Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 258 ТК
ТК КР · гл. 23Статус: действует

Статья 258. Обязанности сторон коллективного трудового спора в ходе забастовки

1.

В период проведения забастовки стороны коллективного трудового спора обязаны продолжить разрешение этого спора путем проведения примирительных процедур.

2.

Работодатель, государственные органы, органы местного самоуправления и орган, возглавляющий забастовку, обязаны принять зависящие от них меры по обеспечению в период забастовки общественного порядка, сохранности имущества организации (филиала, представительства, иного обособленного структурного подразделения) и работников, а также работы машин и оборудования, остановка которых представляет непосредственную угрозу жизни и здоровью людей.

3.

Перечень минимума необходимых работ (услуг) в организациях (филиалах, представительствах), деятельность которых связана с обеспечением безопасности и здоровья людей, и жизненно важных интересов общества, в каждой отрасли (подотрасли) экономики разрабатывается и утверждается соответствующим органом исполнительной власти, на который возложены координация и регулирование деятельности в соответствующей отрасли (подотрасли) экономики, по согласованию с соответствующим профессиональным союзом. В случае если в отрасли (подотрасли) экономики действует несколько профессиональных союзов, перечень минимума необходимых работ (услуг) утверждается по согласованию со всеми действующими в отрасли (подотрасли) экономики профессиональными союзами. Порядок разработки и утверждения перечня минимума необходимых работ (услуг) определяется Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

4.

Минимум необходимых работ (услуг) в организации (филиале, представительстве) определяется соглашением сторон коллективного трудового спора совместно с органом местного самоуправления на основе перечней минимума необходимых работ (услуг) в 5-дневный срок с момента принятия решения об объявлении забастовки. Включение вида работ (услуг) в минимум необходимых работ (услуг) должно быть мотивировано вероятностью причинения вреда здоровью или угрозой жизни граждан. В минимум необходимых работ (услуг) в организации (филиале, представительстве) не могут быть включены работы (услуги), не предусмотренные соответствующими перечнями минимума необходимых работ (услуг).

5.

Решение органа, устанавливающее минимум необходимых работ (услуг) в организации (филиале, представительстве), может быть обжаловано сторонами коллективного трудового спора в суде.

6.

При необеспечении минимума необходимых работ (услуг) забастовка может быть признана незаконной.

Кыргызча
Иш таштоонун жүрүшүндө жамааттык эмгек талаш-тартышынын тараптарынын милдеттери 1. Жамааттык эмгек талаш-тартышынын тараптары иш таштоону өткөрүү мезгилинде жараштыруу жол-жоболорун жүргүзүү жолу менен бул талаш-тартышты чечүүнү улантууга милдеттүү. 2. Иш берүүчү, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана иш таштоого башчылык кылган орган иш таштоо мезгилинде коомдук тартипти, уюмдун (филиалдын, өкүлчүлүктүн, башка өзүнчө түзүмдүк бөлүмдүн) жана кызматкерлердин мүлкүн сактоону, ошондой эле иштебей токтоп калышы адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирген машиналар менен жабдуулардын иштөөсүн камсыз кылуу боюнча аларга тиешелүү чараларды көрүүгө милдеттүү. 3. Иши адамдардын коопсуздугуна, алардын ден соолугун жана коомдун турмуштук маанилүү кызыкчылыктарын камсыз кылууга байланышкан уюмдардагы (филиалдардагы, өкүлчүлүктөрдөгү) зарыл болгон жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) минимумунун тизмеги экономиканын ар бир тармагында (чакан тармактарында) тийиштүү кесиптик бирлик менен макулдашуу боюнча экономиканын тиешелүү тармагында (чакан тармактарында) ишти координациялоо жана жөнгө салуу жүктөлгөн аткаруу бийлигинин тиешелүү органы тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет. Эгерде экономиканын тармактарында (чакан тармактарында) бир нече кесиптик бирликтер иштесе, зарыл болгон жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) минимумунун тизмеги экономиканын тармактарында (чакан тармактарында) иштеген бардык кесиптик бирликтер менен макулдашуу боюнча бекитилет. Зарыл болгон жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) минимумунун тизмегин иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. 4. Уюмдагы (филиалдагы, өкүлчүлүктөгү) зарыл болгон жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) минимуму иш таштоону жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып 5 күндүк мөөнөттө зарыл болгон жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) минимумунун тизмектеринин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен биргеликте жамааттык эмгек талаш-тартышынын тараптарынын макулдашуусу менен аныкталат. Зарыл болгон жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) минимумуна жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) түрүн киргизүү жарандардын ден соолугуна зыян келтирүү же өмүрүнө коркунуч келтирүү ыктымалдыгы менен жүйөлөштүрүлүүгө тийиш. Уюмдагы (филиалдагы, өкүлчүлүктөгү) зарыл болгон жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) минимумуна зарыл болгон жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) минимумунун тиешелүү тизмектеринде каралбаган жумуштар (кызмат көрсөтүүлөр) киргизилбейт. 5. Уюмдагы (филиалдагы, өкүлчүлүктөгү) зарыл болгон жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) минимумун белгилөөчү органдын чечимине жамааттык эмгек талаш-тартышынын тараптары сотто даттанышы мүмкүн. 6. Зарыл болгон жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) минимуму камсыз кылынбаганда иш таштоо мыйзамдуу эмес деп таанылышы мүмкүн.

Право на дату

Действие было до 28.01.2025? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.