Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 66
Закон Кыргызской Республики от 12 марта 2005 года № 49 "О залоге" · гл. 6Статус: действует

Статья 66. Особенности обращения взыскания на земельные участки сельскохозяйственного назначения

1.

В обращении взыскания на земельные участки сельскохозяйственного назначения, заложенные по договору об ипотеке, может быть отказано, если допущенное должником нарушение основного обязательства крайне незначительно и размер требований залогодержателя вследствие этого явно несоразмерен рыночной стоимости заложенных земель.

2.

Обращение взыскания на земельный участок сельскохозяйственного назначения, являющийся предметом залога, допускается в том случае, если у залогодателя нет иного заложенного по этому договору об ипотеке имущества.

3.

При наличии уважительных причин, связанных с использованием земель сельскохозяйственного назначения, которые явились основанием неисполнения обязательств, среди которых признаются неурожай, стихийные бедствия, наводнение, град и другие экстремальные погодные условия, по просьбе залогодателя суд вправе в решении об обращении взыскания отсрочить реализацию данных земель на срок до одного года.

Определяя срок, на который предоставляется отсрочка реализации, суд учитывает в том числе то, что сумма требований залогодержателя, подлежащих удовлетворению из стоимости заложенной земли на момент истечения отсрочки, не должна превышать оценочную стоимость заложенной земли, указанную в договоре о залоге, а также принимает во внимание финансовое положение залогодержателя или факт возбуждения в отношении залогодателя (должника) или залогодержателя дела о признании его банкротом (несостоятельным).

Отсрочка реализации не затрагивает прав и обязанностей сторон по обязательству, обеспеченному залогом этого имущества, и не освобождает должника от возмещения возросших за время отсрочки убытков залогодержателя (кредитора), причитающихся залогодержателю (кредитору) процентов и неустойки.

4.

При объявлении повторных публичных торгов о реализации земель сельскохозяйственного назначения несостоявшимися, государство вправе выкупить предмет залога (ипотеки) по его рыночной стоимости.

В случае если государством не выкуплен предмет залога, то на него распространяется порядок обращения взыскания на заложенное имущество, предусмотренный настоящим Законом, с учетом особенностей земельного законодательства.

(В редакции Закона КР от 26 мая 2009 года № 173)

Кыргызча
Айыл чарба багытындагы жер участкаларын өндүрүп алууга айлантуунун өзгөчөлүктөрү 1. Эгерде карызкор тарабынан негизги милдеттенме анчалык бузулбаса жана күрөө кармоочунун талаптарынын көлөмү күрөөгө коюлган жерлердин рыноктук наркына көз көрүнө эле туура келбесе, ипотека тууралу келишим боюнча күрөөгө коюлган айыл чарба багытындагы жер участкаларын өндүрүп алууну айлантуудан баш тартылышы мүмкүн. 2. Эгерде күрөө берүүчүнүн ипотека тууралу бул келишим боюнча күрөөгө коюлган башка мүлкү болбосо, күрөө жүйөсү болуп саналган айыл чарба багытындагы жер участкаларына өндүрүп алууга жол берилет. 3. Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдаланууга байланышкан жана милдеттенмелердин аткарылбай калышына олуттуу себептерден болгон түшүмсүздүк, табият кырсыктары, суу каптоо, мөндүр жана башка аба ырайынын катаал шарттары таанылат, күрөө берүүчүнүн өтүнүчү боюнча сот өндүрүп алууну айлантуу тууралу чечимде бул жерлерди сатып өткөрүүнү бир жылга чейин узартууга укуктуу. Сатып өткөрүүнү кийинкиге жылдырууга жол берилип жаткан мөөнөттү аныктоо менен сот анын ичинде кийинкиге жылдыруу мөөнөтү аяктоочу учурга карата күрөөгө коюлган жердин наркынан канагаттандырылууга тийиш болгон күрөө кармоочунун талаптарынын суммасы күрөө келишиминде көрсөтүлгөн күрөөгө коюлган жердин баалануучу наркынан ашпаш керек экенин эсепке алат, ошондой эле күрөө кармоочунун финансылык абалын же күрөө берүүчүгө (карызкорго) же күрөө кармоочуга карата аны банкрот (кудуретсиз) деп таануу фактысын кабыл алат. Сатып өткөрүүнүн мөөнөтүн узартуу ушул мүлктүн күрөөсү аркылуу камсыз кылынган милдеттенме боюнча тараптардын укуктары менен милдеттерин козгобойт жана карызкорду күрөө кармоочуга (кредиторго) кириш кылуучунун анын (кредитордун) мөөнөттү узартуу учурунда өсүп кеткен карыздарынын ордун толтуруудан бошотпойт. 4. Айыл чарба багытындагы жерлерди ачык торукта кайталап сатып өткөрүү ишке ашпай калганын жарыялаганда мамлекет күрөөнүн жүйөсүн (ипотекасын) анын рыноктук наркы боюнча сатып алууга укуктуу. Эгерде мамлекет тарабынан күрөөнүн жүйөсү сатылып алына элек болсо, анда ага ушул Мыйзамда каралган күрөөгө коюлган мүлктү өндүрүп алууга айлантуу тартиби жер мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен жайылтылат. (КР 2009-жылдын 26-майындагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)