Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 17
Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении" · гл. 3Статус: действует

Статья 17. Права и обязанности юридических лиц в сфере общественного здравоохранения

1.

Юридические лица имеют право:

1) получать информацию о санитарно-эпидемиологической обстановке, состоянии среды обитания и актах, регламентирующих вопросы общественного здравоохранения;

2) вносить предложения по обеспечению санитарно-эпидемиологического благополучия населения;

3) на возмещение в полном объеме вреда, причиненного их имуществу вследствие нарушения гражданами, другими физическими и юридическими лицами санитарного законодательства, а также вреда при выполнении профилактических мероприятий.

2.

Юридические лица обязаны:

1) выполнять требования настоящего Закона, а также нормативных правовых актов по его реализации;

2) обеспечивать безопасность выполняемых работ, продукции и оказываемых услуг для здоровья человека, проводить производственный контроль;

3) представлять в установленном порядке документы, подтверждающие происхождение, качество и безопасность для здоровья человека новых видов продукции и технологии ее производства;

4) своевременно информировать население, органы местного самоуправления, органы и организации общественного здравоохранения об аварийных ситуациях, остановках производства, нарушениях технологических процессов, экстремальных природно-климатических ситуациях, создающих угрозу здоровью населения;

5) обеспечить прохождение медицинских осмотров и гигиеническое обучение работников, деятельность которых связана с производством, хранением, транспортировкой и реализацией пищевых продуктов и питьевой воды, воспитанием и обучением детей, коммунальным и бытовым обслуживанием населения;

6) проводить контроль за соблюдением санитарно-эпидемиологических правил и нормативов, минимальных санитарных требований, проведением профилактических (санитарных) мероприятий при осуществлении своей деятельности.

(В редакции Закона КР от 29 октября 2025 года № 245 )

Кыргызча
Юридикалык жактардын коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү укуктары жана милдеттери 1. Юридикалык жактар төмөнкүлөргө укуктуу: 1) санитардык-эпидемиологиялык кырдаал, жашоо чөйрөсүнүн абалы жөнүндө жана коомдун саламаттыгын сактоо маселелерин жөнгө салуучу актылар тууралуу маалымат алууга; 2) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу боюнча сунуштарды киргизүүгө; 3) жарандар, башка жеке жана юридикалык жактар тарабынан санитардык мыйзамдарды бузуунун кесепетинен мүлкүнө келтирилген зыяндын, ошондой эле профилактикалык иш-чараларды аткарууда келтирилген зыяндын ордун толук көлөмдө толтуртууга. 2. Юридикалык жактар төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) ушул Мыйзамдын талаптарын, ошондой эле аны ишке ашыруу боюнча ченемдик укуктук актыларды аткарууга; 2) аткарылып жаткан жумуштардын, продукциялардын жана көрсөтүлүп жаткан кызматтардын адамдын ден соолугу үчүн коопсуздугун камсыз кылууга, өндүрүштүк контроль жүргүзүүгө; 3) продукциялардын жаңы түрлөрүнүн чыгышын, сапатын жана аларды жасоонун технологиясынын адамдын ден соолугу үчүн коопсуздугун ырастоочу документтерди белгиленген тартипте берүүгө; 4) калктын саламаттыгына коркунуч келтирүүчү авариялык жагдайлар, өндүрүштүн токтошу, технологиялык процесстердин бузулушу, экстремалдык жаратылыштык-климаттык кырдаалдар жөнүндө калкка, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коомдун саламаттыгын сактоо органдарына жана уюмдарына өз убагында маалымдоого; 5) иш-аракеттери тамак-аш азыктарын жана ичүүчү сууну чыгаруу, сактоо, ташуу жана сатуу, балдарды тарбиялоо жана окутуу, калкты коммуналдык жана турмуш-тиричилик жактан тейлөө менен байланышкан кызматкерлердин медициналык кароодон өтүшүн жана аларды гигиеналык окутууну камсыз кылууга; 6) өзүнүн ишин жүзөгө ашырууда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин, минималдуу санитардык талаптардын сакталышын, профилактикалык (санитардык) иш-чаралардын жүргүзүлүшүн контролдоого. (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 4-глава. Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө мамлекеттин кепилдиктери