Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 68
Закон Кыргызской Республики от 12 марта 2005 года № 49 "О залоге" · гл. 7Статус: действует

Статья 68. Права и обязанности залогодержателя при реализации предмета залога

1.

Залогодержатель может реализовать заложенное имущество любым удобным ему путем, с особенностями, предусмотренными земельным законодательством Кыргызской Республики, если иное не установлено настоящим Законом. Залогодержатель может назначить управляющего залогом, действующего от его имени, для продажи или решения любого связанного с этим вопроса, если иное не установлено настоящим Законом. Залогодержатель вправе подождать с продажей предмета залога с согласия предшествующих и последующих залогодержателей для получения более высокой цены заложенного имущества, с изъятиями, установленными земельным законодательством Кыргызской Республики в отношении заложенных земель сельскохозяйственного назначения.

Такая отсрочка не должна превышать 3 месяцев с момента начала процедуры обращения взыскания или с момента истечения любого продления, установленного временным распоряжением. Продолжительность отсрочки продажи заложенного имущества, за исключением земель сельскохозяйственного назначения, может быть продлена без обращения в суд, если залогодатель и все залогодержатели изъявляют в письменном виде свое согласие на продление отсрочки.

2.

Залогодержатель вкладывает любую выручку от торгов по обращению взыскания, превышающую сумму, причитающуюся залогодержателю, в депозитарий. Эта сумма будет использоваться для выплат залогодержателям следующей очереди, а остатки безотлагательно возвращаются залогодателю. Все средства, затраченные залогодержателем на судебные издержки, содержание, улучшение либо завершение заложенного имущества, на реализацию заложенного имущества, либо затраты в соответствии с пунктом 5 статьи 61 настоящего Закона относятся к расходам по обращению взыскания в соответствии со статьей 9 настоящего Закона и причитаются залогодержателю.

(В редакции Закона КР от 4 февраля 2014 года № 27)

Кыргызча
Курөөнүн жүйөсүн сатып өткөрүүдөгү күрөө кармоочунун укуктары жана милдеттери 1. Эгерде ушул Мыйзамда башкача белгиленбесе, күрөө кармоочу Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында каралган өзгөчөлүктөрү менен өзүнө ыңгайлуу кандай жолдор аркылуу болбосун күрөөгө коюлган мүлктү сатып өткөрө алат. Эгерде ушул Мыйзамда башкача белгиленбесе, күрөө кармоочу бул маселеге байланышкан кандай гана чечим болбосун чыгарууга же сатуу үчүн анын атынан иш жүргүзгөн күрөө башкаруучусун дайындай алат. Күрөө кармоочу айыл чарба багытындагы күрөөгө коюлган жерлерге карата Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленгендей, алып коюу менен коштолгон күрөөгө коюлган мүлктү мурдагы жана кийинки мүлк кармоочулардын макулдугу менен жогорураак баада сатуу үчүн күрөөнүн жүйөсүн сатууну кое турууга укуктуу. Мөөнөттү мындайча узартуу өндүрүп алуу жол-жобосу башталган же убактылуу тескемеде белгиленген кандай узартуунун мөөнөтү болбосун ошол учурдан тартып 3 айдан ашпоого тийиш. Айыл чарба багытындагы жерлерден тышкары күрөөгө коюлган мүлктү сатуунун мөөнөтү, сотко кайрылуусуз эле узартылышы мүмкүн, эгерде күрөө берүүчү жана бардык күрөө кармоочулар жазуу жүзүндө мөөнөттүн узартылышына өздөрүнүн макулдугун беришсе. 2. Күрөө кармоочу өндүрүп алууну айлантуу боюнча торуктан түшкөн кандай гана каражат болбосун күрөө кармоочуга тийиштүү болгон суммадан ашыгын депозитарийге салат. Бул сумма кийинки кезектеги күрөө кармоочуларга төлөө үчүн пайдаланылат, калгандары болсо ошол замат күрөө кармоочуга кайтарылып берилет. Күрөө кармоочунун сотко кеткен, күрөөгө коюлган мүлктү күтүүгө, жакшыртууга же бүткөрүүгө, сатып өткөрүүгө, болбосо ушул Мыйзамдын 61-статьясынын 5-пунктуна ылайык жумшалган чыгымдарды, ушул Мыйзамдын 9-статьясына ылайык өндүрүп алуу боюнча чыгашаларга сарптаган каражаттары кирет жана күрөө кармоочуга ыйгарылат. (КР 2014-жылдын 4-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)