Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 8
Закон КР от 31 марта 2016 года № 32 "О порядке проведения проверок деятельности органов местного самоуправления" · гл. 2Статус: действует

Статья 8. Внеплановые проверки

1.

Внеплановые проверки деятельности органов местного самоуправления проводятся должностными лицами уполномоченных государственных органов согласно решению (распоряжению, приказу, предписанию) уполномоченного государственного органа после согласования с органами прокуратуры соответствующего района, города. Органы прокуратуры района, города при согласовании внеплановых проверок осуществляют надзор за законностью внеплановых проверок.

2.

Уполномоченный государственный орган направляет в органы прокуратуры соответствующего района, города запрос о проведении внеплановой проверки деятельности органов местного самоуправления до вынесения соответствующего решения (распоряжения, приказа, предписания) о проведении внеплановой проверки.

3.

В запросе о проведении внеплановой проверки должны быть указаны:

1) дата начала и окончания осуществления проверки;

2) наименование и местонахождение органа местного самоуправления, деятельность которого подлежит внеплановой проверке;

3) предмет и основание проверки;

4) перечень наименований нормативных правовых актов, соблюдение и исполнение которых будет проверяться;

5) наименование уполномоченного государственного органа (территориального, структурного подразделения).

4.

Основаниями проведения внеплановых проверок являются:

1) непосредственное обнаружение должностными лицами уполномоченных государственных органов достаточных данных, указывающих на наличие нарушений законодательства органом местного самоуправления, муниципальными служащими;

2) поступившие из правоохранительных органов, а также из других государственных органов, органов местного самоуправления, физических и юридических лиц материалы, информация, содержащие данные, указывающие на наличие нарушений законодательства, совершенных органом местного самоуправления, муниципальными служащими;

3) письменные обращения и заявления физических и юридических лиц, а также сообщения в средствах массовой информации, содержащие данные, указывающие на наличие нарушений законодательства, совершенные органом местного самоуправления, муниципальными служащими.

5.

Обращения, заявления, не позволяющие установить фамилию, имя и адрес места жительства обратившегося в уполномоченный государственный орган, признаются анонимными и рассмотрению не подлежат.

6.

Не допускается проведение внеплановых проверок различными уполномоченными государственными органами по одному и тому же предмету проверки до истечения одного года.

7.

Не допускается проведение внеплановых проверок деятельности органов местного самоуправления, кроме сведений и фактов, указанных в заявлениях, обращениях физических, юридических лиц, а также в материалах и информациях, поступивших в уполномоченный государственный орган.

Кыргызча
Пландан тышкаркы текшерүү 1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландан тышкаркы текшерүүнү тийиштүү райондун, шаардын прокуратура органдары менен макулдашуудан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин (тескемесинин, буйругунун, жазма эскертүүсүнүн) негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары жүргүзөт. Райондун, шаардын прокуратура органдары пландан тышкаркы текшерүүлөрдү макулдашууда сунушталган пландан тышкаркы текшерүүлөрдүн мыйзамдуулугун көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат. 2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү жөнүндө тийиштүү чечимин (тескемесин, буйругун, жазма эскертүүсүн) чыгарганга чейин тийиштүү райондук, шаардык прокуратура органдарына пландан тышкаркы ушул текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө суроо-талабын жиберет. 3. Пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү жөнүндө суроо-талапта төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 1) текшерүүнү жүзөгө ашыруунун башталышынын жана бүткөрүлүшүнүн датасы; 2) иши пландан тышкаркы текшерүүгө жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы жана жайгашкан жери; 3) текшерүүнүн предмети жана негиздөөсү; 4) сакталышы жана аткарылышы текшериле турган ченемдик укуктук актылардын аталыштарынын тизмеги; 5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (аймактык, түзүмдүк бөлүктөрүнүн) аталышы. 4. Пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүүнүн негиздери төмөнкүлөр болуп саналат: 1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, муниципалдык кызматкерлер тарабынан мыйзамдарды бузуулардын бар экендигин көрсөткөн жетиштүү маалыматтарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын түздөн түз табуусу; 2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык кызматкерлер тарабынан мыйзамдарды бузуулардын бар экендигин көрсөткөн маалыматтарды камтыган материалдардын, маалыматтардын укук коргоо органдарынан, ошондой эле башка мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жеке жана юридикалык жактардан келип түшүүсү; 3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык кызматкерлер тарабынан мыйзамдарды бузуулар бар экендигин көрсөткөн маалыматтарды камтыган жеке жана юридикалык жактардын жазуу жүзүндөгү кайрылуулары жана арыздары, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар. 5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген кайрылуунун же арыздын ээсинин фамилиясын, ысымын жана жашаган жеринин дарегин белгилөөгө мүмкүн болбогондо анонимдүү деп эсептелет жана каралууга жатпайт. 6. Бир жыл аяктаганга чейин текшерүүнүн бир эле предмети боюнча ар түрдүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүүсүнө жол берилбейт. 7. Жеке, юридикалык жактардын арыздарында, кайрылууларында, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келип түшкөн материалдарда жана маалыматтарда көрсөтүлгөн маалыматтардан жана фактылардан башка негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жол берилбейт.