Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 51
Закон Кыргызской Республики от 12 марта 2005 года № 49 "О залоге" · гл. 4Статус: действует

Статья 51. Возведение залогодателем зданий или сооружений на заложенном земельном участке

На земельном участке, заложенном по договору о залоге, залогодатель вправе возводить в установленном порядке здания и сооружения, на которые не распространяются права залогодержателя, если данное право предусмотрено договором о залоге.

Если возведение залогодателем на заложенном земельном участке здания или сооружения влечет или может повлечь ухудшение обеспечения, предоставленного залогодержателю залогом этого участка, залогодержатель вправе потребовать изменения условий договора о залоге, в том числе, если это необходимо, путем распространения залога на возводимое здание или сооружение.

Кыргызча
Күрөө берүүчү тарабынан күрөөгө коюлган жер участкасына имараттарды же курулмаларды куруу Күрөө келишими боюнча күрөөгө коюлган жер участкасына күрөө берүүчү күрөө кармоочунун макулдугу менен тиешелүү кошумча жазуу жүзүндөгү макулдашууну түзүү жолу менен күрөө келишиминде башкасы каралбаса, күрөө кармоочунун укуктары жайылтылбаган имараттарды жана курулмаларды курууга укуктуу. Эгерде күрөө берүүчү тарабынан күрөөгө берилген жер участкасында имараттардын же курулумалардын курулушу күрөө кармоочуга күрөө аркылуу берилген ошол жер участкасынын камсыз кылынышын начарлатууга кириптер кылса, же начарлата турган болсо, күрөө кармоочу күрөө келишиминин шарттарын өзгөртүүнү, анын ичинде эгерде бул зарыл болсо, күрөөнү ошол курулуп жаткан имаратка же курулмага жайылтуу жолу менен күрөө келишиминин шарттарын өзгөртүүнү талап кылууга укуктуу.