Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 36-1
Закон Кыргызской Республики от 12 марта 2005 года № 49 "О залоге" · гл. 4Статус: действует

Статья 36-1. Долговые эмиссионные ценные бумаги, обеспеченные залогом

1.

Предметом залога по долговым эмиссионным ценным бумагам с залоговым обеспечением могут быть ценные бумаги и недвижимое имущество. Требования к ценным бумагам и недвижимому имуществу, которые могут быть предметом залога по долговым эмиссионным ценным бумагам, а также требования к их эмитенту и управляющему залогом устанавливаются Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

2.

При выпуске долговых эмиссионных ценных бумаг, обеспеченных залогом, в качестве залогодателя может выступать их эмитент либо иные лица, указанные им в решении о выпуске долговых эмиссионных ценных бумаг, а предмет залога подлежит обременению в пользу лиц, зарегистрированных в реестре держателей ценных бумаг в качестве их владельцев, в порядке, предусмотренном настоящим Законом.

При выпуске долговых эмиссионных ценных бумаг, обеспеченных залогом, их эмитент обязан назначить управляющего залогом в интересах лиц, зарегистрированных в качестве их владельцев в реестре держателей ценных бумаг. Управляющими залогом по долговым эмиссионным ценным бумагам вправе выступать только лица, соответствующие требованиям законодательства в сфере рынка ценных бумаг.

3.

Требования к форме и содержанию договора о залоге, в случае выпуска долговых эмиссионных ценных бумаг с залоговым обеспечением, считаются соблюденными при выполнении эмитентом и залогодателями нижеуказанных требований:

1) решение об обременении имущества в пользу владельцев долговых эмиссионных ценных бумаг должно быть оформлено в письменном виде, содержать основные положения для договора залога, включая внесудебный порядок обращения взыскания на предмет залога, а также указание на управляющего залогом;

2) решение об обременении имущества в пользу владельцев долговых эмиссионных ценных бумаг должно быть принято уполномоченным органом залогодателя с соблюдением надлежащего порядка принятия такого решения, а в случае если залогодателем выступает физическое лицо, такое решение должно быть согласовано им со всеми его правообладателями и быть нотариально удостоверено;

3) решение эмитента о выпуске долговых эмиссионных ценных бумаг должно содержать прямое указание на то, что все решения залогодателей об обременении их имущества в пользу владельцев выпускаемых в соответствии с ним долговых эмиссионных ценных бумаг являются его неотъемлемой частью;

4) по долговым эмиссионным ценным бумагам, обеспеченным залогом, в качестве управляющего залогом может выступать только одно лицо.

4.

Если предметом залога полностью или частично выступают ценные бумаги, то решение об их обременении должно содержать особые условия, отвечающие требованиям законодательства о рынке ценных бумаг и согласованные залогодателем с уполномоченным государственным органом по регулированию рынка ценных бумаг.

5.

Если предметом залога полностью или частично выступает недвижимое имущество, то решение об обременении имущества в пользу владельцев долговых эмиссионных ценных бумаг подлежит государственной регистрации с соблюдением следующих условий:

1) в период с момента наложения обременения и до момента государственной регистрации итогов размещения долговых эмиссионных ценных бумаг залогодержателем является управляющий залогом в интересах приобретателей долговых эмиссионных ценных бумаг в ходе их первичного размещения;

2) в период с момента государственной регистрации итогов размещения долговых эмиссионных ценных бумаг и до полного исполнения эмитентом долговых эмиссионных ценных бумаг всех обязательств перед их владельцами залогодержателями являются владельцы долговых эмиссионных ценных бумаг, зарегистрированные в реестре их держателей, а в качестве представителя их интересов выступает управляющий залогом.

6.

При государственной регистрации ипотеки в качестве сведений о залогодержателе регистрационная запись об ипотеке в Едином государственном реестре прав на недвижимое имущество должна содержать государственный регистрационный номер выпуска долговых эмиссионных ценных бумаг и дату его государственной регистрации, а также указание на то, что залогодержателями являются владельцы долговых эмиссионных ценных бумаг выпуска с указанным государственным регистрационным номером.

7.

Если предметом залога полностью или частично выступают ценные бумаги, залогодатель при принятии решения об обременении обязан перевести их на счет депо управляющего залогом, открытый в лицензированном депозитарии, с наложением обременения на такие ценные бумаги в пользу владельцев долговых эмиссионных ценных бумаг в порядке, предусмотренном правилами депозитария. Выписка со счета депо управляющего залогом с указанием ценных бумаг и их обременения в интересах владельцев долговых эмиссионных ценных бумаг является неотъемлемой частью решения о выпуске ценных бумаг.

8.

В случае признания выпуска долговых эмиссионных ценных бумаг, обеспеченных ипотекой, несостоявшимся, регистрационная запись об ипотеке погашается после полного исполнения эмитентом долговых эмиссионных ценных бумаг всех своих обязательств перед их приобретателями, на основании заявления управляющего залогом, к которому прилагается документ, подтверждающий признание соответствующего выпуска долговых эмиссионных ценных бумаг несостоявшимся, а также гарантийное письмо эмитента облигаций об отсутствии задолженности по исполнению обязательств перед приобретателями долговых эмиссионных ценных бумаг. В случае если в последующем окажется, что обязательства эмитента перед приобретателями долговых эмиссионных ценных бумаг полностью не исполнены, эмитент и лицо, выступившее в качестве управляющего залогом, несут солидарную ответственность по их исполнению.

9.

В случае неисполнения или ненадлежащего исполнения обязательств эмитентом долговых эмиссионных ценных бумаг, обеспеченных залогом перед их владельцами, последние имеют право письменно обратиться к управляющему залогом с требованием о погашении таких обязательств за счет их залогового обеспечения. Управляющий залогом по истечении 5 дней со дня поступления к нему такого требования обязан предпринять действия по удовлетворению претензий владельцев долговых эмиссионных ценных бумаг к их эмитенту за счет их залогового обеспечения в порядке, предусмотренном условиями их выпуска, решением об обременении имущества в пользу владельцев долговых эмиссионных ценных бумаг, и в соответствии с настоящим Законом.

Управляющий залогом обязан предпринять действия, указанные в настоящей статье, и при отсутствии обращения владельцев долговых эмиссионных ценных бумаг, если полное или частичное неисполнение эмитентом долговых эмиссионных ценных бумаг своих обязательств по ним продолжается более 30 календарных дней подряд.

10.

В случае если по основаниям, предусмотренным настоящим Законом, заложенное имущество должно перейти в собственность владельцев долговых эмиссионных ценных бумаг с залоговым обеспечением, имущество, являющееся предметом залога по долговым эмиссионным ценным бумагам, переходит в общую долевую собственность всех владельцев долговых эмиссионных ценных бумаг, обеспеченных таким залогом.

(В редакции Закона КР от 22 апреля 2016 года № 49, 2 августа 2022 года № 76)

Кыргызча
Күрөө менен камсыз кылынган карыздык эмиссиялык баалуу кагаздар 1. Баалуу кагаздар жана кыймылсыз мүлк күрөө менен камсыз кылынган карыздык эмиссиялык баалуу кагаздар боюнча күрөөнүн предмети боло алат. Карыздык эмиссиялык баалуу кагаздар боюнча күрөөнүн предмети боло алган баалуу кагаздарга жана кыймылсыз мүлккө карата талаптар, ошондой эле алардын эмитентине жана күрөөнү башкаруучуга карата талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. 2. Күрөө менен камсыз кылынган карыздык эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгарууда алардын эмитенти же болбосо карыздык эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечимде алар тарабынан көрсөтүлгөн башка жактар күрөө берүүчү катары чыга алат, ал эми күрөөнүн предмети ушул Мыйзамда каралган тартипте баалуу кагаздарды кармоочулардын реестринде алардын ээлери катары катталган адамдардын пайдасына оорлотулууга жатат. Күрөө менен камсыз кылынган карыздык эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгарууда алардын эмитенти баалуу кагаздарды кармоочулардын реестринде алардын ээлери катары катталган адамдардын кызыкчылыгында күрөөнү башкаруучуну дайындоого милдеттүү. Баалуу кагаздар рыногунун чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына жооп берген жактар гана карыздык эмиссиялык баалуу кагаздар боюнча күрөөнү башкаруучу болууга укуктуу. 3. Күрөөлүк камсыз кылуу менен карыздык эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгарган учурда күрөө жөнүндө келишимдин формасына жана мазмунуна карата талаптар эмитент жана күрөө берүүчү тарабынан төмөндө көрсөтүлгөн талаптар аткарылган учурда сакталды деп эсептелет: 1) карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын ээлеринин пайдасына мүлктү оордотуу жөнүндө чечим жазуу жүзүндө жол-жоболоштурулушу, күрөөнүн предметине өндүрүп алууну чегерүүнүн соттук эмес тартибин кошо алганда, күрөө келишими үчүн негизги жоболорду, ошондой эле күрөөнү башкаруучуга көрсөтмөнү камтууга тийиш; 2) карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын ээлеринин пайдасына мүлктү оордотуу жөнүндө чечим мындай чечимди кабыл алуунун талаптагыдай тартиптерин сактоо менен күрөө берүүчүнүн ыйгарым укуктуу органы тарабынан кабыл алынууга тийиш, эгерде күрөө берүүчү катары жеке жак чыкса, мындай чечим ал тарабынан бардык укук ээлери менен макулдашылууга жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш; 3) карыздык эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө эмитенттин чечиминде ага ылайык карыздык эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгаруучулардын ээлеринин пайдасына алардын мүлкүн оордотуу жөнүндө күрөө берүүчүлөрдүн бардык чечимдери анын ажырагыс бөлүгү болуп саналарына карата тике көрсөтмөнү камтууга тийиш; 4) күрөө менен камсыз кылынган карыздык эмиссиялык баалуу кагаздар боюнча күрөөнү башкаруучу катары бир гана жак чыга алат. 4. Эгерде баалуу кагаздар толугу менен же жарым-жартылай күрөөнүн предмети болуп чыкса, анда аларды оордотуу жөнүндө чечим баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына жооп берүүчү өзгөчө шарттарды камтууга жана күрөө берүүчү тарабынан баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш. 5. Эгерде кыймылсыз мүлк толугу менен же жарым-жартылай күрөөнүн предмети болуп чыкса, анда карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын ээлеринин пайдасына мүлктү оордотуу жөнүндө чечим төмөнкүдөй шарттарды сактоо менен мамлекеттик каттоого жатат: 1) оордотуу салынган учурдан тартып жана карыздык эмиссиялык баалуу кагаздарды жайгаштыруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоо учуруна чейинки мезгилде аларды алгачкы жайгаштыруунун жүрүшүндө карыздык эмиссиялык баалуу кагаздарды сатып алуучулардын кызыкчылыгында күрөөнү башкаруучу күрөө кармоочу болуп саналат; 2) карыздык эмиссиялык баалуу кагаздарды жайгаштыруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоо учурунан тартып жана карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын эмитенти тарабынан алардын ээлеринин алдындагы бардык милдеттенмелерди толук аткарганга чейинки мезгилде аларды кармоочулардын реестринде катталган карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын ээлери күрөө кармоочулар болуп саналат, ал эми алардын кызыкчылыктарынын өкүлү катары күрөөнү башкаруучу чыгат. 6. Күрөө кармоочу жөнүндө маалыматтар катары ипотеканы мамлекеттик каттоодо Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги ипотека тууралуу каттоо жазуусу карыздык эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгаруунун мамлекеттик каттоо номерин жана аны мамлекеттик каттоо датасын, ошондой эле көрсөтүлгөн мамлекеттик каттоо номери менен чыгарылыштагы карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын ээлери күрөө кармоочулар болуп саналарына көрсөтмөнү камтууга тийиш. 7. Эгерде баалуу кагаздар толугу менен же жарым-жартылай күрөөнүн предмети болуп чыкса, күрөө берүүчү оордотуу жөнүндө чечимди кабыл алууда депозитарийдин эрежесинде каралган тартипте, карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын ээлеринин пайдасына мындай баалуу кагаздарга оордотуу салуу менен лицензияланган депозитарийде ачылган күрөөнү башкаруучунун депо эсебине которууга милдеттүү. Баалуу кагаздарды жана карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын ээлеринин кызыкчылыгы үчүн аларды оордотууну көрсөтүү менен күрөөнү башкаруучунун депо эсебинин көчүрмөсү баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 8. Ипотека менен камсыз кылынган карыздык эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгаруу ишке ашкан жок деп тааныган учурда, ипотека жөнүндө каттоо жазуусу карыздык эмиссиялык баалуу кагаздарды тиешелүү чыгарууну ишке ашкан жок деп таанууну ырастаган документ, ошондой эле карыздык эмиссиялык баалуу кагаздарды сатып алуучулардын алдында милдеттенмелердин аткарылышы боюнча карыздын жоктугу жөнүндө облигациялардын эмитентинин кепилдик каты тиркелген күрөөнү башкаруучунун арызынын негизинде карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын эмитенти аларды сатып алуучулардын алдындагы өзүнүн бардык милдеттерин толук аткаргандан кийин жабылат. Эгерде андан ары эмитенттин карыздык эмиссиялык баалуу кагаздарды сатып алуучулардын алдындагы милдеттенмеси толук аткарылбаган учурда, эмитент жана күрөөнү башкаруучу катары чыккан жак аларды аткаруу боюнча ортоктош жоопкерчиликтерди тартышат. 9. Күрөө менен камсыз кылынган карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын эмитентинин алардын ээлеринин алдындагы милдеттенмени аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын ээлери күрөөнү башкаруучуга аларды күрөөлүк камсыз кылуунун эсебинен мындай милдеттенмени жабуу жөнүндөгү талабы менен жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Күрөөнү башкаруучу мындай талап ага келип түшкөн күндөн тартып 5 күн өткөндөн кийин карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын ээлеринин алардын эмитентине карата койгон дооматтарын канааттандыруу боюнча алардын күрөөлүк камсыз кылуунун эсебинен аларды чыгаруунун шарттарында, карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын ээлеринин пайдасына мүлктү оордотуу жөнүндө чечимде каралган тартипте жана ушул Мыйзамга ылайык аракеттерди жасоого милдеттүү. Эгерде карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын эмитенти өз милдеттерин катары менен 30 календарлык күндөн ашык толук же жарым-жартылай аткарбаса, күрөөнү башкаруучу карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын ээлеринин кайрылуусу болбогондо, ушул статьяда көрсөтүлгөн аракеттерди жасоого милдеттүү. 10. Эгерде ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча коюлган мүлк күрөөнү камсыз кылуучу карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын ээлеринин менчигине өтүүгө тийиш болсо, күрөө менен камсыз кылынган карыздык эмиссиялык баалуу кагаздар боюнча күрөөнүн предмети болуп саналган мүлк мындай күрөө менен камсыз кылынган карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын бардык ээлеринин жалпы үлүштүк менчигине өтөт. (КР 2016-жылдын 22-апрелиндеги № 49, 2022-жылдын 2-августундагы № 76 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)