Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 14
Закон Кыргызской Республики от 12 марта 2005 года № 49 "О залоге" · гл. 1Статус: действует

Статья 14. Управляющий залогом

1.

Залогодержатель может назначить управляющего залогом своего представителя для осуществления всех прав залогодержателя на заложенное имущество. Управляющим залогом может быть любое физическое или юридическое лицо.

2.

Назначение залогодержателем управляющего залогом осуществляется путем заключения отдельного договора с ним в соответствии с Гражданским кодексом Кыргызской Республики (в т.ч. договор поручения и др.) и включением дополнительного условия о назначении управляющего залогом в договор о залоге.

3.

Информация о назначении либо прекращении полномочий управляющего залогом должна быть направлена залогодателю и в случае зарегистрированного залога предоставлена в местный орган уполномоченного государственного органа по регистрации прав на недвижимое имущество, если предметом залога является недвижимое имущество, если предметом залога выступает движимое имущество, то информация должна быть отражена в залоговом уведомлении в соответствии со статьей 21 настоящего Закона.

(В редакции Закона КР от 15 июля 2016 года № 117)

Кыргызча
Күрөөнү башкаруучу 1. Күрөө кармоочу күрөөгө коюлган мүлк үчүн бардык күрөө кармоочулардын укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн өз өкүлүн күрөөнүн башкаруучусу катары дайындай алат. Күрөөнүн башкаруучусу катары жеке жана юридикалык жактардын кайсынысы болсо да дайындалат. 2. Күрөө кармоочу тарабынан күрөөнү башкаруучуну дайындоо Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык, аны менен өзүнчө келишимди түзүү аркылуу (ошонун ичинде тапшыруу келишими ж.б.) жана күрөө жөнүндөгү келишимге күрөөнү башкаруучуну дайындоо тууралу кошумча шарттарды киргизүү менен жүзөгө ашырылат. Эгерде күрөөнүн жүйөсү кыймылсыз мүлк болуп саналса, күрөөнү башкаруучуну дайындоо же болбосо анын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө маалымат күрөө кармоочуга жиберилүүгө тийиш жана катталган күрөө кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жергиликтүү органына берилген учурда, эгерде күрөөнүн жүйөсү кыймылдуу мүлк болсо, анда маалымат ушул Мыйзамдын 21-статьясына ылайык күрөө билдирмесинде чагылдырылууга тийиш. (КР 2016-жылдын 15-июлундагы № 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)