Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 52
Закон Кыргызской Республики от 12 марта 2005 года № 49 "О залоге" · гл. 5Статус: действует

Статья 52. Залог прав

1.

В случае когда предметом залога является денежный долг, причитающийся залогодателю, залогодатель не обязан, за исключением случаев, предусмотренных законодательством, уведомлять своего дебитора, что его долг передан в залог. Дебитор, долг которого передан в залог, может погасить его путем осуществления выплат залогодателю либо лицу, которого назначит залогодатель, если только залогодатель или залогодержатель не извещает дебитора о существовании залога. После вручения такого извещения дебитору залогодержатель может напрямую преследовать дебитора по переданному в залог долгу, причитающемуся залогодателю, и заложенный долг может быть погашен только путем выплат залогодержателю или лицу, назначенному залогодержателем.

Залог предприятия как имущественного комплекса включает и залог всех прав, принадлежащих предприятию, если иное не указано в договоре о залоге.

2.

Если предметом залога является договорное обязательство третьего лица перед залогодателем, не являющееся денежным долгом, то такое договорное обязательство удовлетворяется обязующейся стороной согласно договоренности с залогодателем. В таком случае залогодержатель может получить удовлетворение после того, когда любая стоимость по договору переходит во владение залогодателя.

Залогодержатель может получить удовлетворение напрямую от обязующейся стороны по договорному обязательству только после того, как залогодержатель направит копию извещения о принудительном взыскании обязующейся стороне, указывающего на то, что залогодержатель осуществляет, в соответствии с настоящим Законом, свое право принудительного взыскания договорного обязательства обязующейся стороны перед залогодателем.

(В редакции Закона КР от 30 марта 2009 года № 97)

Кыргызча
Укуктардын күрөөсү 1. Күрөө берүүчүгө тиешелүү болгон акчалай карыз күрөөнүн жүйөсү болуп саналган учурда, күрөө берүүчү мыйзамдарда каралган учурларды эске албаганда, күрөөсү карызга берилгени тууралу өз дебиторуна кабар берүүгө милдеттүү эмес. Карызы күрөөгө коюлган дебитор, эгерде күрөө берүүчү же күрөө кармоочу күрөөнүн коюлгандыгы тууралу дебиторго билдирбесе, аны күрөө берүүчүгө төлөп берүү жолу менен же күрөө берүүчү дайындаган жакка берүү аркылуу жаба алат. Мындай билдирүүдөн кийин дебиторго тапшырылгандан кийин күрөө кармоочу күрөө берүүчүгө таандык болгон күрөөгө коюлган карыз боюнча дебитордун аркасынан тикелей түшө алат, күрөөгө коюлган карыз күрөө кармоочуга же күрөө кармоочу тарабынан дайындалган жакка ордун төлөп берүү жолу менен гана жабылышы мүмкүн. Эгерде күрөө келишиминде башкасы көрсөтүлбөсө, мүлк комплекси катары ишкана күрөөсү ишканага таандык бардык укуктардын күрөөсүн өзүнө кошо камтыйт. 2. Эгерде күрөөнүн жүйөсү күрөө берүүчүнүн алдындагы үчүнчү бир жактын акчалай карыздан тышкаркы келишимдик милдеттенмеси болсо, анда мындай келишимдик милдеттенме күрөө берүүчү менен макулдашууга ылайык милдетин алган тарап аркылуу канагаттандырылат. Мындай учурда күрөө кармоочу келишим боюнча нарктын кандайы болсо да күрөө берүүчүнүн карамагына өтсө, канагаттануу ала алат. Күрөө кармоочу келишимдик милдеттенме боюнча милдетти алган тараптан тикелей өзү мажбурлап төлөм алуу билдирүүсүнүн көчүрмөсүн ошол милдет алган тарапка жибергенден кийин гана канагатты ала алат, ал үчүн аталган билдирүүдө бул ишти - күрөө берүүчү алдындагы милдет алган тараптан келишимдик милдеттенмени мажбурлап алуу укугун ушул Мыйзамга ылайык жүргүзүп жатканы көрсөтүлүшү керек. (КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)