Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 156
Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике" · гл. 12Статус: действует

Статья 156. Медицинское последипломное образование

1.

Интернатура - реализация программ стажировки, осуществляемая в образовательных организациях, имеющих лицензию на право ведения образовательной деятельности, прошедших государственную аккредитацию, а также в организациях здравоохранения, определенных уполномоченным государственным органом в качестве клинических баз. Программы интернатуры реализуются по медицинским специальностям, перечень которых утверждается уполномоченным государственным органом в сфере здравоохранения. После прохождения стажировки выпускнику, прошедшему оценку уровня профессиональной подготовки, присваивается специальность.

Программы образовательной практики интернатуры в соответствии с требованиями к уровням их квалификации, установленными профессиональными стандартами в сфере здравоохранения, определяются государственной образовательной организацией высшего профессионального образования, обладающей статусом системообразующего государственного высшего учебного заведения.

Правила выдачи государственного заказа, приема на обучение и обучения медицинских кадров в интернатуре утверждаются уполномоченным государственным органом в сфере здравоохранения.

2.

Ординатура - реализация программ ординатуры осуществляется в аккредитованных клиниках образовательных организаций в сфере здравоохранения, а также в республиканских и (или) научных центрах, аккредитованных в качестве баз ординатуры, научно-исследовательских институтах. Программы ординатуры реализуются по медицинским специальностям, их перечень утверждается уполномоченным государственным органом в сфере здравоохранения.

После окончания ординатуры выпускнику, прошедшему оценку профессиональной подготовки, будет присвоена специальность.

Программы образовательной практики ординатуры в соответствии с требованиями к уровням квалификации, установленными профессиональными стандартами в сфере здравоохранения, определяются государственной образовательной организацией высшего профессионального образования, обладающей статусом системообразующего государственного высшего учебного заведения.

Правила выдачи государственного заказа, приема на обучение и подготовки медицинских кадров в ординатуре утверждаются уполномоченным государственным органом в сфере здравоохранения.

(В редакции Закона КР от 23 января 2026 года № 6 )

Кыргызча
Медициналык дипломдон кийинки билим 1. Интернатура - билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензиясы бар, мамлекеттик аккредитациядан өткөн билим берүү уюмдарында, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан клиникалык базалар катары аныкталган саламаттык сактоо уюмдарында жүзөгө ашырылуучу такшалманын программаларын ишке ашыруу. Интернатуранын программалары тизмеги саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү медициналык адистиктер боюнча ишке ашырылат. Кесиптик даярдыктын деңгээлин баалоодон өткөн бүтүрүүчүгө такшалмадан өткөндөн кийин адистик ыйгарылат. Интернатуранын билим берүү практикасынын программалары саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү кесиптик стандарттарда белгиленген алардын квалификациялык деңгээлдерине карата талаптарга ылайык система түзүүчү мамлекеттик жогорку окуу жайдын статусуна ээ болгон жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюму тарабынан аныкталат. Мамлекеттик заказды берүүнүн, окууга кабыл алуунун жана медициналык кадрларды интернатурада окутуунун эрежелери саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет. 2. Ординатура - ординатуранын программаларын ишке ашыруу саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү билим берүү уюмдарынын аккредитацияланган клиникаларында, ошондой эле ординатуранын базалары катары аккредитацияланган республикалык жана (же) илимий борборлордо, илимий-изилдөө институттарында жүзөгө ашырылат. Ординатуранын программалары медициналык адистиктер боюнча ишке ашырылат, алардын тизмеги саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет. Ординатураны аяктагандан кийин кесиптик даярдыгын баалоодон өткөн бүтүрүүчүгө адистик ыйгарылат. Ординатуранын билим берүү практикасынын программалары саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү кесиптик стандарттарда белгиленген квалификациянын деңгээлдерине карата талаптарга ылайык система түзүүчү мамлекеттик жогорку окуу жайдын статусуна ээ болгон жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюму тарабынан аныкталат. Мамлекеттик заказды берүүнүн, ординатурада медициналык кадрларды окутууга кабыл алуунун жана даярдоонун эрежелери саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет. (КР 2026-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)