Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 5
Закон КР от 1 августа 2020 года № 110 "Об актах гражданского состояния" · гл. 1Статус: действует

Статья 5. Государственная регистрация актов гражданского состояния

1.

Государственная регистрация актов гражданского состояния устанавливается в целях охраны имущественных и личных неимущественных прав граждан, а также в интересах государства.

2.

Государственная регистрация актов гражданского состояния производится в электронном виде посредством автоматизированных информационных систем, подписывается заявителями и сотрудником органа записи актов гражданского состояния, составляющим запись акта гражданского состояния.

2-1.

Заявления посредством Государственного портала электронных услуг подаются в уполномоченный государственный орган в сфере регистрации актов гражданского состояния.

3.

Регистрация актов гражданского состояния осуществляется органом записи актов гражданского состояния по месту обращения заявителя.

Заявление, поданное посредством Государственного портала электронных услуг, о государственной регистрации акта гражданского состояния рассматривается органом записи актов гражданского состояния, указанным в заявлении.

3-1.

Порядок государственной регистрации актов гражданского состояния в рамках применения законодательства в сфере защиты прав участников уголовного судопроизводства определяется Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

4.

Государственная регистрация актов гражданского состояния граждан Кыргызской Республики, проживающих за пределами территории Кыргызской Республики, производится дипломатическими представительствами и консульскими учреждениями Кыргызской Республики в соответствии с настоящим Законом в электронном виде посредством автоматизированных информационных систем.

5.

Обеспечение информационной безопасности в установленном порядке и ответственность за несанкционированный доступ к записям актов гражданского состояния возлагается на уполномоченный орган в сфере регистрации.

6.

(Утратила силу в соответствии с Законом КР от 8 июля 2024 года № 113)

7.

Сотрудник органа записи актов гражданского состояния не вправе осуществлять государственную регистрацию актов гражданского состояния в отношении себя, своего супруга (супруги), его и своих близких родственников. В таких случаях государственная регистрация актов гражданского состояния производится другим сотрудником или в другом органе записи актов гражданского состояния.

8.

Ответственность за правильность и качество государственной регистрации актов гражданского состояния возлагается на сотрудника, составившего записи актов гражданского состояния, и его непосредственного руководителя.

9.

Порядок и организация государственной регистрации актов гражданского состояния и выдачи свидетельств о регистрации актов гражданского состояния определяются Правительством Кыргызской Республики.

(В редакции Законов КР от 29 ноября 2021 года N 142, 8 июля 2024 года № 113)

Кыргызча
Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо 1. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жарандардын мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарын коргоо максатында, ошондой эле мамлекеттин кызыкчылыктарында белгиленет. 2. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо автоматташтырылган маалымат системалары аркылуу электрондук түрдө жүргүзүлөт, арыз ээлери жана жарандык абалдын актысына жазуу жүргүзүүчү жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызматкери тарабынан кол коюлат. 2-1. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу арыздар жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет. 3. Жарандык абалдын актыларын каттоо арыз ээси кайрылган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүзөгө ашырылат. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу берилген жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндөгү арыз арызда көрсөтүлгөн жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан каралат. 3-1. Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуунун алкагында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. 4. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарандык абалынын актыларын мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамына ылайык автоматташтырылган маалымат системалар аркылуу электрондук түрдө жүргүзүлөт. 5. Маалымат коопсуздугун белгиленген тартипте камсыз кылуу жана жарандык абалдын актыларындагы жазууларга санкцияланбаган жеткиликтүүлүк үчүн жоопкерчилик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт. 6. (КР 2024-жылдын 8-июлундагы № 113 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 7. Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызматкери өзүнө, өзүнүн жубайына, анын жана өзүнүн жакын туугандарына карата жарандык абалдын актыларына мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырууга укуксуз. Мындай учурларда жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо башка кызматкер тарабынан же жарандык абалдын актыларын каттоонун башка органында жүргүзүлөт. 8. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоонун тууралыгы жана сапаты үчүн жоопкерчилик жарандык абалдын актыларына жазууларды жүргүзүүчү кызматкерге жана анын түздөн-түз жетекчисине жүктөлөт. 9. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү берүү тартиби жана уюштуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. (КР 2021-жылдын 29-ноябрындагы N 142, 2024-жылдын 8-июлундагы 113 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)