Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 3
Закон КР от 9 марта 2023 года № 54 "О нотариате" · гл. 1Статус: действует

Статья 3. Нотариальные действия

1.

Нотариальные действия представляют собой действия нотариуса по удостоверению бесспорных фактов, правовых событий, имеющих юридическое значение, свидетельствованию документов, приданию документам исполнительной силы и юридической достоверности и другие действия, направленные на защиту прав граждан и юридических лиц, их законных интересов, предусмотренные настоящим Законом.

2.

Нотариальные действия в Кыргызской Республике совершают в соответствии с настоящим Законом государственные и частные нотариусы.

3.

В случаях отсутствия в населенном пункте нотариуса государственные полномочия по совершению отдельных нотариальных действий уполномоченным государственным органом делегируются органам местного самоуправления в соответствии с законодательством о порядке делегирования органам местного самоуправления отдельных государственных полномочий.

4.

Нотариальные действия на территории других государств совершают должностные лица заграничных учреждений Кыргызской Республики, уполномоченные на совершение этих действий.

5.

Перечень нотариальных действий, предусмотренных настоящим Законом, не исчерпывается. Нормативными правовыми актами Кыргызской Республики могут быть предусмотрены и другие нотариальные действия.

6.

Нотариальный акт - документ, удостоверенный, выданный или засвидетельствованный нотариусом и зарегистрированный в реестре нотариальных действий, а в установленных законом случаях - удостоверенный, выданный или засвидетельствованный уполномоченными должностными лицами органов местного самоуправления или заграничных учреждений Кыргызской Республики.

7.

Нотариальный акт служит официальным подтверждением юридически значимых прав, обязанностей, а также фактов и обстоятельств, удостоверенных, выданных или засвидетельствованных в установленном законом порядке.

8.

Нотариальные акты обязательны для государственных органов, органов местного самоуправления, общественных объединений, должностных лиц, граждан и юридических лиц.

(В редакции Закона КР от 30 июля 2025 года №171)

Кыргызча
Нотариалдык иш-аракеттер 1. Нотариалдык иш-аракеттер юридикалык мааниге ээ болгон талашсыз фактыларды, укуктук окуяларды ырастоо, документтерди күбөлөндүрүү, документтерге аткаруу күчүн жана юридикалык ишенимдүүлүктү берүү боюнча нотариустун иш-аракетин жана жарандар менен юридикалык жактардын укуктарын, алардын ушул Мыйзамда каралган мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган башка иш-аракеттерди билдирет. 2. Кыргыз Республикасында нотариалдык иш-аракеттерди ушул Мыйзамга ылайык мамлекеттик жана жеке нотариустар жасайт. 3. Калктуу конушта нотариус жок болгон учурларда айрым нотариалдык иш-аракеттерди жасоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилет. 4. Башка мамлекеттердин аймактарында нотариалдык иш-аракеттерди Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин бул иш-аракеттерди жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары жүргүзөт. 5. Ушул Мыйзамда каралган нотариалдык иш-аракеттердин тизмеги бүтпөйт. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башка нотариалдык иш-аракеттер каралышы да мүмкүн. 6. Нотариалдык акт - нотариус тарабынан ырасталган, берилген же күбөлөндүрүлгөн жана нотариалдык иш-аракеттердин реестринде катталган, ал эми мыйзамда белгиленген учурларда - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же чет өлкөлүк мекемелердин ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан ырасталган, берилген же күбөлөндүрүлгөн документ. 7. Нотариалдык акт мыйзамда белгиленген тартипте ырасталган, берилген же күбөлөндүрүлгөн юридикалык мааниге ээ болгон укуктардын, милдеттердин, ошондой эле фактылардын жана жагдайлардын расмий ырастоосу катары кызмат кылат. 8. Нотариалдык актылар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары, жарандар жана юридикалык жактар үчүн милдеттүү. (КР 2025-жылдын 30-июлундагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)