Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 60
Закон Кыргызской Республики от 12 марта 2005 года № 49 "О залоге" · гл. 6Статус: действует

Статья 60. Внесудебный порядок обращения взыскания на предмет залога

1.

Обращение взыскания на заложенное недвижимое имущество инициируется при систематическом нарушении исполнения обязательств более чем на три последовательных месяца, предшествующих дате направления извещения о начале процедуры обращения взыскания на предмет залога во внесудебном порядке.

Обращение взыскания на предмет залога во внесудебном порядке осуществляется на основании:

1) договора о залоге либо соглашения, содержащих условия о порядке обращения взыскания на предмет залога во внесудебном порядке в отношении движимого имущества;

2) соглашения между залогодержателем и залогодателем о порядке обращения взыскания на предмет залога во внесудебном порядке в отношении недвижимого имущества, заключенного одновременно с договором о залоге или иным договором, устанавливающим ипотеку в силу закона, и являющегося его неотъемлемой частью, либо заключенного в период действия договора о залоге или иного договора, устанавливающего ипотеку в силу закона;

3) исполнительной надписи нотариуса при наличии в договоре о залоге или ином договоре, устанавливающем ипотеку в силу закона, права залогодержателя на обращение взыскания на предмет залога во внесудебном порядке.

2.

Залогодержатель вправе обратиться за совершением исполнительной надписи нотариуса после составления извещения в соответствии со статьей 58 настоящего Закона, а также после внесения записи в залоговое уведомление в соответствии со статьей 58-1 настоящего Закона при отсутствии намерения залогодателя (должника) удовлетворить требования залогодержателя.

Исполнительная надпись нотариуса учиняется в порядке, установленном законодательством Кыргызской Республики.

3.

Обращение взыскания на предмет залога по договору о залоге или соглашению об удовлетворении требований залогодержателя во внесудебном порядке осуществляется после направления извещения, предусмотренного статьей 58 настоящего Закона, а также после внесения записи в залоговое уведомление при зарегистрированном праве требования по исполнению обязательств (по договору) в отношении движимого имущества, предусмотренного статьей 58-1 настоящего Закона.

4.

Соглашение об удовлетворении требований залогодержателя по последующему договору о залоге действительно, если оно заключено с участием залогодержателей по предшествующим договорам о залоге. Соглашение об удовлетворении требований залогодержателя во внесудебном порядке может быть признано судом недействительным по иску лица, чьи права нарушены этим соглашением.

Соглашение об удовлетворении требований залогодержателя во внесудебном порядке не должно предусматривать условий, признающих соглашение правоустанавливающим документом.

5.

В случае если договором (соглашением), заключенным между залогодателем и залогодержателем, установлен внесудебный порядок обращения взыскания на предмет залога, ни одна из сторон не может в одностороннем порядке изменить порядок обращения взыскания или иным способом отказаться от установленного договором (соглашением) порядка обращения взыскания на предмет залога.

При этом после возникновения основания для обращения взыскания на предмет залога стороны вправе дополнительным соглашением предусмотреть иной, отличный от первоначально определенного договором о залоге и/или соглашением, порядок внесудебного обращения взыскания на предмет залога.

6.

Если сумма, полученная после реализации предмета залога, превышает размер обеспеченного залогом требования залогодержателя, то разница возвращается залогодателю.

В случае если сумма, вырученная при реализации заложенного имущества, недостаточна для покрытия требований залогодержателя, он имеет право, при отсутствии иного указания в договоре, получить недостающую сумму из прочего имущества должника, не пользуясь преимуществом, основанным на залоге.

(В редакции Закона КР от 16 февраля 2023 года № 30)

Кыргызча
Күрөө предметин өндүрүп алуунун соттон тышкаркы тартиби 1. Күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктү өндүрүп алуу күрөө предметин соттон тышкаркы тартипте өндүрүү жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн датага чейин милдеттенмелерин аткарууда катары менен үч айдан ашык үзгүлтүксүз бузуулар болгон учурда демилгеленет. Күрөө предметин соттон тышкаркы тартипте өндүрүп алуу төмөнкүлөрдүн негизинде жүзөгө ашырылат: 1) күрөө жөнүндө келишимдин, же болбосо кыймылдуу мүлккө карата күрөө предметин өндүрүп алуунун соттон тышкаркы тартиби тууралуу шарттарды камтыган макулдашуунун; 2) күрөө жөнүндө келишим же болбосо мыйзам күчүнөн улам ипотеканы белгилеген башка келишим менен бир учурда түзүлгөн жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган, же болбосо күрөө жөнүндө келишимдин, же мыйзам күчүнөн улам ипотеканы белгилеген башка келишимдин колдонулуп жаткан мезгилинде түзүлгөн күрөө кармоочу менен күрөө берүүчүнүн ортосунда кыймылсыз мүлккө карата соттон тышкаркы тартипте күрөө предметин өндүрүп алуунун тартиби тууралуу макулдашуунун; 3) күрөө жөнүндө келишимде же мыйзам күчүнөн улам ипотеканы белгилеген башка келишимде күрөө кармоочунун соттон тышкаркы тартипте күрөө предметин өндүрүп алуу тууралуу укугу болгон учурда нотариустун аткаруу жазмасынын. 2. Күрөө кармоочу нотариустун аткаруу жазмасын алуу үчүн ушул Мыйзамдын 58-статьясына ылайык билдирүү түзүлгөндөн кийин, ошондой эле ушул Мыйзамдын 58-1-статьясына ылайык күрөө кабарлоосуна жазуу жүргүзүлгөндөн кийин күрөө берүүчүнүн (карызкордун) күрөө кармоочу койгон талапты канааттандырууга ниети жок болсо, кайрылууга укугу бар. Нотариустун аткаруу жазмасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жасалат. 3. Күрөө жөнүндө келишим же күрөө берүүчүнүн талаптарын соттон тышкаркы тартипте канааттандыруу жөнүндө макулдашуу боюнча күрөө предметин өндүрүп алуу ушул Мыйзамдын 58-статьясында каралган билдирүү жиберилгенден кийин, ошондой эле ушул Мыйзамдын 58-1-статьясында каралган кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укугу катталган учурда күрөө кабарлоосуна жазуу жүргүзүлгөндөн кийин жүзөгө ашырылат. 4. Эгерде күрөө кармоочунун талаптарын канааттандыруу тууралуу макулдашуу күрөө жөнүндө мурдагы келишимдер боюнча күрөө кармоочулардын катышуусу менен түзүлсө, ал макулдашуу кийинки келишим боюнча жарактуу болот. Күрөө кармоочунун талаптарын соттон тышкаркы тартипте канааттандыруу жөнүндө макулдашуу, кимисинин укуктары ушул макулдашуу менен бузулса, ошонун койгон доосу боюнча сот тарабынан жараксыз деп таанылышы мүмкүн. Күрөө кармоочунун талаптарын соттон тышкаркы тартипте канааттандыруу жөнүндө макулдашууда макулдашууну укук белгилөөчү документ катары таануучу шарттар каралууга тийиш эмес. 5. Эгерде күрөө берүүчү менен күрөө кармоочунун ортосунда түзүлгөн келишимде (макулдашууда) күрөө предметин өндүрүп алуунун соттон тышкаркы тартиби белгиленсе, тараптардын бирөөсү дагы бир беткей тартипте өндүрүп алуунун тартибин өзгөртө албайт же келишим (макулдашуу) менен белгиленген күрөө предметин өндүрүп алуу тартибинен башкача жол менен баш тарта албайт. Мында күрөө предметин өндүрүп алуу үчүн негиз пайда болгондон кийин тараптар кошумча макулдашуу менен күрөө жөнүндө баштапкы келишимден жана/же макулдашуудан айырмалган, күрөө предметин өндүрүп алуунун соттон тышкаркы башка тартибин кароого укуктуу. 6. Эгерде күрөө предметин сатуудан кийин алынган сумма күрөө менен камсыз кылынган күрөө кармоочунун талабынын өлчөмүнөн ашып кетсе, анда айырма күрөө берүүчүгө кайтарып берилет. Эгерде күрөөгө коюлган мүлктү сатуудан түшкөн сумма күрөө кармоочунун талаптарын жабуу үчүн жетишсиз болсо, келишимде башкача көрсөтмө берилбесе, ал күрөөгө негизделген артыкчылыктан пайдаланбастан, карызкордун башка мүлкүнөн жетпеген сумманы алууга укуктуу. (КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 30 Мыйзамынын редакциясына ылайык)