Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 9
Закон КР от 1 августа 2020 года № 110 "Об актах гражданского состояния" · гл. 1Статус: действует

Статья 9. Повторная выдача свидетельств о государственной регистрации актов гражданского состояния

1.

При утрате, порче, ветхости бланка свидетельства, ламинировании, нечитаемости текста и/или печати повторное свидетельство о государственной регистрации акта гражданского состояния выдается органом записи актов гражданского состояния по месту обращения заявителя.

2.

Повторное свидетельство о государственной регистрации акта гражданского состояния выдается:

1) лицу, в отношении которого была составлена запись акта гражданского состояния;

2) опекунам лиц, признанных недееспособными;

3) близкому родственнику умершего (свидетельство о смерти);

4) родителям (лицам, их заменяющим) или представителю территориального подразделения уполномоченного государственного органа по защите детей, детских домов и интернатов в случае, если лицо, в отношении которого была составлена запись акта о рождении, не достигло ко дню выдачи повторного свидетельства совершеннолетия;

5) иному лицу, в случае представления нотариально удостоверенной доверенности от лица, имеющего в соответствии с настоящей статьей право на получение повторного свидетельства о государственной регистрации акта гражданского состояния.

3.

Повторное свидетельство о государственной регистрации акта гражданского состояния не выдается:

1) родителям (одному из родителей) ребенка, в отношении которого родители (родитель) лишены или ограничены в родительских правах, - свидетельство о рождении ребенка;

2) лицам, расторгнувшим брак и лицам, брак которых признан недействительным, - свидетельство о заключении брака.

4.

По обращению заявителя органами записи актов гражданского состояния выдаются выписки из записи актов гражданского состояния по всем видам записи актов гражданского состояния в порядке, установленном Правительством Кыргызской Республики.

Кыргызча
Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдү кайрадан берүү 1. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк күбөлүктүн бланкы жоголгондо, бузулганда, эскирип жыртылганда, ламинирленгенде, тексти жана/же мөөрү окулбай калганда, арыз ээси кайрылган жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан кайрадан берилет. 2. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк төмөнкүлөргө кайрадан берилет: 1) ага карата жарандык абал актысына жазуу жүргүзүлгөн адамга; 2) эмгекке жарамсыз деп таанылган адамдардын камкорчуларына; 3) өлгөн адамдын жакын тууганына (өлгөндүгү тууралуу күбөлүк); 4) эгерде туулгандыгы тууралуу актыга жазуу жүргүзүлгөн баланын күбөлүктү кайрадан берүүчү күнгө карата жашы жете элек болсо, ата-энесине (аларды алмаштыруучу адамдарга) же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн, балдар үйлөрүнүн жана интернаттарынын өкүлдөрүнө; 5) ушул беренеге ылайык, жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктү кайрадан алууга укугу бар адамдын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каты көрсөтүлгөн учурда, башка адамга. 3. Жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк төмөнкүдөй учурларда кайрадан берилбейт: 1) ата-энеси (атасы же энеси) ата-энелик укуктарынан ажыратылганда же ата-энелик укуктары чектелгенде, баланын ата-энесине (ата-энесинин бирине) - туулгандыгы тууралуу күбөлүк; 2) никеси бузулган адамдарга жана никеси жараксыз деп таанылган адамдарга - нике тууралуу күбөлүк. 4. Арыз ээсинин кайрылуусу боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте, жарандык абалдын актыларын жазуунун бардык түрлөрү боюнча жарандык абалдын актыларындагы жазуулардан көчүрмөлөр берилет.