Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 13
Закон КР от 31 марта 2016 года № 32 "О порядке проведения проверок деятельности органов местного самоуправления" · гл. 2Статус: действует

Статья 13. Порядок организации проведения проверок уполномоченными государственными органами

1.

Проверка деятельности органов местного самоуправления осуществляется должностными лицами уполномоченных государственных органов.

2.

Проверка деятельности органов местного самоуправления осуществляется на основании решения (распоряжения, приказа, предписания) уполномоченного государственного органа.

3.

В решении уполномоченного государственного органа (распоряжении, приказе, предписании) указываются:

1) номер и дата решения (распоряжения, приказа, предписания) о проведении проверки;

2) наименование уполномоченного государственного органа;

3) фамилия, имя, отчество должностного лица (лиц), уполномоченного на проведение проверки;

4) наименование и адрес органа местного самоуправления, в отношении которого планируется провести проверку;

5) предмет, основание и вид проводимой проверки;

6) перечень наименований нормативных правовых актов, подлежащих к проверке;

7) дата начала и окончания проверки.

В решениях уполномоченного государственного органа о проведении внеплановой проверки дополнительно указывается дата согласования с органами прокуратуры.

4.

Решение (распоряжение, приказ, предписание) о проведении проверки подписывается руководителем уполномоченного государственного органа и удостоверяется печатью. Копия решения (распоряжения, приказа, предписания) вручается руководителю органа местного самоуправления перед проведением проверки.

5.

К проведению проверки могут быть допущены только те лица, которые указаны в решении (распоряжении, приказе, предписании) уполномоченного государственного органа.

Кыргызча
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын текшерүүлөрдү жүргүзүүнү уюштуруусунун тартиби 1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүнү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы тарабынан жүзөгө ашырылат. 2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин (тескемесинин, буйругунун, жазма эскертүүсүнүн) негизинде жүзөгө ашырылат. 3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминде (тескемесинде, буйругунда, жазма эскертүүсүндө) төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 1) текшерүү жүргүзүү тууралуу чечимдин (тескеменин, буйруктун, жазма эскертүүнүн) номери жана датасы; 2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы; 3) текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген адамдын (адамдардын) фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы; 4) текшерүү жүргүзүү пландаштырылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы жана дареги; 5) жүргүзүлө турган текшерүүнүн предмети, негиздөөсү жана түрү; 6) текшерилүүгө жаткан ченемдик укуктук актылардын аталыштарынын тизмеги; 7) текшерүүнүн башталышынын жана бүткөрүлүшүнүн датасы. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечимдеринде прокуратура органдары менен макулдашуунун датасы кошумча көрсөтүлөт. 4. Текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечимге (тескемеге, буйрукка, жазма эскертүүгө) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси кол коет жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт. Чечимдин (тескеменин, буйруктун, жазма эскертүүнүн) көчүрмөсү текшерүү жүргүзүлөөрдүн алдында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине тапшырылат. 5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминде (тескемесинде, буйругунда, жазма эскертүүсүндө) көрсөтүлгөн адамдарга гана текшерүү жүргүзүүгө жол берилет.