Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 67
Закон Кыргызской Республики от 12 марта 2005 года № 49 "О залоге" · гл. 7Статус: действует

Статья 67. Реализация предмета залога

1.

По истечении 15 дней с момента начала процедуры обращения взыскания залогодержатель имеет право распоряжаться предметом залога посредством обращения взыскания, если иное не установлено судебным решением и законодательством Кыргызской Республики.

2.

Реализация предмета залога по обращению взыскания должна быть либо публичной или осуществляться иным способом и соответствовать типу и статусу имущества.

Залогодатель и залогодержатель обязаны добросовестно принимать меры к реализации обеспечения, таким образом, чтобы это было наиболее выгодно для всех участвующих сторон с учетом реальных условий действительности.

3.

Любое лицо, включая залогодержателя, но исключая залогодателя и любых лиц, действующих от имени залогодателя, которое предлагает наивысшую цену среди участников публичных торгов по обращению взыскания в соответствии с настоящей статьей и которое не участвует в сговоре с другими лицами по снижению закупочной цены и не знает ни о каких нарушениях в процедуре обращения взыскания, приобретает право собственности на заложенное имущество.

4.

Если залог выступает в виде заклада и предметом залога являются денежный депозит, ценные бумаги, заменимые вещи или другие вещи, которые могут быть заменены идентичными вещами в случае возникновения необходимости их возврата залогодателю, залогодержатель может осуществлять свои права по обращению взыскания невыполненного обязательства в момент наступления срока исполнения обязательства, обеспеченного залогом.

Независимо от того, является ли залог закладом или зарегистрированным залогом, залогодержатель имеет право продать или же другим образом реализовать этот залог немедленно после вступления во владение этим залогом, если данное обеспечение по своим физическим свойствам является скоропортящимся или же есть угроза, что оно быстро потеряет свою стоимость.

5.

Залогодатель может выкупить предмет залога на публичных торгах по обращению взыскания или может выкупить заложенное имущество в любое время до торгов по обращению взыскания путем выплаты залогодержателю всей причитающейся суммы, относящейся к обязательству, обеспеченному заложенным имуществом, включая затраты на обращение взыскания.

6.

Отчуждение предмета залога обращением взыскания с целью удовлетворения требований по обязательству, обеспеченному залогом, не является торговой операцией.

Кыргызча
Күрөөнүн жүйөсүн сатып өткөрүү 1. Өндүрүп алууну айлантуу жол-жобосу башталган 15 күндөн кийин күрөө кармоочу, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана сот чечиминде башкасы каралбаса, күрөөнүн жүйөсүн өндүрүп алуу жолу менен тескөөгө укугу бар. 2. Өндүрүп алууну айлантуу боюнча күрөөнүн жүйөсүн сатып өткөрүү ачык же башка ыкма менен мүлктүн түрүнө же статусуна ылайык келиши керек. Күрөө кармоочу менен күрөө берүүчү камсыз кылууну ишке ашыруу чараларын ак ниеттүүлүк менен көрүүгө, андайды чыныгы турмуштун реалдуу шарттарын эсепке алуу менен катышып жаткан бардык тараптар үчүн абдан пайдалуу абалды түзүүгө милдеттүү. 3. Кандай гана жак болбосун, анын ичинде күрөө кармоочуну кошкондо, бирок күрөө берүүчү менен ушул статьяга ылайык өндүрүп алууну айлантуу боюнча ачык торуктарга катышкандардын арасында эң жогорку бааны сунуш кылган күрөө берүүчүнүн атынан иш кылгандын кимиси болсо да жана сатып алуу баасын төмөндөтүү боюнча башка жактар менен жең ичинен сүйлөшүүгө катышпаган жана өндүрүп алууну айлантуу жол-жобосунда эч кандай укук бузууну билбеген жак күрөөгө коюлган мүлккө карата менчик укугун алат. 4. Эгерде күрөө күрөөлүк түрүндө чыкса жана күрөөнүн жүйөсү акчалай депозит, баалуу кагаздар, алмаштырылуучу буюмдар же алардан күрөө берүүчүгө кайтарып берүү зарылчылыгы туулса бирдей буюмдар менен алмаштырылгыдай дагы башка буюмдар болсо, күрөө кармоочу аткарылбаган милдеттенмени өндүрүп алууга айлантуу боюнча өз укуктарын күрөө менен камсыз кылынган милдеттенмени аткаруу мөөнөтү келген учурда жүзөгө ашыра алат. Эгерде мындай камсыз кылуу өзүнүн жеке касиеттери боюнча тез бузулуп, же наркы тез ылдыйлап кетүү коркунучу болсо, күрөө күрөөлүк буюмбу же катталган күрөөбү, ага карабастан күрөө кармоочу бул күрөөнү, дароо сатып жиберүүгө же башкача жол менен иштетүүгө укугу бар. 5. Күрөө берүүчү өндүрүп алуу боюнча күрөөнүн жүйөсүн ачык же жеке торуктарда сатып ала алат, же күрөөгө коюлган мүлктү күрөөгө коюлган мүлк менен камсыз кылынган күрөө кармоочуга тиешелүү бардык суммасынын ичинде өндүрүп алууну айлантуу чыгымдарын төлөп берүү жолу менен өндүрүп алууну айлантуу торуктары өткөнгө чейинки кайсы учурда болсо да сатып ала алат. 6. Күрөө менен камсыз кылынган милдеттенме боюнча талаптарды канагаттандыруу максаты менен өндүрүп алуу айлантуу аркылуу күрөө жүйөсүн ажыратуу соода операциясы болуп саналбайт.