Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 12
Закон КР от 31 марта 2016 года № 32 "О порядке проведения проверок деятельности органов местного самоуправления" · гл. 2Статус: действует

Статья 12. Порядок проведения проверок

1.

Проверка деятельности органов местного самоуправления проводится уполномоченными государственными органами с целью выявления, предупреждения и пресечения нарушений законодательства Кыргызской Республики, оказания методической и/или практической помощи органам местного самоуправления.

2.

При выявлении в ходе проведения проверки нарушений законодательства должностное лицо проверяющего органа обязано указать в акте проверки норму законодательства, которая была нарушена, а также разъяснить органу местного самоуправления предмет и суть нарушения указанной нормы законодательства.

3.

После проведения плановой и внеплановой проверки уполномоченный государственный орган вправе проводить контрольную проверку. Контрольная проверка проводится только с целью определения устранения органом местного самоуправления нарушений законности, выявленных плановой, внеплановой проверкой, и не может выходить за рамки данной задачи.

4.

Если в ходе контрольной проверки будет установлено, что нарушения законности, выявленные плановой, внеплановой проверкой, не устранены, то должностное лицо уполномоченного государственного органа определяет меры воздействия на орган местного самоуправления, предусмотренные статьей 25 настоящего Закона, а также в соответствии с законодательством Кыргызской Республики.

Кыргызча
Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби 1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларды айкындоо, алдын алуу жана ага бөгөт коюу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына усулдук жана/же практикалык жардам көрсөтүү максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. 2. Текшерүүнү жүргүзүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуулар айкындалганда текшерүүчү органдын кызмат адамы мыйзамдардын бузулган ченемин актыда көрсөтүүгө, ошондой эле мыйзамдардын көрсөтүлгөн ченемин бузуунун предметин жана маңызын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чечмелеп берүүгө милдеттүү. 3. Пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган контролдук текшерүүнү жүргүзүүгө укуктуу. Контролдук текшерүү пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдө айкындалган мыйзам бузуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан четтетилгенин аныктоо максатында гана жүргүзүлөт жана ушул милдеттин алкагынан чыкпоого тийиш. 4. Эгерде контролдук текшерүүнүн жүрүшүндө пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдө белгилүү болгон мыйзам бузуулар четтетилбесе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына таасир көрсөтүүнүн ушул Мыйзамдын 25-беренесинде каралган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келген чараларын аныктайт.