Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 13
Закон Кыргызской Республики от 12 марта 2005 года № 49 "О залоге" · гл. 1Статус: действует

Статья 13. Страхование

Если законодательство Кыргызской Республики в области обязательного страхования или договор о залоге возлагает на залогодателя обязанность застраховать заложенное имущество, залог будет распространяться на любые права залогодателя по данному страховому полису и залогодержатель имеет преимущественное право удовлетворения своего обеспеченного требования из любой последующей суммы страхового возмещения непосредственно от страховщика и без согласия залогодателя. В указанных случаях залогодатель обязан предоставить залогодержателю страховой полис.

Если законодательством Кыргызской Республики в области обязательного страхования или договором о залоге не предусмотрено иное, залогодатель обязан застраховать заложенное имущество на сумму не ниже размера требования.

Залогодержатель лишается права на удовлетворение своего требования из страхового возмещения, если утрата или повреждение имущества произошли по его вине.

(В редакции Закона КР от 24 апреля 2025 года № 79 )

Кыргызча
Камсыздандыруу Эгерде Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдары же күрөө жөнүндө келишим күрөө берүүчүгө күрөөгө коюлган мүлктү камсыздандыруу милдетин жүктөсө, күрөө ошол камсыздандыруу полиси боюнча күрөө берүүчүнүн кандай болбосун укуктарына жайылтылат жана күрөө кармоочу түздөн-түз камсыздандыруучудан жана күрөө берүүчүнүн макулдугусуз камсыздандырып ордун толтуруунун кандай болбосун кийинки суммасынан өзүнүн камсыз кылынган талабын канааттандырууда артыкчылыктуу укукка ээ. Көрсөтүлгөн учурларда күрөө берүүчү күрөө кармоочуга камсыздандыруу полисин берүүгө милдеттүү. Эгерде Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарында же күрөө жөнүндө келишимде башкача каралбаса, күрөө берүүчү күрөөгө коюлган мүлктү талаптын өлчөмүнөн төмөн эмес суммага камсыздандырууга милдеттүү. Эгерде мүлк анын күнөөсү боюнча жоголуп кетсе же бүлүнтүлсө, күрөө кармоочу өзүнүн талабын камсыздандыруу боюнча ордун толтуруу суммасынан канагаттандыруу укугун жоготот. (КР 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)