Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 24
Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках" · гл. 2Статус: действует

Статья 24. Антидемпинговые меры при проведении государственных закупок

1.

При предоставлении демпинговой цены более чем 20 процентов от планируемой цены закупающая организация/Агент применяет одну из следующих мер:

1) при закупке товаров запрашивает обоснование предложенной цены и способности участника выполнить контракт на условиях, указанных в предложении поставщика;

2) при закупке работ и услуг увеличивает в полтора раза размер гарантийного обеспечения исполнения контракта, указанный в документации о закупке.

2.

В случае применения пункта 1 части 1 настоящей статьи при закупке товаров, закупающая организация/Агент запрашивает от поставщика:

1) гарантийное письмо от производителя с указанием цены и количества поставляемого товара; или

2) документы, подтверждающие наличие у него товара;

3) (утратил силу в соответствии с Законом Кыргызской Республики от 6 августа 2026 года № 144)

В случае поступления запроса на обоснование предложенной цены и способности участника выполнить контракт поставщик предоставляет обоснование в течение 2 рабочих дней.

3.

В случае непредставления поставщиком обоснования в части предлагаемой цены закупающая организация/Агент отклоняет его предложение. Решение закупающей организации/Агента об отклонении предложения поставщика в соответствии с настоящей частью и причины такого решения заносятся в протокол процедур закупок.

(В редакции Закона Кыргызской Республики от 6 августа 2026 года № 144)

Кыргызча
Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө демпингге каршы чаралар 1. Пландалган баадан 20 (жыйырма) пайыздан ашык демпингдик бааны бергенде сатып алуучу уюм/Агент төмөнкү чаралардын бирин колдонот: 1) товарларды сатып алууда сунуш кылынган баанын негиздемесин жана берүүчүнүн сунушунда көрсөтүлгөн шарттарда катышуучунун контрактты аткаруу жөндөмдүүлүгүн сурайт; 2) жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда контрактты аткарууга кепилдикти камсыздоонун өлчөмүн сатып алуу жөнүндө документтерде көрсөтүлгөндөн бир жарым эсеге көбөйтөт. 2. Товарларды сатып алууда ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту колдонулган учурда, сатып алуучу уюм/Агент берүүчүдөн төмөнкүлөрдү сурайт: 1) өндүрүүчүдөн берилген товардын баасы жана саны көрсөтүлгөн кепилдик катты; же 2) анда товардын бар экендигин ырастаган документтерди; 3) (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Сунушталган бааны жана катышуучунун контрактты аткаруу жөндөмдүүлүгүн негиздөөгө суроо-талап келип түшкөн учурда, берүүчү негиздемени 2 жумуш күндүн ичинде берет. 3. Берүүчү сунушталган баа боюнча негиздеме бербеген учурда, сатып алуучу уюм/Агент анын сунушун четке кагат. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин ушул бөлүккө ылайык берүүчүнүн сунушун четке кагуу чечими, мындай чечимдин себептери сатып алуулардын жол-жоболору протоколуна киргизилет. (КР 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)