Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 18
Закон КР от 31 марта 2016 года № 32 "О порядке проведения проверок деятельности органов местного самоуправления" · гл. 2Статус: действует

Статья 18. Запрос уполномоченного государственного органа о предоставлении документов и информации

1.

Уполномоченный государственный орган при получении согласия органов прокуратуры для проведения плановой или внеплановой проверки деятельности органов местного самоуправления в период действия сроков проведения данной проверки направляет в орган местного самоуправления запрос о предоставлении копии документов и информации, относящихся к предмету проверки, для изучения их по месту нахождения уполномоченного государственного органа.

2.

Запрос должен содержать перечень документов и информацию, запрашиваемые от органа местного самоуправления, и срок исполнения запроса.

3.

Запрашиваемые документы и информация не должны выходить за рамки предмета проводимой проверки.

4.

Указанные в запросе документы, информация предоставляются в виде копий, заверенных печатью и подписью руководителя органа местного самоуправления. Не допускается требовать нотариального удостоверения копий запрашиваемых документов и информации.

5.

Срок, устанавливаемый уполномоченным государственным органом для предоставления органом местного самоуправления документов и информации по запросу, составляет не менее 5 рабочих дней.

6.

Сокращение уполномоченным государственным органом срока предоставления документов, информации допускается в случаях установления фактов нарушений законодательства, влекущих возникновение чрезвычайных ситуаций, угрозу жизни и здоровью граждан, а также массовые нарушения прав граждан.

7.

Органы местного самоуправления не предоставляют копии запрашиваемых документов, информацию по запросу уполномоченных государственных органов, если эти документы, информация ранее были предоставлены либо официально опубликованы в средствах массовой информации или размещены на официальном сайте органа местного самоуправления. При этом орган местного самоуправления в ответе на запрос сообщает источник официального опубликования или размещения соответствующих документов, информации.

(В редакции Закона КР от 6 апреля 2023 года № 79)

Кыргызча
Документтерди жана маалыматтарды алуу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы 1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишин пландык же пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү үчүн прокуратура органдарынан макулдук алганда, ушул текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтүнүн ичинде, текшерүүнүн предметине тийиштүү документтердин жана маалыматтардын көчүрмөлөрүн алуу үчүн жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жайгашкан жерде аларды иликтөө үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына суроо-талап жиберет. 2. Суроо-талапта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан суралып жаткан документтердин жана маалыматтардын тизмеги жана суроо-талапты аткаруунун мөөнөтү камтылууга тийиш. 3. Суралып жаткан документтер жана маалыматтар текшерүү жүргүзүү предметинин алкагынан чыгууга тийиш эмес. 4. Суроо-талапта көрсөтүлгөн документтер жана маалыматтар мөөр басылып күбөлөндүрүлүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин колу коюлуп, көчүрмө түрүндө берилет. Суралып жаткан документтердин жана маалыматтардын көчүрмөсүн нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылууга жол берилбейт. 5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары суроо-талап боюнча документтерди жана маалыматтарды берүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилей турган мөөнөт 5 жумушчу күндөн кем эмести түзөт. 6. Өзгөчө кырдаалдардын пайда болуусуна, жарандардын жашоо-турмушуна жана ден-соолугуна кооптуулуктун келүүсүнө, ошондой эле жарандардын укуктарынын массалык бузулушуна алып келүүчү мыйзам бузуу фактылары белгиленген учурларда документтерди жана маалыматтарды берүүнүн мөөнөтүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кыскартуусуна жол берилет. 7. Эгерде документтер жана маалыматтар мурда берилсе же болбосо жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланса же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайттарында жайгаштырылса, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар сурап жаткан документтердин жана маалыматтардын көчүрмөлөрүн бербейт. Мында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы суроо-талапка жооп иретинде тийиштүү документтердин жана маалыматтардын расмий жарыяланган же жайгаштырылган булактарын билдирет. (КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 3-глава. Текшерүүлөрдү прокуратура органдары менен макулдашуунун тартиби