Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 162
Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике" · гл. 12Статус: действует

Статья 162. Формирование потребностей организаций здравоохранения в специалистах, их распределение

1.

Уполномоченный государственным органом в сфере здравоохранения ежегодно формирует потребность системы здравоохранения в специалистах на основе заявок от организаций здравоохранения, а также органов местного самоуправления.

2.

Распределение (направление) выпускников медицинских учебных заведений, прошедших обучение на бюджетной основе, осуществляется уполномоченным государственным органом в сфере здравоохранения, согласно полученным заявкам от организаций здравоохранения и органов местного самоуправления. Порядок распределения (направления) определяется Кабинетом Министров.

3.

Выпускники медицинских учебных заведений, прошедшие обучение на бюджетной основе, обязаны отработать не менее двух лет в регионах по направлению уполномоченного государственного органа в сфере здравоохранения.

4.

Выпускникам медицинских образовательных организаций высшего и среднего профессионального образования, прибывшим на работу в организации здравоохранения по направлению, местные государственные администрации обязаны предоставить жилую площадь либо земельный участок для индивидуального строительства и единовременное пособие в размере десятикратного должностного оклада.

5.

В случае отказа от работы по распределению (направлению) выпускник имеет право свободного трудоустройства после возмещения стоимости его обучения в порядке, определяемом Кабинетом Министров. Размер стоимости возмещения рассчитывается согласно прямым затратам медицинского учебного заведения.

Кыргызча
Саламаттык сактоо уюмдарынын адистерге болгон муктаждыктарын түзүү, аларды бөлүштүрүү 1. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саламаттык сактоо уюмдарынын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өтүнмөлөрүнүн негизинде саламаттык сактоо тутумунун адистерге болгон муктаждыктарын жыл сайын түзөт. 2. Бюджеттик негизде окутуудан өткөн медициналык окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн бөлүштүрүү (жолдомо) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан саламаттык сактоо уюмдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алынган өтүнмөлөргө ылайык жүзөгө ашырылат. Бөлүштүрүүнүн (жолдомонун) тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. 3. Медициналык окуу жайларынын бюджеттик негизде окутуудан өткөн бүтүрүүчүлөрү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жолдомосу боюнча региондордо эки жылдан кем эмес иштеп келүүгө милдеттүү. 4. Саламаттык сактоо уюмдарына жолдомо боюнча жумушка келген жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн медициналык билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө жергиликтүү мамлекеттик администрациялар турак жай аянтын же болбосо жеке курулуш үчүн жер участогун жана кызматтык маянанын он эсе өлчөмүндөгү бир жолку жөлөкпул берүүгө милдеттүү. 5. Бөлүштүрүү (жолдомо) боюнча иштөөдөн баш тарткан учурда бүтүрүүчү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте аны окутуунун наркынын ордун толгургандан кийин жумушка эркин орношуу укугуна ээ болот. Ордун толтуруунун наркынын өлчөмү медициналык окуу жайынын түздөн-түз чыгымдарына ылайык эсептелет.