Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 161
Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике" · гл. 12Статус: действует

Статья 161. Права работников системы здравоохранения на материальное обеспечение

1.

Работники системы здравоохранения имеют право на гарантированную оплату труда. Условия оплаты труда медицинских работников определяются Кабинетом Министров.

2.

Работникам системы здравоохранения, имеющим ученую степень доктора или кандидата наук, почетное звание "Заслуженный врач Кыргызской Республики" или "Заслуженный работник здравоохранения Кыргызской Республики", а также за выслугу лет устанавливаются надбавки:

1) за ученую степень доктора или кандидата наук - в соответствии с законодательством Кыргызской Республики в сфере науки и образования;

2) за стаж работы от 5 до 10 лет - в размере десяти процентов, от 10 до 15 лет - в размере двадцати процентов, свыше 15 лет - в размере тридцати процентов от заработной платы;

3) (Утратила силу в соответствии с Законом КР от 7 августа 2024 года № 163)

3.

Работникам системы здравоохранения, работающим в условиях высокогорья и отдаленных зонах, гарантируется выплата районного коэффициента.

4.

(Утратила силу в соответствии с Законом КР от 7 августа 2024 года № 163)

5.

(Утратила силу в соответствии с Законом КР от 7 августа 2024 года № 163)

6.

Организации здравоохранения в пределах средств на оплату труда в зависимости от объема и качества оказываемых такими организациями медицинских услуг могут самостоятельно устанавливать для медицинских и фармацевтических работников дифференцированные надбавки к должностным окладам, применять различные прогрессивные формы оплаты труда и его стимулирования.

7.

(Утратила силу в соответствии с Законом КР от 7 августа 2024 года № 163)

8.

За медицинскими и фармацевтическими работниками, работающими в органах государственного управления, если их деятельность связана со здравоохранением, сохраняются профессиональные надбавки, предусмотренные законодательством Кыргызской Республики в сфере здравоохранения.

9.

Заработная плата медицинских и фармацевтических работников, осуществляющих свою деятельность в организациях здравоохранения с частной формой собственности, устанавливается в соответствии с трудовым договором с учетом установленных трудовым законодательством Кыргызской Республики надбавок для медицинских и фармацевтических работников.

10.

Медицинские и фармацевтические работники и члены их семей, работающие и проживающие в условиях высокогорья и отдаленных зонах, при отсутствии собственного жилья обеспечиваются служебным жильем в соответствии с законодательством Кыргызской Республики в сфере социального обеспечения. В случае отсутствия служебного жилья органы местного самоуправления обязаны оплачивать расходы, связанные с арендой медицинским работником жилья.

11.

Врачи-психиатры, иные специалисты, медицинский и другой персонал, участвующие в оказании психиатрической помощи, имеют право на дополнительный отпуск продолжительностью 28 календарных дней, доплату к заработной плате в размере пятидесяти процентов от должностного оклада.

12.

Работники государственных и муниципальных организаций здравоохранения, работающие в условиях вспышки (эпидемии) особо опасных инфекций и/или инфекций, имеют право на гарантированную выплату компенсации в порядке и размерах, установленных Кабинетом Министров.

(В редакции Закона КР от 7 августа 2024 года № 163)

Кыргызча
Саламаттык сактоо тутумунун кызматкерлеринин материалдык камсыз кылынууга укуктары 1. Саламаттык сактоо тутумунун кызматкерлери кепилденген эмгек акыга укуктуу. Медицина кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. 2. Саламаттык сактоо тутумунун илимдин доктору же кандидаты окумуштуулук даражасы, "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери" же "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы бар кызматкерлерине, ошондой эле иштеген жылдары үчүн төмөнкүдөй үстөктөр белгиленет: 1) илимдин доктору же кандидаты окумуштуулук даражасы үчүн - илим жана билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык; 2) 5 жылдан 10 жылга чейинки иш стажы үчүн - он пайыз өлчөмүндө, 10 жылдан 15 жылга чейин - жыйырма пайыз өлчөмүндө, 15 жылдан жогору - эмгек акынын отуз пайыз өлчөмүндө; 3) (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 3. Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда иштеген саламаттык сактоо тутумунун кызматкерлерине райондук коэффициенти төлөө кепилденет. 4. (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 5. (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 6. Саламаттык сактоо уюмдары эмгек акы төлөөгө каражаттардын чегинде мындай уюмдар көрсөтүүчү медициналык кызматтардын көлөмүнө жана сапатына жараша медицина жана фармацевт кызматкерлери үчүн кызматтык маяналарга дифференцияланган үстөктөрдү өз алдынча белгилей, эмгек акы төлөөнүн жана ага дем берүүнүн ар кандай прогрессивдүү формаларын колдоно алат. 7. (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 8. Мамлекеттик башкаруу органдарында иштеген медицина жана фармацевт кызматкерлери үчүн, эгерде алардын иши саламаттык сактоо менен байланышкан болсо, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кесиптик үстөктөр сакталат. 9. Жеке менчик түрүндөгү саламаттык сактоо уюмдарында иштеген медицина жана фармацевт кызматкерлеринин эмгек акысы медицина жана фармацевт кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген үстөктөрдү эске алуу менен эмгек келишимине ылайык белгиленет. 10. Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда иштеген жана жашаган медицина жана фармацевт кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү өздөрүнүн турак жайы жок болгон учурда социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматтык турак жай менен камсыз кылынат. Кызматтык турак жай жок болгон учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары медицина кызматкеринин турак жайды ижарага алуу менен байланышкан чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттүү. 11. Психиатриялык жардам көрсөтүүгө катышуучу врач-психиатрлар, башка адистер, медициналык жана башка персонал узактыгы 28 календардык күн болгон кошумча өргүүгө, кызматтык маянанын элүү пайызы өлчөмүндө эмгек акыга кошумча төлөм алууга укуктуу. 12. Өзгөчө кооптуу инфекциялар жана/же инфекциялар чыккан (эпидемиялар) шарттарда иштеген мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлери Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө компенсациянын кепилденген төлөнүшүнө укуктуу. (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)