Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 10
Закон КР от 9 марта 2023 года № 54 "О нотариате" · гл. 1Статус: действует

Статья 10. Единая информационная система нотариата

1.

Единой информационной системой нотариата является государственная информационная система, предназначенная для комплексной автоматизации процессов сбора, обработки сведений о нотариальной деятельности и обеспечения всех видов информационного взаимодействия (обмена). Оператором единой информационной системы нотариата является Министерство юстиции. Включению в единую информационную систему нотариата подлежат сведения о совершенных нотариальных действиях, в том числе в форме электронных документов, а также иные предусмотренные настоящим Законом сведения.

Положение о единой информационной системе нотариата и порядок ведения единой электронной базы нотариальных документов утверждаются Министерством юстиции.

2.

Защита сведений, содержащихся в единой информационной системе нотариата, осуществляется в соответствии с законодательством Кыргызской Республики в сфере персональных данных и об электронном управлении.

Кыргызча
Нотариаттын бирдиктүү маалымат тутуму 1. Нотариаттын бирдиктүү маалымат тутуму болуп нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалыматтарды чогултуу, иштетүү процесстерин комплекстүү автоматташтырууга жана маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн (алмашуунун) бардык түрлөрүн камсыздоого арналган мамлекеттик маалымат тутуму саналат. Нотариаттын бирдиктүү маалымат тутумунун оператору болуп Юстиция министрлиги саналат. Жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө, анын ичинде электрондук документтер түрүндөгү маалыматтар, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган башка маалыматтар нотариаттын бирдиктүү маалымат тутумуна киргизилүүгө тийиш. Нотариаттын бирдиктүү маалымат тутуму жөнүндө жобо жана нотариалдык документтердин бирдиктүү электрондук базасын жүргүзүү тартиби Юстиция министрлиги тарабынан бекитилет. 2. Нотариаттын бирдиктүү маалымат тутумунда камтылган маалыматтарды коргоо Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү жана электрондук башкаруу жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.