Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 6
Закон КР от 17 апреля 2018 года № 40 "О товарных складах и складских свидетельствах" · ст. 6Статус: действует

Статья 6. Права, обязанности и ответственность товарного склада

1.

Товарный склад имеет право:

1) получать вознаграждение за услуги складского хранения в денежной форме или в виде продукции, принятой на складское хранение, в объеме, предусмотренном по соглашению сторон в соответствии с утвержденными товарным складом ценами на услуги;

2) оказывать на платной основе другие услуги, предусмотренные учредительными документами, или сопутствующие услуги по хранению продукции, в том числе осуществлять доставку продукции от собственника продукции, упаковывать продукцию с определением ее качества и количества;

3) отказать в приеме на хранение, если продукция требует специальных условий хранения, которые товарный склад не в состоянии обеспечить, и если продукция не соответствует техническим регламентам и фитосанитарным нормам;

4) получать денежные средства в качестве займа/кредита исключительно в целях осуществления деятельности товарного склада и предоставлять свое имущество в залог исключительно в качестве обеспечения по таким займам/кредитам. При этом товарный склад не вправе выступать поручителем и (или) залогодателем по обязательствам третьих лиц;

5) осуществлять хранение продукции с другой продукцией того же вида, сорта и качества смешанно или отдельно от продукции, принадлежащей другим лицам, в зависимости от договоренности между сторонами;

6) использовать банковскую гарантию и иные способы обеспечения исполнения обязательств перед держателями простых и двойных складских свидетельств.

Товарный склад вправе требовать от собственника продукции сдавать продукцию на хранение в упакованном виде, позволяющем избежать ее порчи.

2.

Товарный склад обязан:

1) соблюдать условия хранения, установленные в обязательных для склада нормативных правовых актах, стандартах, внутреннем регламенте;

2) осуществлять учет договоров складского хранения в бумажном (письменном) или электронном виде;

3) вести реестр продукции, принятой на складское хранение, а также фиксировать рыночную стоимость продукции на день ее приема на складское хранение. Если иное не предусмотрено договором складского хранения, рыночной стоимостью продукции является сумма, указанная в качестве ее стоимости сторонами в договоре складского хранения. Стороны также могут договориться об оценке рыночной стоимости продукции независимым оценщиком. Установленная таким образом стоимость продукции будет служить основой при требовании возмещения убытков собственником продукции;

4) предоставить собственнику продукции простое или двойное складское свидетельство в день приема продукции. При этом общий объем выдаваемых складских свидетельств по стоимости продукции не должен превышать объявленного товарным складом собственного капитала;

5) регистрировать выпуск указанного складского свидетельства в своем реестре складских свидетельств в письменном или электронном виде, а также все последующие операции со складскими свидетельствами незамедлительно с момента получения письменного уведомления от держателя соответствующего складского свидетельства;

6) возвратить взамен простого или обеих частей двойного складского свидетельства продукцию в полном объеме с учетом естественной убыли в установленные договором сроки и по первому требованию держателя простого или двойного складского свидетельства при условии выполнения им пункта 1 части 1 настоящей статьи. Не допускается возврат товарным складом продукции до исполнения держателем складского свидетельства, в установленном порядке обеспеченного залоговым свидетельством обязательства;

7) выдать продукцию держателю залогового свидетельства в случае осуществления им обращения взыскания в судебном или во внесудебном порядке, предусмотренном законодательством о залоге. При этом на продукцию, переданную собственником продукции на хранение товарному складу, не может быть обращено взыскание по обязательствам товарного склада;

8) произвести за свой счет до заключения договора хранения собственную оценку качества продукции, подлежащей складированию;

9) размещать в местах общего доступа информацию о действующих ценах на услуги товарного склада;

10) оказывать содействие уполномоченным государственным органам в сфере регулирования рынка ценных бумаг, в сфере экологической и технической безопасности, в сфере ветеринарной и фитосанитарной безопасности в случае проведения ими проверок, а также обеспечить доступ ко всем источникам информации, необходимой для проведения проверки;

11) в разумные сроки (в течение пяти календарных дней) письменно уведомить уполномоченный орган со дня принятия соответствующего решения:

а) об угрозе неплатежеспособности и прекращения деятельности по складскому хранению продукции с выпуском простого и двойного складского свидетельств;

б) о намерении товарного склада увеличить или сократить собственный капитал;

в) об изменении состава учредителей и органов управления;

г) об изменении ранее заявленного класса;

12) осуществлять иные обязательства, предусмотренные гражданским законодательством Кыргызской Республики.

3.

Товарный склад проходит внешний аудит на ежегодной основе.

4.

Товарный склад должен осуществлять осмотр продукции и определить ее внешнее состояние, защищать продукцию от изменения ее количества (за исключением естественной убыли), частичной порчи или повреждения, а также принимать все возможные меры, направленные на недопущение кражи, частичного или полного уничтожения, утраты, утери принятой на хранение продукции.

5.

Товарный склад несет ответственность за ущерб, причиненный продукции, помещенной на складское хранение, с момента ее получения до момента отпуска, в частности, за частичное или полное уничтожение, порчу или повреждение продукции, кражу, утерю, за исключением случаев:

1) форс-мажорных обстоятельств, не зависящих от воли должностных лиц и сотрудников товарного склада;

2) если перед передачей на складское хранение продукции товарный склад не проинформирован собственником продукции об особом способе ее хранения;

3) иных случаев, предусмотренных договором складского хранения.

6.

В случае нарушения части 4 статьи 7 настоящего Закона товарный склад несет ответственность перед держателем залогового свидетельства в соответствии с Гражданским кодексом Кыргызской Республики.

Кыргызча
Товардык кампанын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги 1. Товардык кампа төмөнкүлөргө укуктуу: 1) кампага сактоо кызматын көрсөткөндүгү үчүн, товардык кампа бекиткен кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларына ылайык, тараптардын макулдашуусу боюнча каралган көлөмдө акчалай же кампага сактоого алынган продукция түрүндө сый акы алууга; 2) уюштуруу документтеринде каралган башка кызмат көрсөтүүлөрдү же продукцияны сактоо боюнча коштоочу кызмат көрсөтүүлөрдү акы төлөтүүнүн негизинде көрсөтүүгө, анын ичинде продукциянын менчик ээсинен продукцияны жеткирүүнү жүзөгө ашырууга, продукциянын сапатын жана санын аныктоо менен аны таңгактоого; 3) эгерде продукция сактоонун атайын шарттарын талап кылса, товардык кампада аны камсыз кылуу үчүн мүмкүнчүлүктөр жок болсо жана продукция техникалык регламенттерге жана фитосанитардык ченемдерге шайкеш келбесе, аны сактоого кабыл алуудан баш тартууга; 4) товардык кампанын ишин жүргүзүү максатында гана зайым/кредит катары акча каражаттарын алууга жана мындай зайымдар/кредиттер боюнча камсыз кылуу катарында гана өзүнүн мүлкүн күрөөгө коюуга. Мында товардык кампа үчүнчү жактардын милдеттенмелери боюнча кепилчилик жана (же) күрөөгө берүүчү болуу укугуна ээ эмес; 5) тараптардын макулдашуусуна жараша, продукцияны ошондой эле түрдөгү, сорттогу жана сапаттагы башка продукция менен аралаштырып сактоону же башка жакка таандык продукциядан бөлөк сактоону жүзөгө ашырууга; 6) жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн кармоочулардын алдында милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуунун банктык кепилдигин же башка ыкмаларын пайдаланууга. Товардык кампа продукциянын ээсинен продукциянын бузулуусуна жол бербей турган таңгакталган түрдө аны сактоого өткөрүүнү талап кылууга укуктуу. 2. Товардык кампа төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) кампа үчүн милдеттүү болгон ченемдик укуктук актыларда, стандарттарда, ички регламентте белгиленген сактоо шарттарын сактоого; 2) кампада сактоо келишимдерин кагаз (жазуу) же электрондук түрдө эсепке алууну жүзөгө ашырууга; 3) кампага сактоого кабыл алынган продукциянын реестрин жүргүзүүгө, ошондой эле продукцияны кампага сактоого кабыл алган күндөгү анын рыноктук баасын белгилөөгө. Эгерде кампага сактоо келишиминде башкасы каралбаса, кампага сактоо келишиминде продукциянын наркы катары тараптар көрсөткөн сумма анын рыноктук наркы болуп саналат. Тараптар ошондой эле продукциянын рыноктук наркын көз карандысыз баалоочу баалоосу жөнүндө макулдаша алышат. Ушундай түрдө белгиленген продукциянын наркы продукциянын менчик ээси чыгымдардын ордун толтуруу талабын койгон учурда негиз болот; 4) продукциянын менчик ээсине продукцияны кабыл алган күнү жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүн берүүгө. Мында продукциянын наркы боюнча берилүүчү кампа күбөлүктөрүнүн жалпы көлөмү товардык кампа жарыялаган өздүк капиталдан ашууга тийиш эмес; 5) көрсөтүлгөн кампа күбөлүгүнүн чыгарылышын, ошондой эле тийиштүү кампа күбөлүгүн кармоочудан жазуу жүзүндө кабар алган учурдан тартып кечиктирбестен кампа күбөлүктөрү жагындагы бардык кийинки операцияларды өзүнүн кампа күбөлүктөрүнүн реестрине жазуу жүзүндө же электрондук түрдө каттоого алууга; 6) келишимде белгиленген мөөнөттө жана ал ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун аткарган шартта жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүн кармоочунун биринчи талабы боюнча жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүнүн эки бөлүгүнүн тең ордуна, табигый коромжулукту эсепке алуу менен продукцияны толук көлөмдө кайтарып берүүгө. Товардык кампа кампа күбөлүгүн кармоочу күрөө күбөлүгү менен камсыздалган милдеттенмени белгиленген тартипте аткарганга чейин продукцияны кайра кайтарышына жол берилбейт; 7) күрөө күбөлүгүн кармоочу тарабынан өндүрүү күрөө жөнүндө мыйзамдарда каралган соттук же соттук эмес тартипте жүзөгө ашырылган учурда, ага продукцияны берүүгө. Мында продукциянын менчик ээси товардык кампага сактоо үчүн өткөрүп берген продукцияны товардык кампанын милдеттенмелери боюнча өндүрүүгө айландырууга болбойт; 8) сактоо келишими түзүлгөнгө чейин кампага сакталууга тийиш болгон продукциянын сапатына өз баасын берүүгө; 9) товардык кампанын кызмат көрсөтүүлөрүнө карата колдонуудагы баалар жөнүндө маалыматты жалпыга жеткиликтүү жерлерге жайгаштырууга; 10) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү, экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган текшерүүлөрдү жүргүзгөн учурда аларга көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон бардык маалымат булактарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга; 11) ыйгарым укуктуу органга тийиштүү чечим кабыл алынган күндөн тартып алгылыктуу мөөнөттө (беш календардык күндүн ичинде) төмөнкүлөр тууралуу жазуу жүзүндө кабарлоого: а) төлөөгө кудуретсиздик, жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн чыгаруу менен продукцияны кампага сактоо боюнча ишти токтотуу коркунучу жөнүндө; б) товардык кампанын жеке капиталды көбөйтүү же кыскартуу ниети жөнүндө; в) уюштуруучулардын жана башкаруу органдарынын курамы өзгөргөндүгү тууралуу; г) мурда билдирилген класстын өзгөргөндүгү жөнүндө; 12) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган башка милдеттенмелерди жүзөгө ашырууга. 3. Товардык кампа жыл сайын тышкы аудиттен өткөрүлөт. 4. Товардык кампа продукцияны карап чыгууну жана анын тышкы абалын аныктоону, продукцияны анын санынын өзгөрүшүнөн (табигый кемүүсүн кошпогондо) жана жарым-жартылай керектен чыгуусунан жана бузулуусунан коргоону, ошондой эле сактоого кабыл алынган продукциянын уурдалышына, жарым-жартылай же толук жок кылынышына, андан айрылып калышына, жоготулушуна жол бербөөгө багытталган бардык мүмкүн болгон чараларды көрүүнү жүзөгө ашырууга тийиш. 5. Товардык кампа кампага сактоого коюлган продукцияга келтирилген зыян үчүн аны алган учурдан тартып жөнөткөн учурга чейин, атап айтканда, продукциянын жарым-жартылай же толук жок кылынышы, керектен чыгарылышы же бузулушу, уурдалышы, жоготулушу үчүн жоопкерчилик тартат, буга төмөнкү учурлар кирбейт: 1) товардык кампанын кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин эркине байланышпаган форс-мажордук жагдайлар; 2) эгерде продукцияны товардык кампага кампалык сактоого өткөрүп берүүнүн алдында продукциянын ээси аны сактоонун өзгөчө ыкмасы жөнүндө маалымдалбаган болсо; 3) кампада сактоо келишиминде каралган башка учурлар. 6. Ушул Мыйзамдын 7-беренесинин 4-бөлүгү бузулган учурда, товардык кампа Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык күрөө күбөлүгүн кармоочунун алдында жоопкерчилик тартат.