Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 81
Закон Кыргызской Республики от 12 марта 2005 года № 49 "О залоге" · гл. 7Статус: действует

Статья 81. Общие требования к содержанию отчета организатора торгов

1.

Надлежащим исполнением организатором торгов своих обязанностей по реализации предмета залога являются составление и передача отчета.

2.

Отчет составляется в письменной форме и передается суду (при обращении взыскания в судебном порядке) или сторонам (при обращении взыскания во внесудебном порядке) не позднее 10 дней:

1) со дня окончательного распределения вырученных на торгах средств в случае если торги состоялись;

2) со дня принятия залогодержателем решения о приобретении предмета залога в соответствии с требованиями настоящего Закона.

3.

Отчет по состоявшимся торгам должен содержать следующие сведения:

1) наименование, местонахождение, описание и характеристику предмета залога, вынесенного на торги;

2) время и место проведения торгов;

3) имя (наименование) и местожительство (местонахождение) покупателя, его номер телефона для справок и платежные реквизиты;

4) покупную цену предмета залога, порядок ее уплаты;

5) распределение выручки от торгов;

6) дату составления, имя (наименование) и местожительство (местонахождение) организатора торгов, его номер телефона для справок и платежные реквизиты.

Отчет может содержать иные сведения, являющиеся, по мнению организатора торгов, существенными.

4.

Отчет по несостоявшимся торгам должен содержать:

1) сведения, предусмотренные подпунктами 1, 2 и 6 пункта 3 настоящей статьи;

2) основания объявления торгов (первоначальных или повторных), несостоявшимися;

3) цену приобретения залогодержателем предмета залога в соответствии с требованиями настоящего Закона.

Отчет может содержать иные сведения, являющиеся, по мнению организатора торгов, существенными.

5.

К отчету организатор торгов обязан приложить копии документов, связанных с организацией торгов и реализацией предмета залога.

Кыргызча
Торукту уюштуруучунун отчетунун мазмунуна коюлуучу жалпы талаптар 1. Торукту уюштуруучу тарабынан күрөө жүйөсүн сатып өткөрүү боюнча өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткарылышынын отчетун түзүү жана аны өткөрүп берүү болуп саналат. 2. Отчет жазуу жүзүндө түзүлөт жана он күндөн кечиктирилбестен сотко (өндүрүп алууну сот тартибинде айлантылганда) же тараптарга (соттон тышкаркы тартипте өндүрүп алуу айлантылганда) өткөрүлүп берилет: 1) эгерде торуктар өткөрүлсө, анда түшкөн каражаттарды биротоло бөлүштүргөн күндөн тартып; 2) ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык күрөө жүйөсүн алуу жөнүндө күрөө кармоочу чечим чыгарган күндөн тартып. 3. Өткөн торук боюнча отчет төмөндөгүдөй маалыматтарды камтышы керек: 1) торукка алынып чыккан күрөө жүйөсүнүн аталышын (ысымын) жайгашкан жерин, сыпаттамасын жана мүнөздөмөсүн; 2) торук өткөрүлчү мезгилди жана жерди; 3) сатып алуучунун ысымын (аталышын) жана турган жерин (жайгашкан жерин), маалымат алынчу телефон номерин, төлөм реквизиттерин; 4) күрөө жүйөсүнүн сатып алуу баасын, аны төлөөнүн тартибин; 5) торуктан түшкөн каражатты бөлүштүрүүнү; 6) түзүлгөн датасын, торукту уюштургандын ысымын (аталышын) жана турган жерин (жайгашкан жерин), маалымат үчүн анын телефон номерин жана төлөм реквизиттерин. Отчетто торукту уюштуруучунун пикири боюнча олуттуу деп саналган башка маалыматтар да камтылышы мүмкүн. 4. Өтпөй калган торук боюнча отчетто төмөнкүлөр камтылыш керек: 1) ушул статьянын 3-пунктунун 1, 2 жана 6-пунктчаларында каралган маалыматтар; 2) торуктун (адепки же экинчи) өтпөй калгандыгын жарыялоого негиздер; 3) ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык күрөө кармоочу тарабынан күрөөнүн жүйөсү алынган баа. Отчетто торуктарды уюштуруучунун пикири боюнча олуттуу деп саналган дагы башка маалыматтар камтылышы мүмкүн. 5. Отчетко торуктун уюштуруучусу торукту уюштурууда жана күрөө жүйөсүн сатууга тиешеси бар документ көчүрмөлөрүн тиркөөгө милдеттүү.