Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 8
Закон КР от 9 марта 2023 года № 54 "О нотариате" · гл. 1Статус: действует

Статья 8. Соблюдение тайны совершаемых нотариальных действий

1.

Нотариус и должностные лица, уполномоченные совершать нотариальные действия, обязаны хранить в тайне сведения, которые стали им известны в связи с совершением нотариальных действий. Обязанность сохранения тайны совершаемых нотариальных действий распространяется также на лиц, которым о совершенных нотариальных действиях стало известно в связи с исполнением своих служебных обязанностей, в том числе и после прекращения трудового договора.

2.

Сведения о совершенных нотариальных действиях, а также документы, имеющие отношение к ним, выдаются только тем физическим и/или юридическим лицам, по поручению или в отношении которых совершались нотариальные действия.

3.

Сведения и документы о совершенных нотариальных действиях выдаются по требованию суда, прокуратуры, органов следствия и дознания в связи с находящимися в их производстве уголовными или гражданскими делами, а также передаются уполномоченному государственному органу в сфере финансовой разведки в соответствии с Законом Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов".

4.

Предоставление сведений и документов о совершенных нотариальных действиях в любых других случаях запрещается.

5.

Передача нотариусом в единую информационную систему нотариата сведений и предоставление доступа к ним в установленных настоящим Законом порядке не являются разглашением тайны совершения нотариальных действий.

6.

Направление договора в бумажном виде либо электронной форме для государственной регистрации в Едином государственном реестре регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним не является разглашением тайны нотариальных действий.

7.

Сведения о завещании выдаются только после смерти завещателя.

Кыргызча
Жүргүзүлүүчү нотариалдык иш-аракеттердин жашыруундугун сактоо 1. Нотариус жана нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары өзүлөрүнүн нотариалдык иш-аракеттерди жасоого байланыштуу аларга белгилүү болуп калган маалыматтарды жашыруун сактоого милдеттүү. Жүргүзүлүүчү нотариалдык иш-аракеттердин сырын сактоо милдети өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө белгилүү болуп калган жактарга, анын ичинде эмгек келишими токтотулгандан кийин да жайылтылат. 2. Жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалыматтар, ошондой эле аларга тиешеси бар документтер алардын тапшырмасы боюнча же аларга карата нотариалдык иш-аракеттер жасалган жеке жана/же юридикалык жактарга гана берилет. 3. Жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалыматтар жана документтер алардын өндүрүшүндө турган кылмыш же жарандык иштерге байланыштуу соттун, прокуратуранын, тергөө жана алгачкы текшерүү органдарынын талабы боюнча берилет, ошондой эле "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык финансылык чалгындоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берилет. 4. Жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалыматтарды жана документтерди башка кандай болбосун учурларда берүүгө тыюу салынат. 5. Нотариус нотариаттын бирдиктүү маалыматтар тутумуна маалыматтарды өткөрүп бериши жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте аларга жеткиликтүүлүктү берүүсү нотариалдык иш-аракеттерди жасоонун сырын ачыкка чыгаруу болуп саналбайт. 6. Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды каттоонун бирдиктүү мамлекеттик реестринде мамлекеттик каттоо үчүн кагаз түрүндө же болбосо электрондук түрүндө келишимди жөнөтүү нотариалдык иш-аракеттердин сырын ачыкка чыгаруу болуп саналбайт. 7. Керээз жөнүндө маалыматтар керээз калтыруучу каза болгондон кийин гана берилет.