Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 169
Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике" · гл. 12Статус: действует

Статья 169. Врачебная тайна

1.

Информация о факте обращения за медицинской помощью, состоянии здоровья гражданина, диагнозе его заболевания, и иные сведения, полученные при его обследовании и лечении, а также сведения о проведенном искусственном оплодотворении составляют врачебную тайну. Гражданину должна быть подтверждена гарантия конфиденциальности передаваемых им сведений.

2.

Не допускается разглашение сведений, составляющих врачебную тайну, лицами, которым они стали известны при обучении, исполнении профессиональных, служебных и иных обязанностей, в том числе путем демонстрации изображения пациента или отдельных частей его тела, позволяющей идентифицировать его личность, кроме случаев, установленных частями 3 и 4 настоящей статьи.

3.

С согласия гражданина или его законного представителя допускается передача сведений, составляющих врачебную тайну, другим гражданам, в том числе должностным лицам, в интересах обследования и лечения пациента, для проведения научных исследований, публикации в научной литературе, использования этих сведений в учебном процессе и в иных целях.

4.

Для реализации прав и законных интересов лица, страдающего психическим расстройством, по его просьбе либо по просьбе его законного представителя им могут быть предоставлены сведения о состоянии психического здоровья данного лица и об оказанной ему психиатрической помощи в доступной форме и с учетом психического состояния больного.

5.

Предоставление сведений, составляющих врачебную тайну, без согласия гражданина или его законного представителя допускается:

1) в целях обследования и лечения гражданина, не способного из-за своего состояния выразить свою волю;

2) при угрозе распространения инфекционных заболеваний, массовых отравлений и поражений;

3) по запросу органов дознания и следствия, прокурора и суда в связи с проведением расследования или судебным разбирательством;

4) в случае оказания помощи несовершеннолетнему в возрасте до 16 лет для информирования его родителей или законных представителей, за исключением случаев, установленных законодательством Кыргызской Республики об общественном здравоохранении;

5) при наличии оснований, позволяющих полагать, что вред здоровью гражданина причинен в результате противоправных действий;

6) в случае оказания помощи несовершеннолетней, в возрасте от 16 до 18 лет, в отношении которой было совершено преступление против половой неприкосновенности, исключающее добровольность вступления в половую связь.

6.

Лица, которым в установленном законом порядке переданы сведения, составляющие врачебную тайну, несут наравне с медицинскими и фармацевтическими работниками соразмерно причиненному гражданину ущербу ответственность за разглашение врачебной тайны в соответствии с гражданским законодательством, законодательством о правонарушениях и уголовным законодательством Кыргызской Республики.

Кыргызча
Врачтык жашыруун сыр 1. Жарандын медициналык жардамга кайрылуу фактысы, ден соолугунун абалы, анын оорусунун диагнозу жөнүндө маалымат жана аны текшерүүдө жана дарылоодо алынган башка маалыматтар, ошондой эле жүргүзүлгөн жасалма уруктандыруу жөнүндө маалыматтар врачтык жашыруун сырды түзөт. Жаранга берген маалыматтардын купуялуулугуна кепилдик ырасталууга тийиш. 2. Ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө белгиленген учурларды кошпогондо, адамдарга окутуу, кесиптик, кызматтык жана башка милдеттерин аткарууда белгилүү болгон, дарыгердик сырды түзгөн маалыматтарды, анын ичинде ким экендигин идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү бейтаптын же анын денесинин айрым бөлүктөрүнүн сүрөтүн көрсөтүү жолу менен ачыкка чыгарууга жол берилбейт. 3. Жарандын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу менен врачтык сырды түзгөн маалыматтарды башка жарандарга, анын ичинде кызмат адамдарына бейтапты текшерүү жана дарылоо кызыкчылыгында, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, илимий адабиятта жарыялоо, бул маалыматтарды окуу процессинде жана башка максаттарда пайдалануу үчүн берүүгө жол берилет. 4. Психикасы бузулуудан жабыр тарткан адамдын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруу үчүн анын өтүнүчү же болбосо анын мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү боюнча аларга ошол адамдын психикалык саламаттыгынын абалы жана ага көрсөтүлгөн психиатриялык жардам тууралуу маалыматтар жеткиликтүү түрдө жана оорулуунун психикалык абалын эске алуу менен берилиши мүмкүн. 5. Жарандын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз врачтык сырды түзгөн маалыматтарды берүүгө төмөнкүдөй учурларда жол берилет: 1) өзүнүн абалынан улам өз эркин билдирүүгө жөндөмсүз жаранды текшерүү жана дарылоо максатында; 2) инфекциялык оорулардын жайылуу, массалык уулануу жана жабыркоо коркунучу жаралса; 3) тергөө жүргүзүүгө же соттук териштирүүгө байланыштуу алгачкы текшерүү жана тергөө органдарынын, прокурордун жана соттун суроо-талабы боюнча; 4) коомдук саламаттык сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, ата-энесине же мыйзамдуу өкүлдөрүнө маалымдоо үчүн 16 жашка чейинки курактагы жашы жете элекке жардам көрсөтүлгөн учурда; 5) жарандын ден соолугуна укукка каршы аракеттердин натыйжасында зыян келтирилген деп болжоого негиздер болгондо; 6) жыныстык катышка ыктыяры менен барууну жокко чыгарган, ага карата жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыш жасалган 16дан 18 жаш куракка чейинки жашы жете электерге жардам көрсөткөн учурда. 6. Врачтык сырды түзгөн маалыматтар мыйзамда белгиленген тартипте берилген адамдар медицина жана фармацевт кызматкерлери менен бирдей эле врачтык жашыруун сырды ачыкка чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына, мыйзам бузуулар жөнүндө мыйзамдарына жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жаранга келтирилген зыяндын өлчөмүнө тете жоопкерчилик тартат.