Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 54 УПК
УПК КР · гл. 6Статус: действуетредакция 06.10.2026

Статья 54. Сотрудник уполномоченного государственного органа по защите детей

1.

Сотрудник уполномоченного государственного органа по защите детей участвует в деле с момента фактического задержания подозреваемого ребенка или с момента первого допроса ребенка.

2.

Сотрудник уполномоченного государственного органа по защите детей вправе:

1) знакомиться с материалами уголовного дела;

2) приносить жалобы на решения, действия (бездействие) следственного судьи, судьи, суда, прокурора, следователя, сотрудников учреждений исполнения наказаний и участвовать в их рассмотрении.

3.

С момента участия в деле сотрудник уполномоченного государственного органа по защите детей обязан:

1) провести оценку и анализ жизненной ситуации ребенка, по итогам которых составить заключение;

2) составить социально-психологическую характеристику ребенка;

3) разработать меры по социальной, психологической, педагогической реабилитации ребенка, основанные на его заключении;

4) обеспечить информирование ребенка в доступной пониманию для ребенка форме о процессуальных действиях, участником которых является или будет являться ребенок.

5) на основании статьи 473 настоящего Кодекса, с учетом заключения и социально-психологической характеристики ребенка составить список обязанностей, требуемых к выполнению в рамках договора о выведении ребенка из системы уголовного судопроизводства, и внести предложение по сроку их выполнения.

Государственные органы и органы местного самоуправления в рамках своей компетенции обязаны оказать содействие сотруднику уполномоченного государственного органа по защите детей в выполнении обязанностей, предусмотренных в настоящей части.

4.

Сотрудник уполномоченного государственного органа по защите детей также представляет права и интересы потерпевших детей, как в досудебном производстве, так и в суде и пользуется правами и обязанностями, предусмотренными частями 2 и 3 настоящей статьи.

5.

Собранные сотрудником уполномоченного государственного органа по защите детей материалы по его ходатайству приобщаются к делу.

6.

Сотрудник уполномоченного государственного органа по защите детей осуществляет социальное сопровождение ребенка и совместно с органами внутренних дел осуществляет контроль за выполнением ребенком обязательств по договору о выведении ребенка из системы уголовного судопроизводства.

(В редакции Закона Кыргызской Республики от 14 ноября 2025 года № 259)

Кыргызча
Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери 1. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери шектелген бала иш жүзүндө кармалган учурдан тартып же баланы биринчи суракка алган учурдан тартып ишке катышат. 2. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери төмөнкүлөргө укуктуу: 1) иштин материалдары менен таанышууга; 2) тергөө судьясынын, судьянын, соттун, прокурордун, тергөөчүнүн, жаза аткаруу мекемелеринин кызматкерлеринин чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздиктерине) даттанууга жана аларды кароого катышууга. 3. Ишке катышкан учурдан тартып балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) баланын турмуштук кырдаалына баа берүүгө жана талдоо жүргүзүүгө, алардын жыйынтыгы боюнча корутунду түзүүгө; 2) баланын социалдык-психологиялык мүнөздөмөсүн түзүүгө; 3) анын корутундусуна негизделген, баланы социалдык, психологиялык, педагогикалык реабилитациялоо боюнча чараларды иштеп чыгууга; 4) бала катышуучусу болуп саналган же катышуучусу боло турган процессуалдык аракеттер жөнүндө бала үчүн түшүнүүгө жеткиликтүү формада баланын кабардар болуусун камсыз кылууга. 5) ушул Кодекстин 473-беренесинин негизинде, корутундуну жана баланын социалдык-психологиялык мүнөздөмөсүн эске алуу менен кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимдин алкагында аткарылуусу талап кылынган милдеттердин тизмесин түзүүгө жана аларды аткаруу мөөнөтү боюнча сунуш киргизүүгө. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерине ушул бөлүктө каралган милдеттерди аткаруусуна өз компетенциясынын алкагында көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. 4. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери жабырлануучу балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын сотко чейинки өндүрүштө да, ошондой эле сотто дагы жактайт жана ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган укуктардан жана милдеттерден пайдаланат. 5. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери тарабынан чогултулган материалдар анын өтүнүчү боюнча ишке кошо тиркелет. 6. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери баланы социалдык коштоону жүзөгө ашырат жана ички иштер органдары менен бирдикте кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелердин бала тарабынан аткарылышына контролдук жүргүзөт. (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 259 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 7-глава. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучу башка адамдар

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.