Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 33
Закон КР от 19 мая 2018 года № 49 "О недрах" · гл. 4Статус: действует

Статья 33. Лицензия на право пользования недрами на геолого-поисковые работы

1.

Лицензия на право пользования недрами для проведения геолого-поисковых работ предоставляет лицензиату исключительное право на проведение геолого-поисковых работ на заявленные виды полезных ископаемых в пределах лицензионной площади.

2.

Максимальный размер лицензионной площади геолого-поисковых работ не ограничивается.

3.

Лицензиат имеет право сократить лицензионную площадь. Сокращение площади производится по заявлению лицензиата после приема уполномоченным государственным органом по недропользованию информации (отчета) о результатах выполненных работ на сокращаемой площади после рекультивации нарушенных земель. В случае непроведения работ на сокращаемом участке предоставляется акт о ненарушении целостности земель, составленный с участием недропользователя и владельца земельных прав.

4.

При сокращении площади на стадии проектирования представление информации (отчета) о результатах выполненных работ на сокращаемой площади и рекультивация нарушенных земель не требуются.

5.

Лицензиат имеет исключительное право на трансформацию лицензии на право пользования недрами для проведения геолого-поисковых работ в лицензию на право пользования недрами на геологоразведочные работы после сдачи заключительного отчета о проведенных геолого-поисковых работах.

6.

Не взимаются бонус и сбор за удержание лицензии на право пользования недрами за геолого-поисковые работы, проводимые за счет средств государственного бюджета.

7.

Не требуется проведение геолого-поисковых работ на следующие виды полезных ископаемых:

1) песчано-гравийные проявления;

2) суглинки;

3) поделочные камни;

4) подземные воды.

(В редакции Закона КР от 23 марта 2020 года № 29)

Кыргызча
Геологиялык издөө иштерине жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия 1. Геологиялык издөө иштерин жүргүзүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия лицензиялык аянттын чегинде, пайдалуу кендердин билдирилген түрлөрүнө геологиялык издөө иштерин жүргүзүүгө лицензиатка өзгөчө укук берет. 2. Геологиялык издөө жумуштарынын лицензиялык аянтынын максималдуу өлчөмү чектелбейт. 3. Лицензиат лицензиялык аянтты кыскартууга укуктуу. Аянтты кыскартуу лицензиаттын арызы боюнча бузулган жерлерди рекультивациялоодон кийин кыскартылуучу аянтта аткарылган иштердин жыйынтыгы жөнүндө маалыматты (отчетту) жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алгандан кийин жүргүзүлөт. Кыскартылуучу тилкеде жумуштар жүргүзүлбөгөн учурда жер казынасын пайдалануучунун жана жер укуктарынын ээсинин катышуусу менен түзүлгөн жерлердин бүтүндүгүнүн бузулбагандыгы жөнүндө акт берилет. 4. Долбоорлоо стадиясында аянтты кыскартканда кыскартылуучу аянтта аткарылган жумуштардын жана бузулган жерлерди рекультивациялоонун натыйжалары жөнүндө маалымат (отчет) берүү талап кылынбайт. 5. Лицензиат геологиялык издөө иштерин жүргүзүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугунун лицензиясын геологиялык чалгындоо иштери жөнүндө корутунду отчетту тапшыргандан кийин жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияга трансформациялоонун өзгөчө укугуна ээ. 6. Мамлекеттик бюджеттин каражатынын эсебинен жүргүзүлүүчү геологиялык издөө иштери үчүн бонус жана жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн жыйым алынбайт. 7. Пайдалуу кендердин төмөнкүдөй түрлөрүнө геологиялык издөө жумуштарын жүргүзүү талап кылынбайт: а) кум-шагыл заттарына; б) чопо топуракка; в) жасалгалоочу таштарга; г) жер астындагы сууларга. (КР 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)