Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 259 ТК
ТК КР · гл. 23Статус: действует

Статья 259. Незаконные забастовки

1.

Являются незаконными и не допускаются забастовки:

1) в периоды военного или чрезвычайного положения либо особых мер в соответствии с законодательством о чрезвычайном положении; в органах и организациях Вооруженных Сил Кыргызской Республики, других военных, военизированных и иных формированиях и организациях, ведающих вопросами обеспечения обороны страны, безопасности государства, аварийно-спасательных, поисково-спасательных, противопожарных работ, предупреждения или ликвидации стихийных бедствий и чрезвычайных ситуаций; в правоохранительных органах; в организациях, непосредственно обслуживающих особо опасные виды производств или оборудования, на станциях скорой и неотложной медицинской помощи;

2) в организациях, связанных с обеспечением жизнедеятельности населения (энергообеспечение, отопление и теплоснабжение, водоснабжение, газоснабжение, авиационный, железнодорожный и водный транспорт, связь, больницы), в том случае, если проведение забастовок создает угрозу обороне и безопасности государства, жизни и здоровью людей.

2.

Признание забастовки незаконной может быть только по решению суда на основании заявления работодателя или прокурора.

3.

Решение суда доводится до сведения работников через орган, возглавляющий забастовку, который обязан немедленно проинформировать участников забастовки о решении суда.

4.

Решение суда о признании забастовки незаконной, вступившее в законную силу, подлежит немедленному исполнению. Работники обязаны прекратить забастовку и приступить к работе не позднее следующего дня после вручения копии указанного решения суда органу, возглавляющему забастовку.

5.

В случае создания непосредственной угрозы жизни и здоровью людей суд вправе неначавшуюся забастовку отложить на срок до 30 дней, а начавшуюся - приостановить на тот же срок.

Кыргызча
Мыйзамсыз иш таштоолор 1. Мыйзамсыз иш таштоолор болуп төмөнкүлөр саналат жана аларга жол берилбейт: 1) аскердик же өзгөчө абал, же болбосо өзгөчө чаралар мезгилинде өзгөчө абал жөнүндө мыйзамдарга ылайык; Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн органдарында жана уюмдарында, өлкөнү коргоону, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, авариялык-куткаруу, издөө-куткаруу, өрткө каршы иштер, табигый кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдын алдын алуу же жоюу маселелерин тейлеген башка аскердик, аскерлештирилген жана башка түзүлүштөрдө жана уюмдарда; укук коргоо органдарында; өндүрүштүн же жабдуулардын өзгөчө кооптуу түрлөрүн түздөн-түз тейлеген уюмдарда, тез жана кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүүчү станцияларда; 2) эгерде иш таштоону өткөрүү мамлекеттин коргонуусуна жана коопсуздугуна, адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирсе, калктын жашоо тиричилигин камсыз кылуу менен байланышкан (энергия менен камсыздоо, жылытуу жана жылуулук менен камсыздоо, суу, газ менен камсыздоо, авиация, темир жол жана суу транспорту, байланыш, оорукана) уюмдарда. 2. Иш берүүчүнүн же прокурордун арызынын негизинде соттун чечими боюнча гана иш таштоо мыйзамсыз деп таанылышы мүмкүн. 3. Соттун чечими иш таштоого башчылык кылган орган аркылуу кызматкерлерге жеткирилет, ал дароо соттун чечими жөнүндө иш таштоонун катышуучуларына маалымдоого милдеттүү. 4. Мыйзамдуу күчүнө кирген иш таштоону мыйзамсыз деп таануу жөнүндө соттун чечими токтоосуз аткарылууга тийиш. Иш таштоого башчылык кылган органга соттун көрсөтүлгөн чечиминин көчүрмөсү берилгенден кийинки күндөн кечиктирилбестен кызматкерлер иш таштоону токтотууга жана ишке киришүүгө милдеттүү. 5. Адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирилген учурда сот баштала элек иш таштоону 30 күндүк мөөнөткө жылдырууга, ал эми башталган иш таштоону ошол эле мөөнөткө токтото турууга укуктуу.

Право на дату

Действие было до 28.01.2025? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.