Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 220 УК
УК КР · гл. 22Статус: утратил силу

Статья 220. Подкуп участников и организаторов спортивных соревнований и зрелищных конкурсов

(1) Подкуп спортсменов, спортивных судей, тренеров, руководителей команд и других участников или организаторов профессиональных спортивных соревнований, а равно организаторов или членов жюри зрелищных коммерческих конкурсов с целью оказания влияния на результат этих соревнований или конкурсов, совершенный организованной преступной группой, -

наказывается общественными работами на срок от двухсот сорока до трехсот часов с взысканием штрафа в размере пятидесяти расчетных показателей либо штрафом в размере от четырехсот до шестисот расчетных показателей или исправительными работами сроком на два года либо лишением свободы на срок до двух лет.

(2) Незаконное получение денег или материальных ценностей, или услуг материального характера спортивными судьями, тренерами, руководителями команд или организаторами спортивных соревнований, а равно организаторами или членами жюри зрелищных коммерческих конкурсов с целью оказания влияния на результаты соревнований или конкурсов -

наказывается штрафом в размере от пятисот до семисот расчетных показателей или исправительными работами на срок до двух лет либо лишением свободы на срок до трех лет с лишением права занимать определенные должности или заниматься определенной деятельностью на срок от одного года до трех лет.

(В редакции Законов КР от 25 июня 2007 года № 91, 30 июля 2013 года № 169)

Кыргызча
Спорттук мелдештерге жана оюн-зоок конкурстарына катышуучуларды жана уюштуруучуларды паралап сатып алуу (1) Спортсмендерди, спорттук судьяларды, машыктыруучуларды, командалардын жетекчилерин жана профессионал спорттук мелдештердин башка катышуучуларын же уюштуруучуларын, ага тете эле коммерциялык оюн -зоок конкурстарынын уюштуруучуларын же жюринин мүчөлөрүн мындай мелдештердин же конкурстардын натыйжаларына таасир көрсөтүү максатында паралап сатып алуу уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда, - эсептик көрсөткүчтөрдүн элүү өлчөмүндөгү айып салуу менен эки жуз кырктан үч жүз саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга же болбосо эсептик көрсөткүчтөрдүн төрт жүздөн алты жүзгө чейинки өлчөмүндөгү айыпка же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Спорттук судьялардын, машыктыруучулардын, командалардын жетекчилеринин же спорттук мелдештерди уюштуруучулардын, ага тете эле коммерциялык оюн-зоок конкурстарынын уюштуруучуларынын же жюри мүчөлөрүнүн мелдештердин же конкурстардын натыйжаларына таасир көрсөтүү максатында акча же материалдык баалуулуктарды же материалдык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөрдү мыйзамсыз алуусу, - беш жүздөн жети жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2013-жылдын 30-июлундагы № 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Право на дату

Откройте статью в редакции, действовавшей на нужную дату.