдаче продукции, если:

1) отсутствует залоговое свидетельство с соответствующим индоссаментом, совершенным залогодержателем;

2) состояние бланка складского свидетельства не позволяет его идентифицировать или проверить на подлинность.

В случае отказа в выдаче продукции товарный склад одновременно с письменным отказом обязан вернуть складское свидетельство его держателю.

4.

При выдаче продукции товарным складом держатель простого или двойного складского свидетельства обязан уплатить все платежи, связанные со складским хранением продукции, если иное не предусмотрено договором.

5.

Держатель простого и двойного складских свидетельств, держатель залогового свидетельства или товарный склад при выдаче продукции вправе требовать осмотра и проверки продукции и (или) проведения независимой экспертизы качества продукции. Расходы, связанные с осмотром, проверкой и экспертизой качества, возмещает инициирующая сторона.

6.

Если держатель простого или двойного складского свидетельства не забрал продукцию после истечения срока действия договора складского хранения, то товарный склад обязан письменно уведомить держателя простого или двойного складского свидетельства о необходимости забрать продукцию в течение не более одного месяца после окончания срока действия договора складского хранения либо заключить договор складского хранения на новый срок.

7.

В случае если требование части 6 настоящей статьи выполнены товарным складом и при этом собственник продукции по-прежнему уклоняется от получения продукции, товарный склад вправе действовать в порядке, предусмотренном Гражданским кодексом Кыргызской Республики.

Кыргызча
Кампа күбөлүгүн кармоочуга продукцияны берүү 1. Жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүн кармоочу продукцияны талап кылуу үчүн продукцияны чыгаруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз менен товардык кампага кайрылууга жана товардык кампага өзү келүүгө же ыйгарым укуктуу өкүлүн жиберүүгө милдеттүү. 2. Товардык кампа жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүнүн ордуна продукцияны берердин алдында кампа күбөлүгүн кармоочунун ушул күбөлүккө ээлик кылууга жана продукцияны алууга укугу бар экенин текшерүүгө милдеттүү, андан соң товардык кампа кампа күбөлүгүн жоет, бул тууралуу товардык кампанын ыйгарым укуктуу адамы кампа күбөлүктөрүнүн реестрине тиешелүү жазууларды жазат. 3. Товардык кампа төмөнкүдөй учурларда кампа күбөлүгүн кармоочуга продукцияны берүүдөн жазуу жүзүндө баш тартууга укуктуу, эгерде: 1) күрөө кармоочу тарабынан жасалган тиешелүү индоссаменти бар күрөө күбөлүгү жок болсо; 2) кампа күбөлүгүнүн бланкынын абалы аны идентификациялоого же аныктыгын текшерүүгө мүмкүндүк бербесе. Товардык кампа продукцияны берүүдөн баш тарткан учурда, жазуу жүзүндөгү баш тартуу менен бир учурда кампа күбөлүгүн аны кармоочуга кайтарып берүүгө милдеттүү. 4. Эгерде келишимде башкасы каралбаса, товардык кампа продукцияны бергенде жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүн кармоочу продукцияны кампага сактоого байланыштуу бардык төлөмдөрдү жүргүзүүгө милдеттүү. 5. Жөнөкөй жана кош кампа күбөлүгүн кармоочу, күрөө күбөлүгүн кармоочу же товардык кампа продукцияны берүүдө продукцияны карап чыгып, текшерүүнү жана (же) продукциянын сапатына көз каранды эмес экспертиза жасоону талап кылууга укуктуу. Карап чыгууга, текшерүүгө жана сапатты экспертизалоого байланышкан чыгымдардын ордун демилгелеген тарап толтурат. 6. Эгерде жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүн кармоочу кампада сактоо келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин продукцияны алып кетпесе, анда товардык кампа жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүн кармоочуга кампада сактоо келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин бир айдан ашпаган мөөнөттүн ичинде продукцияны алып кетүү же кампага сактоо келишимин жаңы мөөнөткө түзүү зарылдыгы тууралуу жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү. 7. Эгерде товардык кампа ушул берененин 6-бөлүгүндөгү талаптарды аткарса жана мында продукциянын менчик ээси продукциясын алуудан качса, товардык кампа Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган тартипте аракеттенүүгө укуктуу.