Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 18
Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках" · гл. 2Статус: действует

Статья 18. Условия и порядок применения рамочного соглашения

1.

Рамочное соглашение при закупке товаров, работ и услуг заключается с одним и более поставщиками на срок не более 3 лет.

2.

Рамочное соглашение применяется в следующих случаях:

1) если может возникнуть необходимость в приобретении предмета закупок на неопределенной или многократной основе в течение периода действия рамочного соглашения;

2) если в силу особого характера предмета закупок необходимость в таком предмете может возникнуть в срочном порядке в течение периода действия рамочного соглашения;

3) проведения централизованных закупок.

3.

Процедура рамочного соглашения осуществляется в два этапа:

1) на первом этапе оцениваются квалификационные данные поставщиков и технические спецификации на соответствие предложений требованиям документации о закупке;

2) на втором этапе из числа списка поставщиков, с которыми заключены рамочные соглашения, запрашиваются ценовые котировки для подписания контракта. Сумма контракта и объемы предметов рамочного соглашения не могут превышать запланированную сумму и объемы, указанные в рамочном соглашении.

4.

Рамочное соглашение подписывается отдельно с каждым поставщиком, прошедшим процедуру оценки на первом этапе. В любое время в течение срока действия рамочного соглашения поставщики, не являющиеся его сторонами, могут подавать свои предложения для подписания рамочного соглашения.

С момента объявления закупающей организацией/Агентом второго этапа закупок по ценовым критериям процедура приема новых предложений поставщиков для заключения рамочного соглашения приостанавливается до публикации итогов второго этапа и заключения контракта по рамочному соглашению.

5.

Закупающая организация/Агент заключает контракт в соответствии с условиями рамочного соглашения с теми поставщиками, которые являются стороной этого рамочного соглашения.

6.

Рамочное соглашение применяется при использовании следующих методов:

1) неограниченный метод (двухпакетным способом);

2) метод запроса котировок с установлением квалификационных требований.

(В редакции Законов Кыргызской Республики от 25 июля 2023 года № 147, 6 августа 2026 года № 144 )

Кыргызча
Алкактык макулдашууну колдонуунун шарттары жана тартиби 1. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда алкактык макулдашуу бир жана андан көп берүүчүлөр менен 3 жылдан ашпаган мөөнөткө түзүлөт. 2. Алкактык макулдашуу төмөнкү учурларда колдонулат: 1) эгерде алкактык макулдашуу колдонулушунун мезгилинин ичинде белгисиз же бир нече жолу сатып алуунун негизинде сатып алуу предметин сатып алуу зарылдыгы келип чыкса; 2) эгерде сатып алуу предметинин өзгөчө мүнөзүнөн улам мындай предметке муктаждык алкактык макулдашууну колдонуу мезгилинин ичинде шашылыш тартипте келип чыкса; 3) борборлоштурулган сатып алууларды жүргүзүүдө. 3. Алкактык макулдашуунун жол-жобосу төмөнкүдөй эки этапта жүзөгө ашырылат: 1) биринчи этапта берүүчүлөрдүн квалификациялык маалыматтары жана техникалык спецификациялары сатып алуу жөнүндө документтердин талаптарына сунуштардын шайкештиги бааланат; 2) алар менен алкактык макулдашуулар түзүлгөн берүүчүлөрдүн тизмесинин ичинен контрактка кол коюу үчүн экинчи этапта баалардын котировкалары суратып алынат. Контракттын суммасы жана алкактык макулдашуунун предметтеринин көлөмү алкактык макулдашууда көрсөтүлгөн пландалган суммадан жана көлөмдөн ашпоого тийиш. 4. Алкактык макулдашууга биринчи этапта баалоо жол-жобосунан өткөн ар бир берүүчү ɵз-өзүнчө кол коюлат. Алкактык макулдашуу колдонулган мөөнөттүн ичинде кайсы убакта болбосун тараптары болуп саналбаган берүүчүлөр алкактык макулдашууга кол коюу үчүн ɵздɵрүнүн сунуштарын бере алат. Сатып алуучу уюм/Агент тарабынан баа критерийлери боюнча сатып алуулардын экинчи этабы жарыяланган учурдан тартып алкактык макулдашууну түзүү үчүн берүүчүлөрдүн жаңы сунуштарын кабыл алуу жол-жобосу экинчи этаптын жыйынтыктары жарыяланганга жана алкактык макулдашуу боюнча контракт түзүлгөнгө чейин токтотулуп турат. 5. Сатып алуучу уюм/Агент ошол алкактык макулдашуунун тарабы болуп саналган берүүчүлөр менен алкактык макулдашуунун шарттарына ылайык контракт түзөт. 6. Алкактык макулдашуу төмөнкүдɵй методдорду пайдаланууда колдонулат: 1) чектелбеген метод (эки пакеттүү ыкма менен); 2) квалификациялык талаптарды белгилөө менен котировкаларды суратып алуу методу. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)