Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 221 УК
УК КР · гл. 23Статус: утратил силу

Статья 221. Злоупотребление полномочиями служащими коммерческих или иных организаций

(1) Использование служащим коммерческой или иной организации своих распорядительных или иных управленческих полномочий вопреки интересам этой организации и в целях извлечения выгод либо преимуществ для себя, а также других лиц, либо нанесения вреда другим лицам, если это повлекло причинение существенного вреда правам или законным интересам граждан, организаций либо государства, -

наказывается штрафом в размере от пятисот до одной тысячи расчетных показателей либо лишением свободы на срок от одного года до трех лет.

(2) То же деяние, повлекшее тяжкие последствия, а равно смену собственника коммерческой или иной организации помимо его воли, -

наказывается штрафом в размере от одной тысячи до четырех тысяч расчетных показателей либо лишением свободы на срок от трех до пяти лет.

(3) Деяние, предусмотренное частью первой настоящей статьи, совершенное лицом, выполняющим управленческие функции в коммерческой организации, где более 30 процентов акций (доли) принадлежит государству или органам местного самоуправления, -

наказывается лишением свободы на срок от пяти до восьми лет с лишением права занимать определенные должности или заниматься определенной деятельностью на срок до трех лет с конфискацией имущества.

(4) Деяние, предусмотренное частью третьей настоящей статьи, повлекшее тяжкие последствия, а равно совершенное:

1) группой лиц по предварительному сговору;

2) с причинением особо крупного ущерба, -

наказывается лишением свободы на срок от восьми до двенадцати лет с лишением права занимать определенные должности или заниматься определенной деятельностью на срок до трех лет с конфискацией имущества.

Примечания. 1. Выполняющим управленческие функции в коммерческой или иной организации в статьях настоящей главы признается лицо, постоянно, временно либо по специальному полномочию выполняющее организационно-распорядительные или административно-хозяйственные обязанности в коммерческой организации независимо от формы собственности, а также в некоммерческой организации, не являющейся государственным органом, органом местного самоуправления, государственным или муниципальным учреждением.

2.

Если деяние, предусмотренное настоящей статьей либо иными статьями настоящей главы, причинило вред интересам исключительно коммерческой организации, не являющейся государственным или муниципальным предприятием, хозяйственным обществом, в котором государство или муниципальное образование владеет акциями (долями в уставном капитале), уголовное преследование осуществляется по заявлению этой организации или с ее согласия.

3.

Если деяние, предусмотренное настоящей статьей либо иными статьями настоящей главы, причинило вред интересам других организаций, а также интересам граждан, общества или государства, уголовное преследование осуществляется на общих основаниях.

4.

Деяние, предусмотренное настоящей статьей, признается совершенным с причинением особо крупного ущерба, если он в двадцать тысяч раз превышает расчетный показатель, установленный законодательством Кыргызской Республики на момент совершения преступления.

(В редакции Законов КР от 25 июня 2007 года № 91, 24 июля 2009 года № 246, 16 января 2015 года № 16)

Кыргызча
Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы (1) Коммерциялык же башка уюмдун кызматчылары өзүнүн тескөөчү же башка башкаруучулук ыйгарым укуктарын бул уюмдун кызыкчылыктарына каршы жана өзү үчүн, ошондой эле башка адамдар үчүн пайда же артыкчылык табуу, болбосо башка адамдарга зыян келтирүү максатында пайдаланганда, эгерде ал граждандардын, уюмдардын же мамлекеттин укуктарына же мыйзамдуу кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирүүгө алып келсе, - эсептик көрсөткүчтөрдүн беш жүздөн бир миңге чейинки өлчөмүндө айыпка, же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар, оор кесепеттерге, ага тете коммерциялык же башка уюмдун менчик ээсинин эркине карабастан аны алмаштырууга алып келсе, - эсептик көрсөткүчтөрдүн бир миңден төрт миңге чейинки өлчөмүндө айыпка, же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосун акцияларынын 30дан ашык пайызы (үлүшү) мамлекетке же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү болгон коммерциялык уюмдагы башкаруу милдетин аткаруучу адам тарабынан жасалса, - мүлкүн конфискациялоо менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен, беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө каралган, оор кесепеттерге алып келген, ага тете жосун: 1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан; 2) өзгөчө ири зыян келтирүү менен жасалса, - мүлкүн конфискациялоо менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен, сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүүлөр. 1. Ушул главанын статьяларында коммерциялык же башка уюмда башкаруучулук милдеттерди аткаруучу катары, менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык уюмда, ошондой эле мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик же муниципалдык мекеме болбогон коммерциялык эмес уюмда уюштуруучулук-тескөөчүлүк же администрациялык-чарбалык милдеттерди туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укуктар боюнча аткарган адам табылат. 2. Эгерде ушул статьяда же болбосо ушул главанын башка статьяларында каралган жосун мамлекеттик же муниципалдык түзүлүш акцияларга (уставдык капиталдагы үлүшкө) ээлик кылган мамлекеттик же муниципалдык ишкана, чарбалык коом болуп саналбаган коммерциялык уюмдун гана кызыкчылыктарына зыян келтирсе, кылмыш-жаза куугунтугуна алуу ошол уюмдун арызы боюнча же анын макулдугу менен жүзөгө ашырылат. 3. Эгерде ушул статьяда, болбосо ушул главанын башка статьяларында каралган жосун башка уюмдардын кызыкчылыктарына, ошондой эле граждандардын, коомдун же мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирсе, кылмыш-жаза куугунтугуна алуу жалпы негизде жүзөгө ашырылат. 4. Ушул статьяда каралган жосун, эгерде ал кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн жыйырма миң эсе ашса, өзгөчө ири зыян келтирүү менен жасалган деп таанылат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 24-июлундагы № 246, 2015-жылдын 16-январындагы № 16 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Право на дату

Откройте статью в редакции, действовавшей на нужную дату.