Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 7
Закон КР от 9 марта 2023 года № 54 "О нотариате" · гл. 1Статус: действует

Статья 7. Ограничения в деятельности нотариуса

1.

Нотариус не вправе:

1) заниматься предпринимательской и иной экономической деятельностью, кроме нотариальной, научной, преподавательской, экспертной, творческой деятельности;

2) оказывать посреднические услуги при заключении договоров;

3) совершать нотариальные действия на свое имя и от своего имени, на имя и от имени своей супруги (своего супруга), своих (своей супруги) родственников (родителей, детей, в том числе усыновленных (удочеренных), внуков, братьев, сестер, дедушки, бабушки), на имя и от имени лиц, находящихся под его опекой (попечительством);

4) совершать нотариальные действия на имя и от имени работников данной нотариальной конторы, работников, состоящих в трудовых отношениях с нотариусом.

2.

Частный нотариус, кроме перечисленных разрешений в пункте 1 части 1 настоящей статьи, может осуществлять деятельность медиатора либо занимать выборную должность в Нотариальной палате.

3.

Частный нотариус не вправе совершать нотариальные действия в отношении лица (лиц), с участием которого (которых) он выступал в качестве медиатора.

Кыргызча
Нотариустун ишиндеги чектөөлөр 1. Нотариус төмөнкүлөргө укуксуз: 1) нотариалдык. илимий, окутуучулук, эксперттик, чыгармачылык ишти кошпогондо, ишкердик жана башка экономикалык иш менен алектенүүгө; 2) келишимдерди түзүүдө арачылык кызматтарын көрсөтүүгө; 3) өз атына жана өзүнүн атынан, жубайынын атына жана анын атынан, өзүнүн (өз жубайынын) туугандарынын (ата-энелеринин, балдарынын, анын ичинде асырап алынган балдарынын (кыздарынын), неберелеринин, ага-инилеринин, эже-сиңдилеринин, чоң ата-чоң энелеринин, таята-таенелеринин) атына жана алардын атынан, анын камкорчулугуна (көзөмөлчүлүгүнө) алынган адамдардын атына жана алардын атынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоого; 4) тиешелүү нотариалдык кеңсенин кызматкерлеринин, нотариус менен эмгек мамилелеринде турган кызматкерлердин атына жана алардын атынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоого. 2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда саналган уруксаттарды кошпогондо, жеке нотариус медиатордун ишин жүзөгө ашыра же болбосо Нотариалдык палатада шайлануучу кызмат ордун ээлей алат. 3. Жеке нотариус анын (алардын) катышуусу менен ал медиатор катары иштеген адамга (адамдарга) карата нотариалдык иш-аракеттерди жасоого укуксуз.