Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 16
Закон КР от 31 марта 2016 года № 32 "О порядке проведения проверок деятельности органов местного самоуправления" · гл. 2Статус: действует

Статья 16. Порядок оформления результата проверок

1.

По результатам проверки проверяющим должностным лицом уполномоченного государственного органа составляется акт установленной формы в двух экземплярах.

2.

В акте указываются:

1) дата, время и место составления акта;

2) наименование уполномоченного государственного органа;

3) дата и номер решения (распоряжения, приказа, предписания) уполномоченного государственного органа, на основании которого проводилась проверка;

4) фамилия, имя, отчество и должность лица (лиц), проводившего проверку;

5) наименование и адрес органа местного самоуправления;

6) дата, время и место проведения проверки;

7) сведения о результатах проверки, в том числе о выявленных нарушениях законодательства;

8) сведения о проведенной разъяснительной работе проверяющим должностным лицом (лицами) уполномоченного государственного органа по надлежащему исполнению органами местного самоуправления требований законодательства;

9) сведения об оказанной методической и/или практической помощи должностным лицам органов местного самоуправления;

10) сроки устранения выявленных нарушений законодательства;

11) сведения об ознакомлении с результатами проверки руководителя органа местного самоуправления, его подпись; в случае отсутствия руководителя органа местного самоуправления их подписывает лицо, временно исполняющее обязанности руководителя органа местного самоуправления;

12) подпись должностного лица, проводившего проверку.

3.

При наличии к акту прилагаются акты о получении копий, выписок документов, материалов, протоколы проведенных исследований и экспертиз.

4.

Один экземпляр акта с наименованиями полученных копий, выписок документов, материалов, приложений под расписку вручается руководителю органа местного самоуправления.

5.

Независимо от результатов проверки акт подписывается проверяющим должностным лицом и руководителем органа местного самоуправления. В случае несогласия с фактами, изложенными в акте, руководитель органа местного самоуправления обязан подписать акт и произвести запись в акте о своих возражениях.

6.

Письменные объяснения и документы, поясняющие мотивы возражений органа местного самоуправления, дополнительно направляются руководителем органа местного самоуправления в уполномоченный государственный орган в срок до 10 календарных дней со дня получения акта.

7.

В случае несогласия органа местного самоуправления с ответом уполномоченного государственного органа на его возражения орган местного самоуправления обжалует акт результата проверки в вышестоящий уполномоченный государственный орган или суд.

(В редакции Закона КР от 6 апреля 2023 года № 79)

Кыргызча
Текшерүүнүн натыйжасын тариздөөнүн тартиби 1. Текшерүүнүн натыйжалары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын текшерген кызмат адамы тарабынан белгиленген формадагы акт эки нускада түзүлөт. 2. Актыда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 1) актыны түзүүнүн датасы, убактысы жана орду; 2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы; 3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын текшерүүнү жүргүзүүгө негиз болгон чечиминин (тескемесинин, буйругунун, жазма эскертүүсүнүн) датасы жана номери; 4) текшерүүнү жүргүзгөн адамдын (адамдардын) кызмат орду, фамилиясы, ысымы жана атасынын ысымы; 5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы жана дареги; 6) текшерүү жүргүзүүнүн датасы, убактысы жана орду; 7) текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө, анын ичинде айкындалган мыйзам бузуулар жөнүндө маалыматтар; 8) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын текшерүүнү жүргүзгөн кызмат адамынын (адамдарынын) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамдардын талаптарын талаптагыдай аткаруусу жагында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндүгү тууралуу маалыматтары; 9) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына усулдук жана/же практикалык жардам көрсөтүлгөндүгү тууралуу маалымат; 10) айкындалган мыйзам бузууларды четтетүүнүн мөөнөттөрү; 11) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин текшерүүнүн натыйжалары менен таанышкандыгы тууралуу маалыматтар, анын койгон колу; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси болбогон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин милдеттерин убактылуу аткаруучу адам кол коёт; 12) текшерүүнү жүргүзгөн текшерүүчү кызмат адамынын койгон колу. 3. Документтердин көчүрмөлөрү, документтердин үзүндү көчүрмөлөрү, материалдарды алгандыгы тууралуу актылар, жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн жана экспертизалардын протоколдору бар болсо, алар актыга тиркелет. 4. Алынган документтердин көчүрмөлөрүнүн, документтерден үзүндү көчүрмөлөрдүн, материалдардын, тиркемелердин аталыштары жазылган актынын бир нускасы колун койдуруп алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине тапшырылат. 5. Текшерүүнүн натыйжаларына карабастан, текшерүүнү жүргүзгөн кызмат адамы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси актыга кол коет. Актыда баяндалган фактыларга макул болбогон учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси өзүнүн каршы пикирин жазуу менен актыга кол коюуга милдеттүү болот. 6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын каршы пикирлерин жүйөлөштүрүп чечмелеген жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрүн жана документтерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси актыны алган күндөп тартып 10 календардык күнгө чейинки мөөнөттөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кошумча жиберет. 7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын анын каршы пикирине жообу менен макул болбогон учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жогору турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же сотко текшерүүнүн натыйжаларынын актысына даттанат. (КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)