Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 246 ТК
ТК КР · гл. 23Статус: действует

Статья 246. Вынесение решений по спорам об увольнении, отстранении и переводе на другую работу

1.

В случае признания отстранения, увольнения или перевода на другую работу незаконным работник должен быть восстановлен на прежней работе органом, рассматривающим индивидуальный трудовой спор.

2.

Орган, рассматривающий индивидуальный трудовой спор, принимает решение о выплате работнику среднего заработка за все время вынужденного прогула или разницы в заработке за все время выполнения нижеоплачиваемой работы.

3.

По заявлению работника орган, рассматривающий индивидуальный трудовой спор, может ограничиться вынесением решения о взыскании в его пользу указанных выше компенсаций.

4.

По заявлению работника орган, рассматривающий индивидуальный трудовой спор, может принять решение об изменении формулировки основания увольнения на увольнение по собственному желанию.

5.

В случае признания изложения причины увольнения неправильной или не соответствующей закону суд, рассматривающий индивидуальный трудовой спор, обязан изменить ее и указать в решении причину и основание увольнения в точном соответствии с изложением настоящего Кодекса или иного закона.

6.

Если неправильная формулировка причины увольнения в трудовой книжке препятствовала поступлению работника на другую работу, то суд принимает решение о выплате работнику среднего заработка за все время вынужденного прогула.

7.

В случаях увольнения без законного основания или с нарушением установленного порядка увольнения либо незаконного перевода на другую работу суд вправе по требованию работника вынести решение о возмещении работнику денежной компенсации морального вреда, причиненного ему указанными действиями. Размер этой компенсации определяется судом.

8.

Если не предоставляется возможным восстановить работника на прежней работе (должность сокращена, подразделение упразднено, организация ликвидирована), то суд возлагает на работодателя или его правопреемника обязанность выплатить работнику материальное возмещение в размере не менее 12-кратного среднемесячного заработка.

Кыргызча
Иштен бошотуу, четтетүү жана башка ишке которуу жөнүндө талаш-тартыштар боюнча чечимдерди чыгаруу 1. Иштен четтетүү, бошотуу же башка ишке которуу мыйзамсыз деп таанылган учурда кызматкер жекече эмгек талаш-тартыштарын караган орган тарабынан мурдагы ишине калыбына келтирилүүгө тийиш. 2. Жекече эмгек талаш-тартыштарын караган орган кызматкерге аргасыз ишке чыкпаган бардык убакыт үчүн орточо эмгек акысын же аз акы төлөнүүчү ишти аткарган бардык убакыт үчүн эмгек акысынын айырмасын төлөп берүү жөнүндө чечим чыгарат. 3. Кызматкердин арызы боюнча жекече эмгек талаш-тартыштарын караган орган жогоруда көрсөтүлгөн компенсацияларды анын пайдасына өндүрүү жөнүндө чечимди чыгаруу менен чектелиши мүмкүн. 4. Кызматкердин арызы боюнча жекече эмгек талаш-тартыштарын караган орган иштен бошотуунун негизинин баяндалышын өз каалоосу боюнча иштен бошонду деп өзгөртүү жөнүндө чечимди чыгарышы мүмкүн. 5. Бошотуунун себебинин баяндалышы туура эмес же мыйзамга ылайык келбейт деп таанылган учурда жекече эмгек талаш-тартышын караган сот аны өзгөртүүгө жана чечимде бошотуунун себебин жана негизин ушул Кодекстин же башка мыйзамдын баяндалышына ылайык даана көрсөтүүгө милдеттүү. 6. Эгерде эмгек китепчесиндеги иштен бошотуу себебинин туура эмес баяндалышы кызматкердин башка ишке орношуусуна тоскоолдук кылса, анда сот кызматкерге аргасыз ишке чыкпаган бардык убакыт үчүн орточо эмгек акысын төлөп берүү жөнүндө чечимди чыгарат. 7. Мыйзамсыз негиздер менен иштен бошотулган же иштен бошотуунун белгиленген тартибин бузуу менен иштен бошотулган, же болбосо башка ишке мыйзамсыз которгон учурда сот кызматкердин талабы боюнча ага көрсөтүлгөн аракеттер менен келтирилген моралдык зыянды акчалай компенсация менен ордун толтуруу жөнүндө чечимди чыгарууга укуктуу. Бул компенсациянын өлчөмүн сот аныктайт. 8. Эгерде кызматкердин мурдагы ишин калыбына келтирүүгө мүмкүн болбосо (кызмат оруну кыскартылса, бөлүм, уюм жоюлса), анда сот иш берүүчүгө же анын укук улантуучусуна кызматкерге 12 эсе орточо айлык эмгек акысынан кем эмес өлчөмдө материалдык ордун толтурууну төлөө милдетин жүктөйт.

Право на дату

Действие было до 28.01.2025? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.