Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 75
Закон Кыргызской Республики от 12 марта 2005 года № 49 "О залоге" · гл. 7Статус: действует

Статья 75. Порядок проведения торгов

1.

Торги заложенного недвижимого имущества проводятся по месту его нахождения.

Торги заложенного движимого имущества проводятся:

а) по месту, определенному сторонами в договоре о залоге либо в Соглашении;

б) по месту, определенному залогодержателем, в случае проведения торгов на основании пункта 4 статьи 60 настоящего Закона;

в) по месту, определенному судом, в случае проведения торгов на основании решения суда.

2.

Организатор торгов извещает о предстоящих торгах не менее чем за 30 календарных дней до проведения торгов путем публикации в периодической печати объявления о торгах.

Объявление о торгах должно быть опубликовано один раз в органе печати республиканского значения и один раз в органе печати местного (районного, городского) значения.

3.

Объявление о торгах должно содержать:

1) наименование, описание и характеристику предмета залога, выносимого на торги;

2) точное местонахождение предмета залога;

3) начальную (стартовую) продажную цену предмета залога;

4) размер, сроки и порядок внесения гарантийного взноса (задатка) участника торгов, если таковой предусмотрен условиями торгов;

5) порядок и сроки уплаты покупной цены;

6) время и место проведения торгов;

7) имя (наименование) и местожительство (местонахождение) организатора торгов, его номер телефона для справок и платежные реквизиты.

В случае если предметом торгов является право заключения договора согласно пункту 4 статьи 72 настоящего Закона, то в извещении о предстоящих торгах должен быть указан предоставляемый для этого срок.

4.

Один экземпляр объявления о торгах вывешивается, если это возможно и к этому нет препятствий, на видном месте прямо на имуществе, выносимом на торги, не позднее чем за один месяц до даты их проведения.

5.

Информация о таком объявлении, времени и месте публичных торгов или о предлагаемых условиях частной реализации направляется залогодателю и другим лицам, имеющим зарегистрированные права на заложенное имущество, не позднее чем за 20 дней до реализации, если только имущество не является скоропортящимся товаром или если оно иным образом не будет стремительно падать в цене.

6.

В торгах не имеют право участвовать в качестве покупателей следующие лица:

1) организатор торгов и лица, состоящие с ним в близком родстве или отношении, а также юридические лица, в уставном капитале которых 5 процентов и более долей (акций) принадлежат организатору торгов;

2) должностные лица судов;

3) государственные предприятия, учреждения, организации, если предметом торгов является государственное имущество или имущественные права;

4) лица, которые в соответствии с законодательством Кыргызской Республики не могут быть собственниками имущества, выносимого на торги, или обладателями имущественных прав.

7.

Перед началом торгов лица, желающие принять в них участие, вносят гарантийный взнос в порядке и в сроки, установленные в объявлении о торгах. Размер гарантийного взноса не может превышать 5 процентов от начальной продажной цены предмета залога, с учетом особенностей, установленных земельным законодательством Кыргызской Республики.

8.

Залогодержатель, участвующий в торгах, освобождается от внесения гарантийного взноса, а также в случае выигрыша торгов - от внесения покупной цены в пределах суммы его требований.

9.

Гарантийные взносы участников торгов подлежат возврату в случае:

1) если лицо, внесшее гарантийный взнос, по каким-либо причинам не принимало участия в торгах;

2) если участник торга участвовал, но не выиграл торги;

3) если торги признаны несостоявшимися.

Гарантийный взнос участника, выигравшего торги, засчитывается в счет покупной цены.

Гарантийный взнос участника, выигравшего торги, но не оплатившего покупную цену, остается в распоряжении организатора торгов и используется им в порядке, установленном статьей 80 настоящего Закона.

10.

Выигравшим торги на аукционе признается лицо, предложившее наиболее высокую цену за продаваемое имущество, а по конкурсу - лицо, которое в соответствии с заключением заранее назначенной организатором торгов конкурсной комиссии предложило лучшие условия.

Лицо, выигравшее торги, и организатор торгов подписывают в день их проведения протокол о результатах публичных торгов, который имеет силу договора. Уклонение кого-либо из них от подписания протокола влечет последствия, предусмотренные пунктом 5 статьи 409 Гражданского кодекса Кыргызской Республики.

11.

Участник, выигравший публичные торги, должен в течение срока, установленного организатором торгов, но не более одной недели, внести сумму, за которую им куплен предмет залога (покупную цену), за вычетом суммы ранее внесенного гарантийного взноса.

Реализация взысканного предмета залога с целью получения удовлетворения по обязательству, обеспеченному залогом, не является торговой операцией.

12.

Если предметом торгов является имущество, подлежащее государственной регистрации, протокол о результатах торгов является основанием для внесения необходимых записей в государственные реестры в соответствующих государственных органах.

13.

В случае если предметом торгов являлось только право на заключение договора, такой договор должен быть подписан сторонами не позднее 20 дней или иного указанного в извещении срока после завершения торгов и оформления протокола. Этот договор и протокол о результатах торгов являются основанием для внесения необходимых записей в единый государственный реестр прав на недвижимое имущество.

В случае уклонения одной из сторон от заключения договора другая сторона вправе обратиться в суд с требованием о понуждении заключить договор, а также о возмещении причиненных убытков.

(В редакции Закона КР от 4 февраля 2014 года № 27)

Кыргызча
Торуктарды өткөрүүнүн тартиби 1. Күрөөгө коюлган мүлктүн торуктары ошол мүлк жайгашкан жерде жүргүзүлөт. Күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктүн торуктары төмөндөгүчө жүргүзүлөт: а) күрөө жөнүндөгү келишимде же макулдашууда тараптар аныкташкан жери боюнча; б) ушул Мыйзамдын 60-статьясынын 4-пунктунун негизинде торуктар жүргүзүлгөн учурда, күрөө кармоочу аныктаган жери боюнча; в) соттун чечиминин негизинде торуктар жүргүзүлгөн учурда, сот аныктаган жери боюнча. 2. Торуктардын уюштуруучусу ошол торуктар өткөнгө чейинки 30 календардык күндөн кем эмес убакытта торуктар өткөрүлөрү жөнүндө мезгилдүү басма сөзгө жарыялоо жолу менен билдирүү жасайт. Торуктар жөнүндөгү кулактандыруу жылына бир жолу - республикалык маанидеги басма сөздө жана бир жолу жергиликтүү (райондук, шаардык) маанидеги басма сөздө жарыяланышы керек. 3. Торуктар жөнүндөгү кулактандырууда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 1) торуктарга алынып чыгуучу күрөө жүйөсүнүн аталышы, сыпаттамасы жана мүнөздөмөсү; 2) күрөө жүйөсүнүн так жайгашкан жери; 3) күрөө жүйөсүнүн баштапкы (старттык) сатуу баасы; 4) эгерде ушундай жагдай торуктардын шарттарында каралса, торуктарга катышуучунун кепилдик төгүмүнүн (шертпулунун) өлчөмү, мөөнөтү жана аны төгүү тартиби; 5) сатып алуу баасын төлөөнүн тартиби жана мөөнөтү; 6) торуктарды өткөрүү убактысы жана жери; 7) торуктарды уюштуруучунун ысымы (аталыштары) жана турган жери (жайгашкан жери), анын телефон номери жана төлөм реквизиттери. Эгерде ушул Мыйзамдын 72-статьясынын 4-пунктуна ылайык торуктардын жүйөсү келишимди түзүү укугу болсо, анда өткөрүлүүчү торуктар жөнүндө билдирүүдө берилүүчү бул мөөнөт көрсөтүлүшү керек. 4. Эгерде мүмкүн болсо жана буга тоскоолдук болбосо, торуктар кулактандыруусунун бир нускасы торуктарга алынып чыгуучу мүлктүн көрүнүктүү жерине аларды өткөрүү датасына бир ай калгандан кечиктирилбестен илинип коюлат. 5. Мындай кулактандыруу жөнүндө маалымат, ачык торуктардын мезгили жана орду же жеке сатып өткөрүүнүн сунуш кылынган шарттары тууралу күрөө берүүчүгө жана күрөөгө коюлган мүлккө катталган укугу бар башка адамдарга, эгерде мүлк тез бузулуп кете турган товар болбосо, эгерде ал башка себептер менен баасы тез төмөн түшүп кетпей турган болсо, сатып өткөрүүгө 20 күн калгандан кечиктирилбестен жиберилет. 6. Торукта сатып алуучулар катары төмөндөгүдөй жактар катышууга укугу жок: 1) торуктардын уюштуруучусу жана аны менен жакын туугандыгы бар жактар же алардын уставдык капиталында 5 пайызы жана андан ашуун үлүшү (акциялар) торуктарды уюштуруучуга таандык болгон юридикалык жактар; 2) соттордун кызмат адамдары; 3) эгерде торуктун жүйөсү мамлекеттик мүлк же мүлктүк укук болуп саналса, мамлекеттик ишканалар, мекемелер, уюмдар; 4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык торукка алып чыгарылган мүлктүн менчик ээси боло албаган, же мүлктүк укуктарга ээлик кылуучу боло албаган жактар. 7. Торуктар башталаар алдында ага катышууну каалагандар торук жөнүндөгү кулактандырууда көрсөтүлгөн тартипте жана мөөнөттө кепилдик төгүмдөрүн салышат. Кепилдик төгүмдөрүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эсепке алуу менен күрөө жүйөсүнүн баштапкы сатуу баасынын 5 пайызынан аша албайт. 8. Торукка катышкан күрөө кармоочу кепилдик берген төгүмдөрдү салуудан, ошондой эле торуктардан утуп алса, анын талаптарынын суммасынын чегинде сатып алуу наркын төгүүдөн бошотулат. 9. Торуктарга кепилдик берген төгүмдөрү төмөндөгүдөй учурларда кайтарылууга тийиш: 1) эгерде кепилдик берилген төгүмдү кошкон жак кайсы бир себептерге байланыштуу торуктарга катышпаса; 2) эгерде торукка катышкан адам торукка катышып, бирок утуш албаса; 3) эгерде торуктар өтпөдү деп табылса; Торукта утуп алган катышуучунун кепилдик берген төгүмү сатып алуу баасынын эсебине кириш кылынса. Торукту утуп алган катышуучунун кепилдик берген төгүмү торукту уюштуруучунун карамагында калып, ал аны ушул Мыйзамдын 80-статьясында белгиленген тартипте пайдаланса. 10. Аукциондо торуктарды уткан жак катары - сатылып жаткан буюмга эң жогорку бааны сунуш кылган адам, ал эми конкурс боюнча торуктун уюштуруучусу тарабынан мурдатан дайындалган конкурстук комиссиянын корутундусуна ылайык жакшы шарттарды сунуш кылган адам таанылат. Торукта утуп алган жак жана торуктун уюштуруучусу торуктар өткөн күнү келишим күчүнө ээ болгон натыйжалары жөнүндө протоколго кол коет. Булардын ичинен кимдир-бирөөнүн протоколго кол коюудан четтеши Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 409-статьясынын 5-пунктунда каралган кесепеттерге кириптер кылат. 11. Ачык торуктарды жеңип алган катышуучу торуктарды уюштуруучу тарабынан белгиленген мөөнөт ичинде, бирок бир жумадан ашырбастан, мурда төгүлгөн кепилдик берген төгүмдүн суммасын чыгарып салуу менен күрөө жүйөсү сатып алынган сумманы салышы керек. Күрөөнүн өндүрүп алынган жүйөсүн күрөө менен камсыз кылынган милдеттенме боюнча канагаттануу үчүн сатып өткөрүү соода операциясы катары саналбайт. 12. Эгерде торуктардын жүйөсү мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш мүлк болсо, торуктардын натыйжалары жөнүндөгү протокол тиешелүү мамлекеттик органдарда мамлекеттик реестрлерге зарыл жазууларды киргизүү үчүн негиз болуп саналат. 13. Эгерде торуктардын жүйөсү келишимди түзүүгө укук гана болуп саналса, мындай келишим тараптар тарабынан жыйырма күндөн кечиктирилбестен торуктар жана протоколду жол-жоболоштуруу бүткөндөн кийинки билдирүүдө көрсөтүлгөн башка мөөнөттө кол коюлушу керек. Бул келишим жана торуктардын натыйжалары жөнүндөгү протокол кыймылсыз мүлк укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине зарыл жазууларды киргизүү үчүн негиз болуп саналат. Тараптардын бири келишимди түзүүдөн четтеген учурда, экинчи тарап келишимди түзүүгө мажбурлоо, ошондой эле чыккан чыгашаларды калыбына келтирүү жөнүндө талап коюп, сотко кайрылууга укуктуу. (КР 2014-жылдын 4-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)