Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 151
Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике" · гл. 12Статус: действует

Статья 151. Аттестация и регистрация медицинских и фармацевтических работников

1.

В целях поддержания профессиональной квалификации, повышения уровня подготовки, соответствия занимаемой должности, определения деловых качеств и продвижения по службе, медицинские и фармацевтические работники, в том числе преподаватели клинических кафедр, подлежат периодической аттестации, но не реже одного раза в пять лет, которая проводится соответствующим уполномоченным органом или профессиональными ассоциациями, объединениями в случае делегирования им функций по проведению аттестации уполномоченным государственным органом в сфере здравоохранения.

Порядок и условия делегирования функций по проведению аттестации определяются уполномоченным государственным органом в сфере здравоохранения.

2.

Порядок и условия проведении аттестации медицинских и фармацевтических работников, в том числе преподавателей клинических кафедр, за исключением руководителей организаций здравоохранения с государственной и муниципальной формами собственности, определяется уполномоченным государственным органом в сфере здравоохранения.

3.

Иностранные граждане и лица без гражданства, имеющие право заниматься медицинской или фармацевтической деятельностью в Кыргызской Республике, при прохождении профессиональной аттестации имеют равные с гражданами Кыргызской Республики права и обязанности.

4.

Регистрация медицинских и фармацевтических работников производится уполномоченным государственным органом в сфере здравоохранения. Порядок и условия регистрации, а также ведение реестра медицинских и фармацевтических работников определяется уполномоченным государственным органом в сфере здравоохранения.

(В редакции Закона КР от 28 октября 2025 года № 241)

Кыргызча
Медицина жана фармацевт кызматкерлерин аттестациялоо жана каттоо 1. Кесиптик квалификацияны колдоо, даярдоо деңгээлин жогорулатуу, ээлеген кызматына ылайык келүү, ишкер сапаттарды аныктоо жана кызмат боюнча жогорулатуу максатында медицина жана фармацевт кызматкерлери, анын ичинде клиникалык кафедралардын окутуучулары саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аттестациялоону жүргүзүү боюнча функциялар ыйгарылган тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар же кесиптик ассоциациялар, бирикмелер тарабынан жүргүзүлүүчү аттестациялоодон мезгил-мезгили менен, бирок беш жылда бирден кем эмес жолу өтүүгө тийиш. Аттестациялоону жүргүзүү боюнча функцияларды берүүнүн тартиби жана шарттары саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. 2. Мамлекеттик жана муниципалдык менчик түрүндөгү саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин кошпогондо, медицина жана фармацевт кызматкерлерин, анын ичинде клиникалык кафедралардын окутуучуларына аттестациялоо жүргүзүүнүн тартиби жана шарттары саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. 3. Кыргыз Республикасында медициналык жана фармацевттик иш менен алектенүүгө укуктуу болгон чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар кесиптик аттестациялоодон өтүүдө Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ. 4. Медицина жана фармацевт кызматкерлерин каттоо саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Медицина жана фармацевт кызматкерлерин каттоонун тартиби жана шарттары, ошондой эле алардын реестрин жүргүзүү саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241 Мыйзамынын редакциясына ылайык)