Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 3
Закон Кыргызской Республики от 12 марта 2005 года № 49 "О залоге" · гл. 1Статус: действует

Статья 3. Основные понятия

Договор о залоге - договор, по которому одна сторона - залогодержатель, являющийся кредитором по обязательству, обеспеченному залогом (основному обязательству), имеет право получить удовлетворение своих денежных требований к должнику по этому обязательству из стоимости заложенного имущества или вещных прав (предмета залога) другой стороны - залогодателя преимущественно перед другими кредиторами залогодателя за изъятиями, установленными настоящим Законом.

Залогодатель - лицо, обладающее правом собственности или иным вещным правом на предмет залога. Залогодателем может быть сам должник по обязательству, обеспеченному залогом, или третье лицо, не участвующее в этом обязательстве.

Залогодержатель - лицо, чьи требования по основному обязательству обеспечены залогом.

Заложенное имущество - любое имущество, указанное в статье 4 настоящего Закона, предоставляемое в залог.

Движимое имущество - вещи, не относящиеся к недвижимости, включая деньги и ценные бумаги.

Недвижимое имущество - земельные участки, участки недр, обособленные водные объекты и все, что прочно связано с землей, то есть объекты, перемещение которых без несоразмерного их назначению ущерба невозможно, в том числе, леса, многолетние насаждения, здания, сооружения и др.

Регистрация права требования по исполнению обязательств (по договору) в отношении движимого имущества - процедура, осуществляемая в электронной форме, посредством которой право требования по исполнению обязательств (по договору) в отношении движимого имущества регистрируется в Едином государственном реестре прав требования на движимое имущество. Регистрация права требования по исполнению обязательств (по договору) в отношении движимого имущества определяет приоритетное право залогодержателя.

Регистрация прав на заложенное недвижимое имущество - обязательная процедура регистрации прав и обременений (ограничений) на недвижимое имущество, посредством которой ипотека, возникающая на основании закона, или права, вытекающие из договора о залоге недвижимого имущества (ипотеки), регистрируются в Едином государственном реестре прав на недвижимое имущество, в соответствии с требованиями законодательства Кыргызской Республики о государственной регистрации прав на недвижимое имущество. Регистрация залога наделяет предыдущего залогодержателя, зарегистрировавшего залог, преимущественными правами над кредиторами (залогодержателями) последующих залогов на этот же предмет залога, а также по отношению к любым третьим лицам.

Залог недвижимого имущества на основании закона (ипотека в силу закона) - залог, возникающий при приобретении недвижимого имущества с использованием заемных денежных средств (кредита) банка или иной кредитной организации либо средств целевого займа, предоставленного иным юридическим или физическим лицом. Залогодержателем при этом является банк или иная кредитная организация, предоставившая денежные средства (кредит), либо иное юридическое или физическое лицо, предоставившее целевой заем на приобретение недвижимого имущества. К ипотеке в силу закона соответственно применяются правила о залоге, возникающем в силу договора об ипотеке, если законом не установлено иное.

Зарегистрированный залог - залог, прошедший процедуру регистрации в соответствии с главой 2 настоящего Закона.

Уполномоченный государственный орган в сфере регистрации права требования на движимое имущество - государственный орган, действующий в соответствии с настоящим Законом, обязанностями которого является ведение Единого государственного реестра прав требования на движимое имущество и внесение записи в залоговое уведомление на основании заявления залогодержателя, которое регистрируется в Едином государственном реестре прав требования на движимое имущество.

Залоговое уведомление - запись, регистрируемая в Едином государственном реестре прав требования на движимое имущество в электронной форме, содержащая сведения о регистрации, внесении изменений и прекращении права требования по исполнению обязательств (по договору) в отношении движимого имущества.

Заявление - обращение залогодержателя в бумажной или электронной форме, содержащее основную информацию о праве требования по исполнению обязательств (по договору) в отношении движимого имущества, предоставляемое в уполномоченный государственный орган в сфере регистрации права требования на движимое имущество, которое регистрируется в Едином государственном реестре прав требования на движимое имущество. Заявление является основанием для внесения соответствующей записи в залоговое уведомление уполномоченного органа в сфере регистрации прав требования на движимое имущество.

Единый государственный реестр прав требования на движимое имущество - единая электронная база данных зарегистрированных прав требований по исполнению обязательств (по договору) в отношении движимого имущества.

Единый государственный реестр прав на недвижимое имущество - единая государственная система регистрации прав на недвижимое имущество, установленная в соответствии с Законом Кыргызской Республики "О государственной регистрации прав на недвижимое имущество".

Ипотечная закладная - документарная ордерная ценная бумага, удостоверяющая права ее владельца на:

- получение исполнения по денежному обязательству, обеспеченному ипотекой, без представления других доказательств существования этого обязательства;

- получение удовлетворения обязательств, обеспеченных ипотекой, за счет имущества, обремененного ипотекой в порядке, установленном законодательством Кыргызской Республики.

(В редакции Законов КР от 17 декабря 2008 года № 265, 30 марта 2009 года № 98, 12 июля 2011 года № 93, 15 июля 2016 года № 117, 2 августа 2016 года № 163, 24 марта 2021 года № 42)

Кыргызча
Негизги түшүнүктөр Күрөө жөнүндө келишим - бир тарап - күрөө (негизги милдеттенме) менен камсыз кылынган милдеттенме боюнча кредитор болуп саналган күрөө кармоочу ушул милдеттенменин негизинде карызкорго койчу акчалай талаптарын башка тараптын - күрөө кармоочунун, көбүнчө ушул Мыйзам менен белгиленген мүлктү алып коюу иштери үчүн күрөө берүүчүнүн башка кредиторлор алдындагы күрөөгө коюлган мүлкүнүн же буюмдук укуктарынын наркынан артыкчылык менен канагат алууга укук берген келишим. Күрөө берүүчү - менчик укугуна же күрөө жүйөсүнө карата дагы башка буюмдук укукка эгедер жак. Күрөө менен камсыз кылынган милдеттенме боюнча карызкордун өзү же бул милдеттенмеге катышпаган үчүнчү бир жак да күрөө берүүчү болушу мүмкүн. Күрөө кармоочу - негизги милдеттенмелери боюнча талаптары күрөө менен камсыз кылынган жак. Күрөөгө коюлган мүлк - ушул Мыйзамдын 4-статьясында көрсөтүлгөн күрөөгө коюлуучу кандай болбосун мүлк. Кыймылдуу мүлк - акча жана баалуу кагаздарды кошкондо кыймылсыз мүлккө тиешесиз буюмдар. Кыймылсыз мүлк - жер участкалары, кен байлык участкалары, обочолонгон суу объекттери жана жер менен бекем байланышкандардын бардыгы, б.а. өлчөмсүз аларды бир жерден экинчи жерге жылдыруу мүмкүн болбогон объекттер, анын ичинде токойлор, көп жылдык көчөттөр, имараттар, курулмалар ж.б. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо - электрондук формада жүргүзүлүүчү жол-жобо, ал аркылуу кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугу Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталат. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо күрөө кармоочунун артыкчылыктуу укуктарын аныктайт. Күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлк укуктарын каттоо - кыймылсыз мүлккө карата укуктарды жана оордотууларды (чектөөлөрдү) мүлктү каттоонун милдеттүү жол-жобосу; мыйзамдын негизинде пайда болуучу ипотека же кыймылсыз мүлк (ипотека) жөнүндөгү келишимден келип чыгуучу укуктар кыймылсыз мүлк укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Кыймылсыз мүлк укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталат. Күрөөнү каттоо күрөөсүн каттаткан мурдагы күрөө кармоочусуна ушул күрөөнүн жүйөсүнө карата, ошондой эле үчүнчү жактардын кайсынысынын болсо да жасалуучу мамилеси боюнча кийинки күрөөлөрдүн кредиторлоруна караганда мурдагы күрөө кармоочусуна артыкчылыктуу укук берет. Мыйзамдын негизиндеги кыймылсыз мүлк күрөөсү (мыйзам күчүнөн улам келип чыгуучу ипотека) - кыймылсыз мүлктү банктын же башка кредиттик уюмдун карызга алынган акчалай каражатын (кредитин) же болбосо башка юридикалык же жеке жак берген максаттуу карыз каражатын пайдалануу менен сатып алууда пайда болуучу күрөө. Мындай учурда акча каражатын (кредит) берген банк же башка кредиттик уюм же болбосо кыймылсыз мүлктү сатып алууга максаттуу карыз берген юридикалык же жеке жак күрөө кармоочу болуп саналат. Мыйзам күчүнөн улам келип чыгуучу ипотекага, эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, ипотека жөнүндө келишимдин күчүнөн улам пайда болуучу күрөө жөнүндө эрежелер колдонулат. Катталган күрөө - ушул Мыйзамдын 2-главасына ылайык каттоо жол-жобосунан өткөн күрөө. Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - милдеттери Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү жана кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү жана күрөө кармоочунун арызынын негизинде күрөө кабарлоосуна жазууларды киргизүү болуп саналган, Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталган, ушул Мыйзамга ылайык иштөөчү мамлекеттик орган. Күрөө кабарлоосу - кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо, ага өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотулушу жөнүндө маалыматтарды камтыган Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталуучу электрондук формадагы жазуу. Арыз - кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укуктары жөнүндө негизги маалыматты камтуучу, Кыймылдуу мүлккө карата талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталуучу, кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилүүчү күрөө кармоочунун кагаз же электрондук формадагы кайрылуусу. Арыз кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын күрөө кабарлоосуна тиешелүү жазууну киргизүү үчүн негиз болуп саналат. Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри - кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуулардын катталган укуктарынын бирдиктүү электрондук маалымат базасы. Кыймылсыз мүлк укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри - "Кыймылсыз мүлк укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленген кыймылсыз мүлк укуктарын каттоонун бирдиктүү мамлекеттик тутуму. Ипотека күрөөлүгү - анын ээсинин төмөнкүлөргө укугун ырастоочу документтик ордердик баалуу кагаз: - бул милдеттенмелердин бар экендигинин башка далилдерин бербестен, ипотека менен камсыздалган акчалай милдеттенме боюнча аткарууну алууга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ипотека менен оорлотулган мүлктүн эсебинен ипотека менен камсыз кылынган милдеттенмелерди канааттандырууга. (КР 2008-жылдын 17-декабрындагы № 265, 2009-жылдын 30-мартындагы № 98, 2011-жылдын 12-июлундагы № 93, 2016-жылдын 15-июлундагы № 117, 2016-жылдын 2-августундагы № 163, 2021-жылдын 24-мартындагы № 42 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)