Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 36
Закон Кыргызской Республики от 12 марта 2005 года № 49 "О залоге" · гл. 4Статус: действует

Статья 36. Основные положения об ипотечной закладной

1.

Права залогодержателя по обеспеченному ипотекой обязательству и по договору об ипотеке могут быть удостоверены ипотечной закладной.

2.

Ипотечная закладная составляется собственником жилой недвижимости, приобретаемой им за счет ипотечного кредита. В иных случаях условия об ипотечной закладной недействительны.

3.

Ипотечная закладная может быть составлена залогодателем в любой момент до прекращения обеспеченного ипотекой обязательства. Права залогодержателя по ипотечной закладной подлежат государственной регистрации в порядке, установленном законодательством Кыргызской Республики. В случае если ипотечная закладная не зарегистрирована в установленном порядке, она ничтожна.

4.

Лицо, составившее ипотечную закладную, либо ее владелец вправе по взаимному соглашению изменить ранее установленные условия ипотечной закладной. При заключении такого соглашения в нем предусматривается либо внесение изменений в содержание ипотечной закладной путем прикрепления к ней оригинала такого соглашения, в котором указано, что оно является неотъемлемой частью ипотечной закладной, либо аннулирование ипотечной закладной и одновременно с этим выдача новой ипотечной закладной, составленной с учетом соответствующих изменений. Изменение содержания ипотечной закладной вступает в силу после государственной регистрации такого изменения.

5.

Владелец ипотечной закладной вправе передать ее для учета лицензированному депозитарию. Правила депозитарного учета ипотечных закладных устанавливаются Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

(В редакции Закона КР от 2 августа 2016 года № 163, 2 августа 2022 года № 76)

Кыргызча
Ипотека күрөөлүгү тууралуу негизги жоболор 1. Ипотека менен камсыз кылынган милдеттенме боюнча жана ипотека жөнүндө келишим боюнча күрөө кармоочунун укуктары ипотека күрөөлүгү менен ырасталышы мүмкүн. 2. Ипотека күрөөлүгү ипотекалык кредиттин эсебинен алынып жаткан кыймылсыз турак-жайдын менчик ээси тарабынан түзүлөт. Башка учурларда ипотека күрөөлүгү тууралуу шарттар жараксыз. 3. Ипотека күрөөлүгү ипотека менен камсыз кылынган милдеттенме аяктаганга чейин кандай гана болбосун учурда күрөө берүүчү тарабынан түзүлүшү мүмкүн. Ипотека күрөөлүгү боюнча күрөө кармоочунун укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого алынууга тийиш. Эгерде ипотека күрөөлүгү белгиленген тартипте каттоодон өтпөсө, ал жарамсыз. 4. Ипотека күрөөсүн түзгөн жак же болбосо анын ээси өз ара макулдашуу боюнча ипотека күрөөлүгүндө мурда белгиленген шарттарды өзгөртүүгө укуктуу. Мындай макулдашууну түзүүдө ипотека күрөөлүгүнүн мазмунуна, анда ипотека күрөөлүгүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналаары көрсөтүлгөн мындай макулдашуунун түп нускасын тиркөө жолу менен өзгөртүү киргизүү же болбосо ипотека күрөөлүгүн жокко чыгарып, ошол эле учурда тийиштүү өзгөртүүлөрдү эске алуу менен түзүлгөн жаны ипотека күрөөлүгүн берүү каралат. Ипотека күрөөлүгүнүн мазмунун өзгөртүү мындай өзгөртүүлөр мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин күчүнө кирет. 5. Ипотека күрөөлүгүнүн ээси аны лицензияланган депозитарийге эсепке алуу үчүн өткөрүп берүүгө укуктуу. Ипотека күрөөлүгүн депозиттик эсепке алуу эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. (КР 2016-жылдын 2-августундагы № 163, 2022-жылдын 2-августундагы № 76 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)