Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 47
Закон Кыргызской Республики от 12 марта 2005 года № 49 "О залоге" · гл. 4Статус: действует

Статья 47. Жилищные сертификаты

1.

Жилищный сертификат является ценной бумагой, удостоверяющей право их собственников на приобретение определенной общей площади жилья при соблюдении условий, определяемых в проспекте эмиссии. Порядок выпуска и обращение жилищных сертификатов осуществляются в соответствии с законом.

2.

Жилищный сертификат удостоверяет внесение владельцем (юридическим или физическим лицом, приобретающим сертификат) средств на строительство определенной общей площади жилья, размер которой не меняется в течение установленного срока действия жилищного сертификата.

Собственник жилищных сертификатов имеет право на приобретение жилого помещения (дома, квартиры) в том случае, если ему принадлежит определенное количество сертификатов данной серии, установленное в проспекте эмиссии.

Лицо, выпустившее в обращение жилищные сертификаты, обеспечивает возможность приобретения жилого помещения (дома, квартиры).

3.

Эмитент жилищных сертификатов - юридическое лицо, зарегистрированное на территории Кыргызской Республики, имеющее на правах собственности или иных законных основаниях отведенный (приобретенный) в установленном порядке земельный участок под строительство (реконструкцию) жилья, являющегося объектом привлечения средств, а также юридическое лицо, которому в установленном порядке переданы все вышеуказанные права, осуществляющее выпуск жилищных сертификатов и несущее обязательство по ним перед их владельцами.

4.

Выпуск жилищных сертификатов должен быть обеспечен правами владельцев данных ценных бумаг на гарантированное приобретение определенной общей площади, размер которой не меняется в течение установленного срока действия жилищного сертификата.

5.

Гарантами выпуска жилищных сертификатов могут являться - банк, иное кредитное учреждение, страховая компания, иное юридическое лицо (коммерческая организация), органы местного самоуправления, которые в соответствии с договором, заключенным с эмитентом, принимают на себя обязательства эмитента перед владельцами жилищных сертификатов по их погашению в случае неисполнения их эмитентом.

6.

При рекламировании жилищных сертификатов эмитент обязан указывать в рекламе сведения о дате регистрации проспекта эмиссии и о месте нахождения объекта привлечения средств путем эмиссии жилищных сертификатов.

7.

Уполномоченный государственный орган по рынку ценных бумаг регулирует деятельность эмитентов эмиссионных жилищных сертификатов в порядке и в случаях, предусмотренных законодательством Кыргызской Республики.

Кыргызча
Турак жай сертификаттары 1. Турак жай сертификаты алардын менчик ээлеринин эмиссиянын проспектисинде аныкталган шарттар сакталганда белгилүү жалпы аянтты алуу укугун ырастоочу баалуу кагаз болуп саналат. Сертификаттарды чыгаруунун тартиби жана аларды айлантуу мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат. 2. Турак жай сертификаты анын ээлери (сертификатты алуучу юридикалык же жеке жак) тарабынан белгиленген жалпы турак жай аянтын курууга каражаттар салынганын ырастайт, анын өлчөмү турак жай сертификаты иштетилген мөөнөт ичинде алмаштырылбайт. Турак жай сертификаттарынын менчик ээси, эгерде ага эмиссиянын проспектисинде аныкталган ошол сериядагы сертификаттардын белгилүү эсеби таандык болсо турак жайды (үйдү, квартираны) алууга укугу бар. Турак жай сертификаттарын айлантууга чыгарган жак турак жайды (үйдү, квартираны) алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. 3. Турак жай сертификаттарынын эмитенти - Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, менчик укуктарында, дагы башка негиздерде каражаттарды тартууга объект болгон турак жай куруу үчүн тиешелүү тартипте бөлүнгөн (алынган) жер участкасы бар юридикалык жак, ошондой эле турак жай сертификаттарын чыгарууну жүзөгө ашыруучу жогоруда көрсөтүлгөн бардык укуктар берилген жана ээлеринин алдында алар боюнча милдеттенме алган юридикалык жак. 4. Турак жай сертификаттарын чыгаруу ошол баалуу кагаздардын ээлеринин аныкталган жалпы аянтты алууга кепилдик берген укуктары менен камсыз кылынышы керек, мындай аянттын өлчөмү турак жай сертификатынын белгилүү иш-аракетинин мөөнөтү ичинде алмашылбайт. 5. Турак жай сертификаттарын чыгарууга банк, дагы башка кредиттик мекеме, камсыздандыруу компаниясы, башка бир юридикалык жак (коммерциялык уюм) кепил боло алат, булар эмитент менен түзүлгөн келишимге ылайык. турак жай сертификаттарынын ээлеринин алдында эмитент тарабынан аткарылбай кала турган болсо, алардан кутулуу боюнча эмитенттин милдеттенмесин өздөрүнө алат. 6. Турак жай сертификаттарын жарнамалоодо эмитент жарнамада эмиссиянын проспектисин каттоо датасы тууралу жана турак жай сертификаттарын эмиссиялоо жолу менен каражат тартуучу объект жайгашкан жер жөнүндө жарнамада көрсөтүүгө милдеттүү. 7. Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эмиссиялык турак жай сертификаттарынын эмитенттеринин ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда жөнгө салат.