Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 11
Закон Кыргызской Республики от 12 марта 2005 года № 49 "О залоге" · гл. 1Статус: действует

Статья 11. Последующий залог заложенного имущества (перезалог)

1.

Имущество, заложенное по договору о залоге в обеспечение исполнения одного обязательства (предшествующий залог), может быть предоставлено в залог в обеспечение исполнения другого обязательства (последующий залог).

Очередность залогодержателей устанавливается на основании данных регистрации в Едином государственном реестре прав требования на движимое имущество и Едином государственном реестре прав на недвижимое имущество с момента возникновения залога, определяемого в соответствии с законодательством о государственной регистрации либо датой заключения договора о залоге при отсутствии его регистрации.

2.

Не допускается включение в договор о залоге положения, запрещающего или ограничивающего последующий залог движимого имущества.

3.

Требования последующего залогодержателя удовлетворяются из стоимости предмета залога после удовлетворения требований предшествующего залогодержателя, если предыдущий залогодержатель, имеющий преимущественное право, в письменной форме не договорился с последующим залогодержателем иначе.

4.

Залогодатель обязан письменно сообщить каждому последующему залогодержателю сведения обо всех существующих залогах данного имущества, а также о характере и размере обеспеченных этими залогами обязательств и обязан возместить убытки, причиненные залогодержателям вследствие неисполнения этой обязанности. При наличии зарегистрированного залогового уведомления сведения о существующих залогах движимого имущества последующие залогодержатели получают из Единого государственного реестра прав требования на движимое имущество в порядке, установленном Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

5.

Залог, который был зарегистрирован первым, считается первоочередным в обеспечении права удовлетворения из заложенного имущества по отношению к любому последующему зарегистрированному залогу. Каждый последующий залог регистрируется в порядке очередности согласно дате и времени регистрации, соответственно, будет считаться залогом следующей очереди по отношению к ранее зарегистрированному залогу.

Если сумма, вырученная от принудительной продажи заложенного имущества, осуществляемой в соответствии с разделом III настоящего Закона, недостаточна для оплаты требований залогодержателей последующих очередей, требования их прекращаются как необеспеченные, несмотря на законность этих требований, если договором о залоге не предусмотрено иное.

6.

Последующий залогодержатель, во владении которого находится заложенное имущество, может продать его путем принудительного обращения взыскания в соответствии с главой 6 настоящего Закона, а если он не является первоочередным залогодержателем, то в соответствии с подпунктом 4 пункта 1 и пунктом 2 статьи 58 настоящего Закона:

1) он обязан известить любого залогодержателя по предшествующему договору залога о своих намерениях продать его;

2) по запросу любого предшествующего залогодержателя он должен передать предыдущему залогодержателю владение заложенным имуществом;

3) если заложенное имущество продано, залогодержатель, ответственный за продажу, прежде всего должен выполнить требования первоочередного залогодержателя (залогодержателей) и только после этого вправе использовать доходы для удовлетворения своих требований.

Если данные требования не выполнены, последующий залогодержатель, который продает имущество, несет ответственность перед любым предыдущим залогодержателем, и такое имущество не будет свободным от зарегистрированных залогов предшествующих залогодержателей, чьи требования сохраняют силу по отношению к любому покупателю заложенного имущества.

7.

Очередность права преимущественного удовлетворения в соответствии с настоящим Законом может быть изменена по письменному согласию залогодержателей.

8.

На предмет залога не может быть обращено взыскание по задолженностям залогодателя перед государственным бюджетом. Требование налоговых органов или решение суда о возмещении убытков располагается только в порядке очередности.

9.

При выдаче ипотечной закладной последующий залог такого имущества ничтожен.

(В редакции Законов КР от 15 июля 2016 года № 117, 2 августа 2016 года № 163, 24 марта 2021 года № 42, 2 августа 2022 года № 76)

Кыргызча
Күрөөгө коюлган мүлктүн кийинки күрөөсү (кайрадан күрөөгө коюу) 1. Күрөө жөнүндө келишим боюнча бир милдеттенмени (мурдагы күрөө) аткарууну камсыз кылуу үчүн күрөөгө коюлган мүлк башка милдеттенмени (кийинки күрөө) аткарууну камсыз кылуу үчүн күрөөгө берилиши мүмкүн. Күрөө кармоочулардын кезектүүлүгү Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги жана Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтардын негизинде мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык аныкталуучу күрөө пайда болгон учурдан тартып же каттоосу жок болсо, күрөө жөнүндө келишим түзүлгөн дата менен белгиленет. 2. Күрөө жөнүндө келишимге кыймылдуу мүлктүн кийинки күрөөсүнө тыюу салуучу же чектөөчү жоболорду киргизүүгө жол берилбейт. 3. Эгерде артыкчылык укугуна ээ болгон андан мурдагы күрөө кармоочу кийинки күрөө кармоочу менен жазуу жүзүндө башкача макулдашпаган болсо, кийинки күрөө кармоочунун талаптары күрөөнүн жүйөсүнүн наркынан мурдагы күрөө кармоочунун талаптары канааттандырылгандан кийин канааттандырылат. 4. Күрөө кармоочу ар бир кийинки күрөө кармоочуга бул мүлктүн болгон бардык күрөөлөрү жөнүндө, ошондой эле күрөөлөр менен камсыз кылынган милдеттенмелердин мүнөзү жана өлчөмү жөнүндө маалыматтарды жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү жана ушул милдеттенмелерди аткарбоонун кесепетинен күрөө кармоочуларга келтирилген чыгымдардын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү. Катталган күрөө билдирмеси болсо, кыймылдуу мүлктүн болгон бардык күрөөлөрү жөнүндө маалыматтарды кийинки күрөө кармоочулар Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте алышат. 5. Биринчи катталган күрөө күрөөгө коюлган мүлктөн канааттануу укугун камсыз кылууда кийин катталган ар кандай күрөөгө карата биринчи кезектеги деп эсептелет. Ар бир кийинки күрөө каттоонун датасына жана мезгилине ылайык кезектүүлүк тартибинде катталат, тиешелүү түрдө, мурдагы катталган күрөөгө карата кийинки кезектеги күрөө деп эсептелет. Эгерде ушул Мыйзамдын III бөлүмүнө ылайык жүзөгө ашырылуучу күрөөгө коюлган мүлктү мажбурлап сатуудан түшкөн сумма кийинки кезекте турган күрөө кармоочулардын талаптарын төлөп берүү үчүн жетишсиз болсо, эгерде күрөө жөнүндө келишимде башкача каралбаса алардын талаптары, бул талаптардын мыйзамдуулугуна карабастан, камсыз кылынбаган талап катары токтотулат. 6. Карамагында күрөөгө коюлган мүлк турган кийинки күрөө кармоочу ушул Мыйзамдын 6-главасына ылайык аны мажбурлап өндүрүп алуу жолу менен сата алат, ал эми эгерде ал биринчи кезектеги күрөө кармоочу болбосо, анда ушул Мыйзамдын 58-статьясынын 1-пунктунун 4-пунктчасына жана 2-пунктуна ылайык: 1) ал күрөөнүн мурдагы келишими боюнча аны сатуу ниети бар экендиги жөнүндө кандай болбосун күрөө кармоочуга билдирүүгө милдеттүү; 2) кандай гана болбосун мурдагы күрөө кармоочунун суроо-талабы боюнча ал мурдагы күрөө кармоочунун карамагына күрөөгө коюлган мүлктү өткөрүп берүүгө тийиш; 3) эгерде күрөөгө коюлган мүлк сатылып кетсе, анын сатылышына жоопкерчиликтүү күрөө кармоочу баарынан мурда биринчи кезектеги күрөө кармоочунун (күрөө кармоочулардын) талаптарын аткарууга тийиш жана андан кийин гана өз талаптарын канааттандыруу үчүн кирешелерди пайдаланууга укуктуу. Эгерде бул талаптар аткарылбаса, мүлктү сатып жаткан кийинки күрөө кармоочу кандай болбосун мурдагы күрөө кармоочулардын алдында жоопкерчилик тартат, мындай мүлк күрөөгө коюлган мүлктү кандай болбосун сатып алуучуга карата талаптары күчүн жоготпогон мурдагы күрөө кармоочулардын катталган күрөөлөрүнөн эркин боло албайт. 7. Ушул Мыйзамга ылайык артыкчылыктуу канааттандыруу укугунун кезектүүлүгү күрөө кармоочулардын жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн. 8. Күрөөнүн жүйөсүнө күрөө берүүчүнүн мамлекеттик бюджет алдындагы карыздары боюнча өндүрүп алуу мүмкүн эмес. Жоготуулардын ордун толтуруу жөнүндө салык органдарынын талабы же соттун чечими кезектүүлүк тартибинде гана жайгаштырылат. 9. Ипотека күрөөлүгүн берүүдө мындай мүлктүн кийинки күрөөсүнүн бар-жогу эсепке алынбайт. (КР 2016-жылдын 15-июлундагы № 117, 2016-жылдын 2-августундагы № 163, 2021-жылдын 24-мартындагы № 42, 2022-жылдын 2-августундагы № 76 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)