Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 16
Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках" · гл. 2Статус: действует

Статья 16. Метод запроса котировок

1.

Метод запроса котировок используется в случае осуществления закупок готовых (стандартных) товаров, несложных (стандартных) работ (текущий ремонт) и услуг, имеющих конкретное описание.

2.

При закупке товаров, услуг методом запроса котировок, не требующих установления квалификационных требований к поставщикам, основным критерием является наименьшая цена, которые приобретаются посредством электронного каталога.

При закупке товаров, работ и услуг, требующих установления квалификационных требований к поставщикам, критериями отбора являются соответствие квалификационным, техническим требованиям и наименьшая цена, которые приобретаются путем публикации объявления на веб-портале.

3.

Для обеспечения конкуренции и эффективного отбора закупающая организация/Агент рассматривает предложения не менее чем двух поставщиков, за исключением закупок, осуществляемых посредством электронного каталога.

(В редакции Законов Кыргызской Республики от 25 июля 2023 года № 147, 6 августа 2026 года № 144 )

Кыргызча
Котировкаларды суратуу метод 1. Котировкаларды суратуу методу даяр (стандарттуу) товарларды, жɵнɵкɵй (стандарттуу) жумуштарды (учурдагы оңдоо) жана конкреттүү сыпаттамасы бар кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүзөгө ашыруу учурунда колдонулат. 2. Берүүчүлөргө карата квалификациялык талаптарды белгилөөнү талап кылбаган товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү котировкаларды сурап алуу методу менен сатып алууда электрондук каталог аркылуу сатып алынган эң аз баа негизги критерий болуп саналат. Берүүчүлөргө карата квалификациялык талаптарды белгилөөнү талап кылган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда квалификациялык, техникалык талаптарга ылайык келүү жана веб-порталда кулактандыруу жарыялоо жолу менен сатып алынуучу эң төмөнкү баа тандоо критерийлери болуп саналат. 3. Атаандаштыкты жана эффективдүү тандап алууну камсыздоо үчүн электрондук каталог аркылуу жүзөгө ашырылуучу сатып алууларды кошпогондо, сатып алуучу уюм/Агент экиден кем эмес берүүчүнүн сунушун карайт. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)