Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 83
Закон Кыргызской Республики от 12 марта 2005 года № 49 "О залоге" · гл. 7Статус: действует

Статья 83. Основания прекращения залога

1.

Залог прекращается полностью или частично по основаниям, предусмотренным Гражданским кодексом Кыргызской Республики, настоящим Законом и договором о залоге.

2.

При прекращении залога залогодержатель обязан:

1) составить извещение о прекращении залога;

2) в случае если предмет залога подлежал регистрации, зарегистрировать это извещение в органе/органах, осуществивших государственную регистрацию залога;

3) внести запись в залоговое уведомление в течение 10 рабочих дней. В случае если залогодержатель в установленные сроки не внесет запись о прекращении залога в залоговое уведомление, то залогодержатель несет ответственность в соответствии с законодательством;

4) по требованию залогодателя (должника) или залогодержателей по предшествующим и последующим залогам предоставить им копии извещения.

3.

Извещение составляется в письменной форме и должно содержать следующие сведения:

1) наименование (имя) и местонахождение (местожительство) залогодателя (должника);

2) наименование (имя) и местонахождение (местожительство) залогодержателя;

3) обстоятельства, являющиеся основанием для прекращения залога;

4) иные сведения, которые, по мнению залогодателя (должника) и/или залогодержателя, являются необходимыми;

5) дату извещения и подпись залогодержателя.

(В редакции Законов КР от 17 декабря 2008 года № 265, 15 июля 2016 года № 117)

Кыргызча
Күрөөнү токтотуунун негиздери 1. Күрөө Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде, ушул Мыйзамда жана күрөө жөнүндөгү келишимде каралган негиздер боюнча толук же жарым-жартылай токтотулат. 2. Күрөөнү токтотууда күрөө кармоочу төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) күрөөнүн токтотулгандыгы жөнүндө билдирме түзүүгө; 2) эгерде күрөөнүн жүйөсү катталууга тийиш болсо, бул билдирме күрөөнү мамлекеттик каттатууну жүзөгө ашыруучу органда/органдарда каттатууга; 3) күрөө кабарлоосуна 10 жумушчу күндүн ичинде жазуу киргизүүгө. Эгерде күрөө кармоочу күрөө кабарлоосуна күрөөнүн токтотулгандыгы жөнүндө жазууну белгиленген мөөнөттө киргизбесе, анда күрөө кармоочу мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат; 4) мурдагы жана кийинки күрөөлөр боюнча карызкордун (күрөө берүүчүнүн) же күрөө кармоочунун талабы боюнча аларга билдирменин көчүрмөлөрүн берүүгө. 3. Билдирме жазуу жүзүндө түзүлөт жана төмөндөгүдөй маалыматтарды камтышы керек: 1) карызкордун (күрөө берүүчүнүн) аталышын (ысымын) жана турган жерин (жашаган жерин); 2) күрөө кармоочунун аталышын (ысымын) жана турган жерин (жашаган жерин); 3) күрөөнү токтотуу үчүн негиз болуп саналган жагдайларды; 4) карызкордун (күрөө берүүчүнүн) жана/же күрөө кармоочунун пикири боюнча зарыл деп саналган дагы башка маалыматтарды; 5) билдирменин датасын жана күрөө кармоочунун колтамгасын. (КР 2008-жылдын 17-декабрындагы № 265, 2016-жылдын 15-июлундагы № 117 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) IV БӨЛҮМ КҮРӨӨГӨ КОЮЛГАН МҮЛК УКУКТАРЫН КОЛ САЛУУДАН КОРГОО