Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 12
Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках" · гл. 2Статус: действует

Статья 12. Документация о закупке

1.

Документация о закупке разрабатывается в электронной форме в соответствии с требованиями настоящего Закона и является доступной в полном объеме на безвозмездной основе.

2.

Документация о закупке должна содержать:

1) предмет закупки;

2) метод и способ государственной закупки, окончательный срок подачи предложений поставщиками;

3) общий классификатор государственных закупок на предмет закупок и каждую отдельную закупаемую единицу;

4) инструкцию для поставщиков;

5) требования к документальным доказательствам, которые должны быть представлены поставщиком для подтверждения своих квалификационных данных в соответствии со статьей 23 настоящего Закона, за исключением закупок методом запроса котировок без установления квалификационных требований:

а) стандартных товаров и услуг, в которых запрашивается информация об отсутствии задолженностей по налогам и страховым взносам;

б) работ, в которых документация о закупке включает минимальные требования к квалификации поставщиков, такие как наличие лицензии, квалифицированных сотрудников, схожего опыта и отсутствия задолженностей по налогам и страховым взносам;

6) подробное описание предмета закупок (описание лотов), включая место поставки товара, выполнения работ и оказания услуг и их сроки:

а) технических, качественных, функциональных и эксплуатационных характеристик закупаемых товаров, а также их количество;

б) технические спецификации, проектно-сметная документация на весь объем строительства, государственная экспертиза по проектно-техническим решениям, планы, чертежи и эскизы при закупке работ и услуг, за исключением строительства промышленных объектов в соответствии с законодательством Кыргызской Республики в сфере градостроительства и архитектуры;

в) объемы услуг, которые должны быть предоставлены;

г) требования к обеспечению доступности для лиц с инвалидностью при закупке товаров, работ и услуг, предназначенных для населения либо связанных с оказанием государственных и муниципальных услуг, если такие товары, работы и услуги могут затрагивать права и интересы лиц с инвалидностью.

При закупке проектных и строительных работ, включая реконструкцию и капитальный ремонт, транспортных средств общего пользования, а также информационных систем и цифровых сервисов, требования по обеспечению доступности для лиц с инвалидностью являются обязательными и включаются в документацию о закупке;

7) при закупке неограниченным методом: описание всех критериев, которые используются в оценке предложения поставщиков закупающей организацией/Агентом.

Критерии оценки лекарственных средств должны включать критерии, обеспечивающие наибольшую клиническую безопасность и терапевтическую эффективность для пациента, доказанную установленным способом, и наименьший риск побочных реакций. Для лекарственных средств, применяемых пожизненно, таких как инсулин и другие, дополнительным обязательным критерием является индивидуальная переносимость различными группами пациентов, которым закупаются лекарственные средства;

8) цену (в национальной валюте), которая должна содержать другие элементы, помимо стоимости самих закупаемых товаров и работ, такие как расходы на транспортировку и страхование, уплату таможенных пошлин и налогов и другие расходы, которые могут повлиять на цену.

Закупающая организация/Агент может дополнительно запросить информацию о последующих расходах в течение жизненного цикла товаров;

9) требования к форме, размеру и сроку действия гарантийного обеспечения предложения поставщика и гарантийного обеспечения исполнения контракта;

10) срок действия предложения поставщика;

11) язык или языки, на которых должны быть представлены предложения;

12) требования к уровню квалификации поставщиков и документальным доказательствам, подтверждающим соответствие квалификационным требованиям. Документация о закупке не должна содержать требования к уровню квалификации поставщиков, носящие дискриминационный характер;

13) требование к поставщикам о предоставлении документов, подтверждающих соответствие поставляемых товаров, работ и услуг требованиям процессов производства, хранения, перевозки, реализации, эксплуатации, утилизации в целях исключения недопустимого риска, связанного с причинением вреда жизни, здоровью физических лиц, окружающей среде, в том числе жизни и здоровью животных и растений, имуществу физических и юридических лиц, государственному и муниципальному имуществу, в соответствии с требованиями, установленными техническими регламентами, положениями стандартов или другими документами в соответствии с законодательством Кыргызской Республики;

14) условия банковского сопровождения контракта в соответствии со статьей 49 настоящего Закона;

15) особые условия контракта, которые будут включены в контракт, а также в проект контракта;

16) в случае намерения заключения рамочного соглашения - проект рамочного соглашения с указанием дополнительной информации:

а) о том, что закупка будет осуществляться с использованием процедур рамочного соглашения;

б) о типе и сроке действия рамочного соглашения;

в) о порядке уведомления о предстоящих контрактах в соответствии с этим рамочным соглашением;

г) о возможности и порядке подписания рамочного соглашения поставщиками, не участвовавшими на первом этапе процедур рамочного соглашения.

3.

При формировании документации о закупке допускается разделение закупаемых объемов, количества однородных (однотипных) товаров, работ, услуг на лоты, обеспечивающие максимальную конкуренцию. При этом не допускается деление на лоты товаров, работ, услуг, если не обеспечивается технологическая целостность процессов, техническая и функциональная связанность компонентов, комплектность закупаемых товаров, работ и услуг.

4.

Веб-портал на основании документации о закупке генерирует объявление о закупке в рабочий день. Объявление о закупке не должно содержать буквы или символы, которые способствуют сокрытию объявления в поисковой системе веб-портала.

(В редакции Законов Кыргызской Республики от 25 июля 2023 года № 147, 6 августа 2026 года № 144 )

Кыргызча
Сатып алуулар жөнүндө документтер 1. Сатып алуулар жөнүндө документтер ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык электрондук формада иштелип чыгат жана толук көлөмдө акысыз негизде жеткиликтүү болуп саналат. 2. Сатып алуулар жөнүндө документтер төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) сатып алуунун предметин; 2) мамлекеттик сатып алуунун методун жана ыкмасын, берүүчүлөр тарабынан сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүн; 3) сатып алуулар предметине жана ар бир өзүнчө сатылып алынуучу бирдикке мамлекеттик сатып алуулардын жалпы классификаторун; 4) берүүчүлөр үчүн нускаманы; 5) ушул Мыйзамдын 23-беренесине ылайык өзүнүн квалификациялык маалыматтарын ырастоо үчүн берүүчү тарабынан берилүүгө тийиш болгон документтик далилдерге карата талаптар, квалификациялык талаптарды белгилебестен котировкаларды суратуу методу менен сатып алууларды кошпогондо: а) салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын жоктугу тууралуу маалымат суралган стандарттуу товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн; б) сатып алуу жөнүндө документтери берүүчүлөрдүн квалификациясына коюлуучу лицензиянын, квалификациялуу кызматкерлердин, ушул кесипке окшош тажрыйбасынын болуусу жана салыктар менен камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын жоктугу сыяктуу минималдык талаптарды камтыган иштердин; 6) товарларды жеткирип берүү, жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү жерлерин жана алардын мөөнөтүн кошкондо, сатып алуу предметин толук сыпаттоону (лотторду сыпаттоо): а) сатылып алынуучу товарлардын техникалык, сапаттык, функциялык жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн, ошондой эле алардын санын; б) Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык өнөр жай объекттеринин курулушун кошпогондо, техникалык спецификацияларды, курулуштун бардык көлөмүнө долбоордук-сметалык документтерди, долбоордук-техникалык чечимдер боюнча мамлекеттик экспертизаны, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуудагы пландарды, чиймелерди жана эскиздерди; в) берилүүгө тийиш болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмдөрүн; г) калк үчүн багытталган же болбосо мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга карата талаптар, эгерде мындай товарлар, жумуштар жана кызмат кɵрсɵтүүлɵр майыптыгы бар адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын козгошу мүмкүн болсо. Долбоорлоо жана курулуш жумуштарын, анын ичинде реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо, жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттарын, ошондой эле маалыматтык системаларды жана санариптик сервистерди сатып алууда майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча талаптар милдеттүү болуп саналат жана сатып алуу жөнүндө документке киргизилет; 7) чектелбеген метод менен сатып алууда: сатып алуучу уюм/Агент тарабынан берүүчүлөрдүн сунушун баалоодо пайдаланылган бардык критерийлерди. Дары-дармек каражаттарын баалоо критерийлери пациент үчүн белгиленген ыкма менен далилденген эң жогорку клиникалык коопсуздукту жана терапевтик натыйжалуулукту жана кошумча реакциялардын эң төмөнкү тобокелдигин камсыз кылган критерийлерди камтууга тийиш. Инсулин жана башкалар сыяктуу өмүр бою колдонулуучу дары-дармек каражаттары үчүн кошумча, милдеттүү критерий болуп дары-дармектер сатып алган пациенттердин ар кандай топторунун жеке чыдамдуулугу саналат; 8) транспорттоого жана камсыздандырууга, бажы алымдарын, салыктарды төлөөгө чыгашалар жана баага таасир этиши мүмкүн болгон башка чыгашалар сыяктуу сатып алынуучу товарлардын жана жумуштардын наркынан башка элементтерди камтууга тийиш болгон бааны (улуттук валютада). Сатып алуучу уюм/Агент товарлардын жашоо циклинин аралыгында кийинки чыгымдар жөнүндөгү маалыматты кошумча сурап ала алат; 9) берүүчүнүн сунушун кепилдик камсыздоосунун формасына, өлчөмүнө жана колдонулушунун мөөнөтүнө жана контракттарды аткарууга кепилдикти камсыздоого талаптарды; 10) берүүчүнүн сунушу колдонула турган мөөнөтүн; 11) сунуштар берилүүгө тийиш болгон тили же тилдери; 12) берүүчүлөрдүн квалификациясынын деңгээлине карата жана квалификациялык талаптарга ылайыктыгын ырастоочу документтик далилдерге карата талаптар. Сатып алуулар жөнүндө документтер берүүчүлөрдүн квалификациясынын деңгээлине карата дискриминациялык мүнөздөгү талаптарды камтыбашы керек; 13) берилген товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык регламенттерде, стандарттардын жоболорунда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка документтерде белгиленген талаптарга ылайык жеке жактардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, анын ичинде жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн аман-эсендигине, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүнө, мамлекеттик жана муниципалдык мүлккө зыян келтирүү менен байланышкан жол берилгис тобокелдикти болтурбоо максатында өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу, пайдалануу, утилдештирүү процесстеринин талаптарына шайкештигин ырастоочу документтерди берүү жөнүндө берүүчүлөргө карата талапты; 14) ушул Мыйзамдын 49-беренесине ылайык контрактты банктык коштоо шарттарын; 15) контрактыга, ошондой эле контракттын долбооруна киргизиле турган контракттын өзгөчө шарттарын; 16) алкактык макулдашууну түзүүгө ниеттенген учурда - төмөнкүдөй кошумча маалыматты көрсөтүү менен алкактык макулдашуунун долбоорун: а) сатып алуу алкактык макулдашуунун жол-жоболорун колдонуу менен ишке ашырыла тургандыгы жөнүндө; б) алкактык макулдашуунун тиби жана колдонулушунун мөөнөтү жөнүндө; в) ушул алкактык макулдашууга ылайык алдыдагы контракттар жөнүндө билдирүүнүн тартиби тууралуу; г) алкактык макулдашуунун жол-жоболорунун биринчи этабына катышпаган берүүчүлөр тарабынан алкактык макулдашууга кол коюунун мүмкүндүгү жана тартиби жөнүндө. 3. Сатып алуулар жөнүндө документтерди түзүүдө бирдей (бир типтүү) товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн сатып алынуучу көлөмүн, санын максималдык атаандаштыкты камсыздоочу лотторго бөлүүгө жол берилет. Мында, эгер процесстердин технологиялык бүтүндүгү, компоненттердин техникалык жана функциялык байланышы, сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн комплекттүүлүгү камсыздалбаса, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү лотторго бөлүүгө жол берилбейт. 4. Сатып алуу тууралуу документтердин негизинде веб-портал жумушчу күнү сатып алуулар жөнүндө кулактандырууну иштеп чыгат. Сатып алуу жөнүндө кулактандыруу веб-порталдын издөө тутумунда кулактандырууларды жашырууга жол берген тамгаларды же символдорду камтыбашы керек. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)