Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 25
Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках" · гл. 2Статус: действует

Статья 25. Вскрытие предложений поставщиков

1.

Процедура вскрытия предложений поставщиков производится веб-порталом автоматически сразу после истечения окончательного срока представления предложений.

2.

При вскрытии веб-портал генерирует протокол вскрытия, включающий следующую информацию:

1) общие данные о закупке, такие как наименование закупающей организации/Агента, наименование закупки, наименование лотов, метод государственной закупки, дата публикации объявления о закупке, дата вскрытия предложений;

2) наименования поставщиков, предложения поставщиков, которые были вскрыты, либо идентификационный код поставщика;

3) цена и валюта предложения поставщика, в том числе цена по каждому лоту, пересчитанная по официальному курсу Национального банка Кыргызской Республики на день вскрытия;

4) (утратил силу в соответствии с Законом Кыргызской Республики от 6 августа 2026 года № 144)

5) срок, форма и размер гарантийного обеспечения предложения поставщика;

6) срок действия предложения поставщика;

7) информация об отсутствии или наличии задолженностей у поставщика по налогам и страховым взносам.

3.

Процедура вскрытия предложений двухпакетного способа неограниченного метода осуществляется в следующем порядке:

1) в первом пакете вскрываются все поступившие предложения поставщиков с квалификационными и техническими предложениями;

2) во втором пакете вскрываются финансовые предложения поставщиков, прошедшие оценку первого пакета по квалификационным и техническим предложениям. Вскрытие финансовых предложений осуществляется по истечении 5 рабочих дней с даты публикации итогов оценки первого пакета, за исключением случаев, когда процедуры закупок не были приостановлены в соответствии с главой 4 настоящего Закона.

При вскрытии первого пакета веб-порталом генерируется информация, предусмотренная в части 2 настоящей статьи, за исключением информации о финансовых предложениях.

При вскрытии финансовых предложений веб-порталом генерируется дополнительно следующая информация:

а) наименование либо идентификационный код поставщиков, прошедших первый этап оценки соответствия квалификационным и техническим требованиям;

б) цена и валюта предложения поставщика, в том числе цены по каждому лоту, пересчитанные по официальному курсу Национального банка Кыргызской Республики на день вскрытия.

4.

В случае применения неограниченного метода с переговорами на первом этапе вскрываются данные, предусмотренные в пунктах 1, 2 и 7 части 2 настоящей статьи.

На втором этапе закупающая организация/Агент через веб-портал направляет окончательную документацию о закупке поставщикам, предложения которых не были отклонены на первом этапе, и устанавливает окончательный срок подачи предложений не менее 10 рабочих дней с даты направления документации о закупке.

На второй этап подаются окончательные предложения с учетом пересмотренных условий документации поставщиков, чьи предложения не были отклонены на первом этапе.

При вскрытии второго этапа с финансовыми предложениями веб-порталом фиксируется информация, предусмотренная в части 2 настоящей статьи.

(В редакции Закона Кыргызской Республики от 6 августа 2026 года № 144)

Кыргызча
Берүүчүлөрдүн сунуштарын ачуу 1. Берүүчүлөрдүн сунуштарын ачуу жол-жобосу сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктагандан кийин дароо веб-портал аркылуу автоматтык түрдө жүзөгө ашырылат. 2. Ачуунун учурунда веб-портал төмөнкүдөй маалыматтарды ичине камтып, ачылыш протоколун түзөт: 1) сатып алуучу уюмдун/Агенттин аталышы, сатып алуунун аталышы, лоттордун аталышы, мамлекеттик сатып алуунун методу, сатып алуу жөнүндө кулактандыруу жарыяланган дата, сунуштарды ачуу датасы сыяктуу сатып алуу жөнүндө жалпы маалыматтар; 2) ачылышы болгон берүүчүлөрдүн аталышы, берүүчүлөрдүн сунуштары, же болбосо берүүчүнүн идентификациялык коду; 3) ачуу күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча кайра эсептелген ар бир лот боюнча бааны камтыган берүүчүнүн сунушунун баасы жана валютасы; 4) (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 5) берүүчүнүн сунушуна кепилдикти камсыздоонун мөөнөтү, формасы жана өлчөмү; 6) берүүчүнүн сунушун колдонуу мөөнөтү; 7) берүүчүнүн салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу же бар экендиги жөнүндө маалымат. 3. Чектелбеген методдун эки пакеттүү ыкмасынын сунуштарды ачуу жол-жобосу төмөнкүдөй тартипте жүзөгө ашырылат: 1) биринчи пакетте квалификациялык жана техникалык сунуштар менен берүүчүлөрдүн бардык келип түшкөн сунуштары ачылат; 2) экинчи пакетте квалификациялык жана техникалык сунуштар боюнча биринчи пакеттин баалоосунан өткөн берүүчүлөрдүн финансылык сунуштары ачылат. Финансылык сунуштарды ачуу сатып алуулардын жол-жоболору ушул Мыйзамдын 4-главасына ылайык токтотулуп турбаган учурларды кошпогондо, биринчи пакетти баалоонун жыйынтыгы жарыяланган датадан тартып 5 жумуш күн өткөндөн кийин жүзөгө ашырылат. Биринчи пакетти ачууда, финансылык сунуштар жөнүндө маалыматты кошпогондо, ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган маалымат веб-портал тарабынан түзүлөт. Финансылык сунуштарды ачууда веб-портал тарабынан кошумча төмөнкүдɵй маалыматтар түзүлөт: а) квалификациялык жана техникалык талаптарга шайкештигин баалоонун биринчи этабынан өткөн берүүчүлөрдүн аталышы же болбосо идентификациялык коду; б) берүүчү сунуштаган баа жана валюта, анын ичинде ачуу күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча кайра эсептелген ар бир лот боюнча баалар. 4. Сүйлөшүүлөр менен чектелбеген метод колдонулган учурда биринчи этапта ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1, 2 жана 7-пункттарында каралган маалыматтар ачылат. Экинчи этапта сатып алуучу уюм/Агент биринчи этапта сунуштары четке кагылбаган берүүчүлөргө сатып алуу жөнүндө акыркы документтерди веб-портал аркылуу жөнөтөт жана сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүн сатып алуу жөнүндө документтер жиберилген датадан тартып кеминде 10 (он) жумуш күндө белгилейт. Экинчи этапка биринчи этапта сунуштары четке кагылбаган берүүчүлөрдүн документтеринин кайра каралган шарттарын эске алуу менен акыркы сунуштар берилет. Финансылык сунуштар менен экинчи этапты ачууда веб-порталда ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган маалыматтар белгиленет. 5. (КР 2023-жылдын 30-январындагы № 19 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)